Россиянын Голос долбооруна катышып жаткан кыргыз аткаруучусу Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү

Кайрат Примбердиев "Пусть говорят" программасына катышат

1890
(жаңыланган 13:04 21.12.2016)
Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып келет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россиянын "Голос" долбооруна катышып жаткан кыргыз аткаруучусу Кайрат Примбердиев Андрей Малаховдун "Пусть говорят" программасына катышат. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. 

 

 

"22-декабрь, бейшемби күнү Андрей Малаховдун "Пусть говорят" ток-шоусун өткөрүп жибербеңиздер. Бул чыгарылыш музыкалык "Голос" долбооруна арналат. Эфир абдан кызыктуу өтөт", — деп жазды Примбердиев.

Биринчи каналдын эфиринде "Голос" долбоорунун катышуучуларынын көшөгө артындагы жашоосу көрсөтүлөт. 

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып келет. Октябрь айында өткөн "Беттеш" турунда Примбердиев Дима Биландын колдоосу менен кийинки этапка өткөн. Ал эми 10-декабрда Советтер Союзу учурунда популярдуу болгон "Я спросил у ясени" аттуу ырды аткарып жарым финалга өтүп кеткен

"Голос" телешоусу ыр сынактарынан айырмаланып турган долбоор. Ал ырчыны көрбөй угуу, күч сынашуу, нокаут, чейрек финал, жарым финал жана финал сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Финалга чыккан катышуучулар буга чейин тандап алган насаатчылары менен дуэт ырдашат. Долбоорго бул жолу Леонид Агутин, Дима Билан, Полина Гагарина жана Григорий Лепс калыстык кылууда.

1890
Белгилер:
шоу, Андрей Малахов, Кайрат Примбердиев
Тема:
Кыргызстандык аткаруучу Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунда (12)
Тема боюнча
Кайрат Примбердиев "Голос" шоусунун жарым финалына чыкты
Кайрат Примбердиев "Голос" шоусунун чейрек финалына өттү

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

60
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

60
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды
Блокнотко жазган киши. Архивдик сүрөт

Малайлык, музооканада жашаган күндөр. "Ажардын" автору Баялинов жөнүндө 9 факты

176
(жаңыланган 12:40 26.09.2020)
Бул күндөрү кыргыз прозасынын жана кесипкөй котормочулуктун башында турган жазуучу Касымалы Баялинов жарыкка келген. Ал эми быйыл залкар калемгердин 118 жылдыгы белгиленүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги оор тагдырга туш болуп кыйын кезеңдерди башынан өткөргөн улуу инсанды эскерип, анын өмүрү менен чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Орус улутундагы айылдашынан тил үйрөнгөн бала. Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында бардар үй-бүлөдө туулган. Бирок ата-энесинен эрте ажырап, туугандарынын колунда өскөн. Мектептин жоктугунан улам кичинекей Касымалы айылдагы орус улутундагы адамдан сабак алып, күн сайын он сөздөн үйрөнүп, орус тилин өздөштүрүүгө аракет кылган.

Ачылбай калган каттар, жазылбай калган саптар. Кусейин Эсенкожоев тууралуу кызыктуу алты факты

Кытайдагы оор күндөр. 14 жашында эл менен кошо Кытайга качып, окуусун андан ары уланта албай калган. Бөтөн эл, бөтөн жердеги кыйын учурларды жазуучу кийин минтип эскерген: "Малыбыз ашууда кырылып, андан калган бирин-экиси Турпанга келгенде "делбе" чөптү жеп ууланып өлүп, кур алакан калдык. Колубузда бирин-серин гана жандыгыбыз бар. Ошолордон берип уйгурлардын уйкана, музооканаларына баш калкаладык. Жээнбай абам, Сейилкан апам бизге коңшу. Алар уйканада, биз музооканада турабыз. Канчалык жууп, шыпырып, тазалап,  эшигин улам ачып желдетсек да жипкирткен сасык жыт такыр кетпейт. Айла канча! Эшигине кийиз калап, жерине чөп төшөп, ошондо жашап турабыз", — деп жазган өз эскерүүсүндө.

Билимге умтулган өспүрүм. Октябрь революциясынан кийин ал жактан кайтып келгенде малайлык кылып, 1918-жылы Токмокко жөө келет. Курсагын тойгузуу үчүн аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу да болуп жанын баккан. 17 жашында комсомолго кабыл алынып, ошол эле жылы Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курсун аяктаган. Андан соң жарым жылдык педагогикалык курсту окуган. 1925-жылы Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, 1933-жылы Москвада Бүткүл союздук журналистика институтун бүтүргөн.

Уктап жатканда атып кетишкен. Султан Ибраимов тууралуу 10 факты

23 жаштагы редактор. Билим алып жүргөн учурунда бир топ жерде иштегенге да үлгүрөт. 18ге чыкканда Нарында Комсомол комитетинде эмгектенип, 23 жашында Москвадагы Борбордук басмакананын кыргыз бөлүмүнө редакторлук кызматка жиберилет. 1920-30-жылдары төрт жылдай Кыргызмамбастын башкы редактору кызматын аркалаган. Кийин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинде, "Советтик Кыргызстан" басылмасында, согуш жылдары "Ысык-Көл правдасы" облустук гезитинде редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз прозасынын башатында турган. Болочоктогу белгилүү акын жана жазуучу алгачкы ырларын 1920-жылдардын башында жарата баштап, чыгармалары казак, татар тилдеринде окурмандарга сунушталат. 24 жашында улуттун трагедиясы болгон 1916-жылдагы Үркүндүн оор күндөрүн баяндаган "Ажар" аңгемеси жарыкка чыгып, ал чыгармасы менен кыргыз прозасынын баштоочусу катары таанылган. Баялинов андан соң "Бакыт", "Кыйын өткөөл", "Курман жылга" повесттерин, "Боордоштор", "Көл боюнда" романдарын, "Түлкү менен суу", "Чабалекей менен жылан", "Шаифтин аңгемеси", "Мурат" аттуу аңгемелерин жараткан. Эмгектери орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, француз, англис, немис, чех тилдерине которулган, анын айрым чыгармалары азыркыга чейин окурмандардын колунан түшпөй келет.

Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты

Фронтко аттанып, бирок барбай калган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Касымалы Баялинов да башкалар сыяктуу эле аскерге чакыртылып, жоокерлер поездге отургузулган. Бирок бийлик мугалим, кабарчыларды өз жеринде калтыруу чечимин кабыл алып, фронтко кетпей калган. Анын үстүнө көп жыл кургак учук менен алышып жүргөн. Ошол мезгилдери Баялиновдун фин согушуна катышкандыгы үчүн капитан чини болгон.

Кесипкөй котормочу. Калемгер жазуучулуктан сырткары котормочулук менен да алектенген. Ал кесипкөй котормочулардын алгачкыларынан болуп, Максим Горькийдин "Макар Чудра" аттуу аңгемесин, Александр Пушкиндин "Кавказ туткуну", "Руслан менен Людмила" аттуу поэмалары, "Евгений Онегин" романын жана башка бир топ орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Акаевге кеңешчи, Өзбекстанга элчи болгон. Салижан Жигитов тууралуу 9 факты

Өз арабасын өзү тартып... Жаштайынын жетимчиликтин, жокчулуктун азабын тарткан Касымалы өзүнүн күчү менен эле СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун жетектеп, СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Түрдүү бут тосууларга карабай Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп да шайланган.

Министрдин атасы. Кыргыз эл жазуучусу өзүнүн келинчеги менен Башкыртстанда таанышкан. Түгөйлөр баш кошуп эки уул, эки кызды тарбиялап чоңойтушкан. Улуусу Марклен көп жыл маданият тармагында иштеп, Кыргыз ССРинин маданият министри болгонго чейин жетишкен. Кыздарынын бири ЖОЖдо тилчи мугалим болуп иштесе, экинчиси музыкант. Кичүү уулу узак убакыт Автордук укук боюнча бүткүл союздук агенттикте иштеген. Учурда алардын бардыгы пенсияда. Кыргыз эл жазуучусу 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

176
Белгилер:
факты, Касымалы Баялинов, жазуучу, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
Тема боюнча
Уулдуу болууну эңсеп жүрүп... Композитор Калыйбек Тагаев жөнүндө 9 факты
Опера жана балет театрын гүлдөткөн! Марклен Баялиновдун жасаган иштери
Ооруканадагы капельницалар. Архив

Россиядагы ишканада көпүрө урап, кыргызстандыктар жабыркады. Оор абалдагылар бар

0
(жаңыланган 16:13 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, тез жарджам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда.Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү.

0
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам