Instagram социалдык тармагынын aiymaiylchieva аттуу колдонуучунун бетинен тартылып алынган кадр.  Белгилүү бийчи Жан Воинов жана кыргыз жылдыздарынан жаш ырчы Айым Айылчиева

Жан Воинов менен Айым Айылчиева Барселонада тасмага тартылып келишти

578
(жаңыланган 09:34 21.12.2016)
Жан Воинов тартылган тасма Кыргызстанда жаз айларында көрсөтүлөт. Фильмде Жан менен бирге жаш ырчы Айым Айылчиева өз мүмкүнчүлүгүн сынады.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Белгилүү бийчи Жан Воинов менен жакын досу Миша Ем биргелешип тасма тартышууда. Кинонун жарымы Испаниянын Барселона шаарында тартылды. Бул тууралуу бийчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Жандын айтымында, тасманын идеясы, сценарийи Миша Емге таандык, тасманын режиссеру дагы ал. Ал эми Воинов башкы каармандын ролун аткарды. 

"Досум экөөбүздүн чыгармачылык долбоорубуз болгон тасманын аталышы тактала элек. Өткөн жумада Барселонадагы тартуу иштерин аяктап, Бишкекке учуп келдик. Жалпысынан айтсам, тасманын жанры окуялуу комедия, үй-бүлө менен отуруп көрө турган фильм", — деди Воинов. 

Тасмага кыргыз жылдыздарынан жаш ырчы Айым Айылчиева дагы катышты. 

"Айым Айылчиева экөөбүз башкы каармандардын ролун аткарабыз. Андан тышкары, казакстандык бир топ белгилүү адамдар тартылды, азырынча алардын аттарын атабай турайын. Фильм Казакстанда дагы көрсөтүлөт", — деди бийчи. 

Тасманын эмнеге Барселонада тартылганын Жан ал дүйнө жүзүнүн эң көп улуттуу он шаарына киргендиги жана кооз жерлеринин көптүгү менен түшүндүрдү. 

Барселонага болгон сапарында Жан Воинов менен Айым Айылчиева Чемпиондор лигасынын беттешүүсүнө барышкан. Ал жерден "Барсанын" күйөрмандары ырчы кыз колунда кармап жүргөн кыргыз курама командасынын футболкасына кызыгышкан.

578
Белгилер:
кино тасма, Жан Воинов, Барселона
Тема боюнча
"Кухня" сериалындагы Айнура мигранттар жөнүндө киного тартылды
Атай Өмүрзаков баштаган "Адем" бий тобу италиялыктардын оозун ачырды
Киши пианинодо ойноп жатат. Архив

Бишкектин сквериндеги пианинону кайрадан сындырып кетишти. Видео

144
(жаңыланган 11:40 21.10.2020)
Музыкалык аспапты бир ай мурда дагы сындырып коюшкан. Анда күнөөкөрдү "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери жеринен кармашкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ордо калаадагы "Театралдык" сквериндеги пианинону кайрадан сындырып кетишти. Бул тууралуу "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева билдирди.

Анда пианинонун жыгачтары сындырылганын жана баскычтары жакшы иштебей жатканын байкоого болот. Кызматкерлер келгенде музыкалык аспап жерде жаткан.

Бишкек мэриясы башаламандыктын айынан 17 млн. сом чыгым тартты

Эске сала кетсек, бул пианинону бир ай мурда дагы сындырып кетишкен. Аны бүлүндүргөндөр ошол эле жерден "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Күнөөкөрлөр жаңысын сатып берүүнү убадалап, кийинчерээк сөзүнө турушкан.

144
Белгилер:
сындыруу, пианино, Бишкек
Тема боюнча
Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт
Кыздар элекчен менен сүрөткө түшүп жатышат. Архив

Кыргызстанда "Элечек жумалыгы 2020" иш-чарасы башталды

84
Иш-чаранын катышуучулары элечекти Кыргызстандын бир топ аймактарында жана Москва, Абу-Даби шаарларында бир жума башынан түшүрбөй кийип жүрүшмөкчү.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанда "Элечек жумалыгы — 2020" иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Айжан Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай жумалык үчүнчү ирет өтүп жатат.

"Саамалыктын максаты — салттуу баш кийим болгон элечекти күнүмдүк жашоого киргизүү. Жумалыкка 35 аял катышып жатат. Биз аларга элечек ороп беребиз жана аны ошол бойдон белек кылабыз. Алар салттуу баш кийимди бир жума бою башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт", — деди Акылбекова.

Салттуу баш кийимдердин сырлары

Жумалыкка Бишкек шаарынан, Ош облусунун Кара-Суу районунан, Баткен облусунун Лейлек районунан, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан, Жети-Өгүз районунан, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан жана Москва, Абу-Даби шаарларынан аялдар катышмакчы.

84
Белгилер:
баш кийим, элечек, иш-чара, жумалык
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот