"Кухня" сериалындагы Айнура мигранттар жөнүндө киного тартылды

© Фото / предоставлено Жаныл АсанбековойАйнура из "Кухни": земляки-сценаристы уложили меня к Вернику в постель
Айнура из Кухни: земляки-сценаристы уложили меня к Вернику в постель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыл Асанбекова "Кухня" тасмасынан кийин аты чыгып, кийин "Вместе навсегда", "Анжелика", "Срочно выйду замуж" сыяктуу бир катар тасмаларга тартылган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Көпчүлүккө орустардын "Кухня" сериялындагы Айнуранын ролунан кийин таанылган кыргыз актрисасы Жаңыл Асанбекова француз режиссеру Гийом Проценконун "Разбуди меня" тасмасында баңги бизнеси менен алектенген аялдын ролун жаратты. Бул тууралуу актриса Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Анын айтымында, тасманын негизги темасы — баңги бизнеси жана миграция.

"Тасма Россияда тартылды. Негизги мазмуну — бул баңги бизнесине билип жана билбей аралашып калган адамдардын тагдыры. Көңүл калуу, муң, пикир келишпестик жана албетте, сүйүү. Аны менен бирге Борбор Азиядан келген мигранттардын жашоосу. Мен Азия өлкөлөрүнүн биринен келген, баңги зат ташып сатуу менен алектенген аялдын образын жаратам. Тасманын тартылышына чоң салым кошкондордун бири Татьяна Петрик дагы биздин мекендешибиз. Өзү кара-балталык. Россияга келип, кино жаатына аралашканына көп болуптур", — деди Асанбекова. 

Кыргызстандык режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине кире албай калды
Маалыматка караганда "Кинотавр-2016" фестивалынын байге ээси болгон "Разбуди меня" тасмасын 2017-жылы Кыргызстандын кинотеартларында көрсөтүү планы дагы каралууда. 

Жаңыл Асанбекова "Кухня" тасмасынан кийин аты чыгып, кийин "Вместе навсегда" (Украина), "Анжелика", "Срочно выйду замуж" сыяктуу бир катар тасмаларга тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0