Кыргызстандык сулуу "Аалам ажары — 2017" сынагына катышат

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш байге ээсине 25 миң доллар тапшырылып, таажы кийгизилет.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргыз-орус славян университетинин студенти Алина Фролова Россияда өтө турган "Аалам ажары — 2017" эл аралык сулуулук сынагынын чейрек финалына өттү. Бул тууралуу сынактын расмий сайтына жарыяланды. 

Катышуучуларга интернет аркылуу кастинг жүргүзүлүп, уюштуруу комитети эки ай ичинде түшкөн арыздарды карап чыккан. Учурда чейрек финалга өткөн сулуулардын тизмеси чыгарылды.

"Алина Фролова Кыргызстандан "Аалам ажары — 2017" сынагынын чейрек финалына өткөн эң биринчи катышуучусу болду", — деп жазылат маалыматта. 

Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат
20 жаштагы Алина Фролова тажрыйбалуу модель. Ал 2014-жылы өзү окуган университетте өткөн сулуулар сынагында баш байгени жеңип алган. Ошондой эле "Кыргызстан сулуусу — 2013" сынагында экинчи орунду ээлеген. Мындан сырткары былтыр Кытайда өткөн "Туризм сулуусу — 2015" дүйнөлүк сынагына катышкан. 

"Аалам ажары — 2017" сулуулук сынагынын катышуучулары жарым финалга өтүү үчүн көрүүчүлөрдүн жетиштүү добушун алуусу керек. Ал эми финалда жеңүүчү калыстар тобунун чечими менен аныкталат. 

Финалдык сынак келерки жылдын экинчи жарымында өткөрүлөт. Баш байге ээсине 25 миң доллар тапшырылып, таажы кийгизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0