Кореяда той берген кыргыздар: боорсок, кошумча, өкүл ата жана "Кыргыз бийи"

© Фото / Нурбек АбдикаимовКыргызский тамада в Сеуле Медербек Жолдошов
Кыргызский тамада в Сеуле Медербек Жолдошов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөтөн жерде жашап, иштеп, окуп, айтор жан айласы менен жүрсө да өз жашоосун өзү кооздогон мекендештерибиз жок эмес. Мисалы, Түштүк Кореядагы кыргыздар жакшылыктарда чогулуп, кадимкидей той беришет экен. Бири-бирин таап алган жаштар түтүн булатып, бала-чакалуу болуп жатышат.

Медербек Жолдошов Түштүк Кореяга кеткенине бир жыл болду. Сеул шаарында жана ага жакын жерлерде жүргөн мекендештерибиздин тойлору азыр Медерсиз өтпөй калган. Баса, Медербек заводго кадимки жумушчу болуп иштегени барган. Азыр ал ишин тамадалык өнөр менен бирге алып жүрөт. "Бир жыл ичинде онго жакын тойду алып бардым" дейт өзү.

Кыргыздар Кореяда кадимкидей кафе-ресторандарга чогулуп, беш бармак, боорсок жасап, кошумча кошуп, өкүл ата шайлап той өткөрүшөт. Тамада жигит өзүнүн көргөн-билгенин Sputnik Кыргызстандын кабарчысына айтып берди.

— Медербек, Кореяга барып кандайча тамада болуп калдыңыз, кепти ошондон баштасаңыз?

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
— Мен Түштүк Кореяга заводго жөнөкөй эле жумушчу болуп иштейм деп келишим менен кеткем. Бирок Кыргызстанда тойлорду алпарым жүргөндүктөн, кетип жатканда "ал жактагы кыргыздар той береби?" деп сурасам, "ооба" дешкен. Ошондуктан атайын даярданып, костюмдарымды, оюн-зоокко керектүү буюм-тайымдарымды ала кеткем. Барарым менен тааныштар аркылуу сунушталып отуруп, тойлорду алып барып калдым.

— Тойлор көп эле болот бекен?

— Бир жыл ичинде онго жакын той алып бардым. Алардын көбү үйлөнүү тойлор.

— Кыргызстандагы тойлор менен кандай айырмасы бар?

— Бир нерсени айтсам таң каласыңар, бул жактагы кыргыздар тойго бир да мүнөт кечикпей келишет. Анткени, той эң көп дегенде үч саатка созулат, андан ашык отурууга тыюу салынган.

— Ал жагы жаман экен. Кыргыз тойлорунда тостторго эле үч саат кетет да?..

— Тостторду кыскартууга туура келет, башка айла жок. Салтанатты экиге бөлөбүз. Биринчиси — ачылышы, бир саат ичинде куттуктоо сөздөрүн, белек бермейлерди, тааныштырууну бүтүрөбүз. Экинчи бөлүгү эки саатка созулуп, анда тамактанып, коноктор бири-бири менен сүйлөшөт, бийлешет.

— Бөтөн жерде тойго көп адамды кааласаң да чакыра албасаң керек?

Кыргызстанда орточо эсептеги үйлөнүү тоюнун чыгымдары — 200 адамга эсептелген салтанат - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда
— Кайда-ан (күлүп)? Мен алып барган тойлордун биринде эң аз дегенде 50 киши келген. Көпчүлүгү 100 адамдан ашат. Мынча адамды кайдан чогултат дебейсизби? Тойго чакырылган адамдар өздөрүнүн тааныштарын чакыра келишет. Ошентип той ээсин тааныбаса деле өтө көп адам чогулуп калат. Бирок жакшы жери, тааныш эмес адамдар кошумча кошпой эле, өзү жеген тамактын акчасын төлөп кетет. Ал эми тааныштары кадимкидей кошумча кылып, конверт беришет.

— Дасторконго улуттук тамактар коюлабы?

— Той бергендер үйүнөн беш бармак, боорсок, палоо сыяктуу кыргыздын тамактарын жасап барышат. Мунсуз болбойт да бизде. Калгандары ресторандан алынат.

© Фото / Дастан КадырмышовКореядагы кыргыз тойлорунда комуз, аккордеондун коштоосунда жандуу ырдашат
Кореядагы кыргыз тойлорунда комуз, аккордеондун коштоосунда жандуу ырдашат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кореядагы кыргыз тойлорунда комуз, аккордеондун коштоосунда жандуу ырдашат
© Фото / Дастан Кадырмышов"Айпери" бийчилер тобу жана жаш жубайлар
Айпери бийчилер тобу жана жаш жубайлар - Sputnik Кыргызстан
2/4
"Айпери" бийчилер тобу жана жаш жубайлар
© Фото / Нурбек АбдикаимовЖаш жубайлар достору менен
Жаш жубайлар достору менен - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жаш жубайлар достору менен
© Фото / Дастан КадырмышовКыргыз тойлорундагы кесиптештер, жаңы достор.
Кыргыз тойлорундагы кесиптештер, жаңы достор. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Кыргыз тойлорундагы кесиптештер, жаңы достор.
1/4
Кореядагы кыргыз тойлорунда комуз, аккордеондун коштоосунда жандуу ырдашат
2/4
"Айпери" бийчилер тобу жана жаш жубайлар
3/4
Жаш жубайлар достору менен
4/4
Кыргыз тойлорундагы кесиптештер, жаңы достор.

— Үйлөнүү тойлору көп болот деп атпайсызбы, расмий бөлүгү кандай болот экен?

— Никени расмий мыйзамдаштыруу жагын билбейм, бирок бул жакта мечиттер, молдокелер көп эле. Тойдун алдында барып нике кыйдырып келишет. Жаштардын дээрлик бардыгынын ата-энеси Кыргызстанда болгондуктан, бул жактагы эң жакын адамдары куттуктап, сөз сүйлөшөт. Анан кадимкидей эле өздөрү билген, сыйлаган адамдардын арасынан өкүл ата-өкүл апа шайлап алышат.

— Тамадалык кызматыңызга канча акча аласыз?

— Кореяда жашоо өтө кымбат. Ошондуктан мынча же тигинче акча бер деп эч кимди мажбурлабайм. Жол киреме кеткен сумманы айтам, калганын өз көңүлүңөрдөн чыгарып бергиле дейм.

Тамада Вячеслав Мантусов интервью учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кызы Алиянын үлпөт тоюн кыргызча алып барган орус тамаданын сыры
— Кыргызстандагы тойлор ырчы-бийчисиз өтпөйт го. Ал жакта ырчылар жок кантип атасыздар?

— Бул жакта ырчылар жок деп ким айтты? Бар. Жылдыз болбосо дагы комуз, аккордеон, гитаранын коштоосунда жандуу үн менен ырдаган жигиттер бар. Жалаң кыргызча ырларга бийлеген "Айпери" бийчилер тобу бар. Кыргыздар берген тойлордон калбай, бийлеп беришет.

— Баса, антракттарда кандай музыкаларга бийлесиздер?

— Көбүнчө Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи", Самара Каримованын "Ошол да тоолук кыргызбы?" аттуу чыгармаларына жана Гүлжигит Сатыбековдун бардык ырларына бийлейбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0