КР Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын шайыр күлкүсү, бийик үндүн ээси Гүлнара Тойгонбаева

Гүлнара Тойгонбаева: кызым Күнай сырдашканга жарап калды

1481
(жаңыланган 16:12 25.12.2016)
Бул айымдын "Асылзат" ыры ар бир аялзатынын жүрөгүнөн түнөк тапса, "Күлүп кой" ыры позитивдүү жашоонун символун тартуулап турат. Анан да чет тилде ырдаган ырлары угармандардын колдоосуна алынып келет. Өзгөчө Уитни Хьюстондун ырларын кубулжутканда анча-мынча ырчылар уктай берсе болот.
Ырчы Гүлнара Тойгонбаева көпчүлүк сүйүп уккан "Асылзат" чыгармасын жаңыртууда

КР Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын шайыр күлкүсү, бийик үндүн ээси Гүлнара Тойгонбаева менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. 

Гүлнара айым өтө пунктуалдуу экен. Айткан убакыттан кечикпей, кирип келгенде эле редакциядагылар менен жылуу учурашып жакшы маанай тартуулады. 

— Дайыма күлүп, позитивдүү маанай менен жүрөсүз. Мынча энергияны кайдан аласыз?

— Жан дүйнөм ошондой десем болот. Бирок позитивдүү болгонум менен жабык адаммын. Сырымды көп кишиге төгө бербейм. Кээде эч ким жок жерде жалгыз болгум келет (күлүп). Психологдордун айтуусу боюнча адам күнүнө өзүнө жарым саат убакыт бөлүшү керек экен. 

Эстрадная исполнительница, общественный деятель и директор общественного фонда Арт Булак Гульнара Тойгонбаева во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
КР Эмгек сиңирген артисти, кыргыз эстрадасынын шайыр күлкүсү, бийик үндүн ээси Гүлнара Тойгонбаева: позитивдүү болгонум менен жабык адаммын. Сырымды көп кишиге төгө бербейм. Кээде эч ким жок жерде жалгыз болгум келет (күлүп)

— Чындыгында жеке жашооңуз тууралуу дагы көп айта бербейт экенсиз?

— Эл адамы болгондон кийин жеке жашообузга көптөр кызыгышат. Жеке жашоо мен үчүн ыйык нерсе. Бул нерсеге башкалардын бир кадамы калганда чек коюп турам. Жеке жашоо — бул меники.

— Кызыңыз чоңоюп калдыбы?

— Кызым Күнай алты жашка чыкты. Жан дүйнөсү чыгармачылыкка жакын. Ырдап, бийлегенди жактырат. Өзүмдүн студиямдагы актердук чеберчилик, хореография боюнча сабактарга келет. Угуу жөндөмү күчтүү экенин байкап пианиного да берсемби деп жатам. Мүнөзү мага окшош. Жабылчу жерден жабылып калат (күлүп). 

— Күнай деп аты өзгөчө экен?

— Күнай түрктөрдүн, азерлердин аты экен. Бир телекөрсөтүүдөгү каармандын аты жагып калды. Күндүзү тийип турган күнүм, кечкисин жанып турган айым болсун деп Күнай койдум. Негизи кызым менин жашоомо абдан жакшы нерсени алып келди. Энелик бакыт мынчалык сонун болорун билген эмесмин. Мага ушундай белек тартуулаганы үчүн Кудайга миң мертебе шүгүр. 

Эстрадная исполнительница, общественный деятель и директор общественного фонда Арт Булак Гульнара Тойгонбаева во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Гүлнара Тойгонбаева: кызым менин жашоомо абдан жакшы нерсени алып келди. Энелик бакыт мынчалык сонун болорун билген эмесмин

— Сырымды көп айта бербейм деп калдыңыз. Бук болгондо сырдаша турчу адамдар бардыр?

— Көбүнчө бир тууган эжем, жакын курбуларым менен сырдашам. Айланамда досторум, тааныштарым көп. Кызым деле сырдашканга жарап калды. Кээде бул экөөбүздүн ортобузда эле болсун ээ десем, "макул, макул" деп калат.

— Келиңиз эми чыгармачылыгыңыз тууралуу сүйлөшөлү. Үнүңүз чындыгында өтө бийик, чыгармаларыңыз да өзгөчө. Бирок көп ырларды жарата бербегендей сезилесиз?

— Бул менин чыгармачылыктагы позициям. Чыгармалар аз, бирок саз болушу керек деп ойлойм. Ырларыма абдан кылдат мамиле жасайм. Эски ырлардан алып жатканда дагы оригиналынан бир кыйла жакшы болсо экен дейм. Жаңы ырлардын деле өз жоопкерчилиги бар. Ырдын автору сага эмгегин ишенип берип жаткандан кийин көркүн ачып беришиң керек. Жаш кезибизде талыкпай эле эмгектендик. Бирок чындыгында бир жылдын ичинде репертуарыма жаңы ырларды кошо алган жокмун. Анын да себеби бар.

Былтыр жаздан баштап биринчи улуттук каналдагы талантуу балдардын сынагы "KGтай" долбооруна баш-отум менен кирип кеттим. Ойлоп тапканы дагы, кыйналаганы да өзүм болдум (күлүп). Көбү аталышы бир караганда заманбап, экинчи жагынан тай деп нукура кыргыздын сөзүн берип турат деп айтып калышат. Жаңы иштеп баштаганда бир топ кыйынчылыктар болду. Биринчи сезондогулар Чүй менен Бишкектен катышса, экинчи сезонуна жети дубандан тең келишти. Алыс жерден келгендер көпкө тура албайт экен. Тартуу, даярдануу иштерин бир күндө эле бүтүрүп салгылары келет. Айрымдарынын таланты күчтүү болгону менен тарбияланбаган үн болуп калат. Аларга сабак берип, ыр тандап бериш керек деп чуркап жүрөбүз. Бизде балдарга ылайыктуу ырлар өтө аз. Улуттук каналдын болсо балдар жарашкан ырларды гана ырдаш керек деген талабы бар. Буюрса, өмүрү узак долбоор болооруна ишенем. 

Гульнара Тойгонбаева на праздничном концерте на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык концерт учурунда

— Сынактагы балдар чындыгында абдан талантуу. Атаандашуулар да болот эмеспи, баламды өткөрүп кой деп сурангандар көп болсо керек? 

— Башында балдарды кастингге тандоо турунда, финалында жана алдыңкы орундарды бөлүштүрүү учурунда гана отурам. Кастингдин экинчи бөлүгүнө калыстар тобунун негизги мүчөсүн отургузам. Алар композитор Жамиля Муратова, Ырыскелди Осмонкулов, Айжан Газиева, быйыл жаштардан деп атайын Курал Чокоевди коштук. Колдоо көрсөтүп койгула деп чалышат, ар кимди ортого салышат. Долбоордогу башкы талаптарымдын бири объективдүүлүк. Калыстык жок жерден ишеним да кетет. Балдар, ата-энелер дагы келбей коюшат. 

— Биз сүйүп уккан "Асылзат" ыры кантип жаралып калган?

— Белгилүү орусиялык ырчы Ирина Понаровскаянын "Женщина" деген ыры бар болчу. Радиодон курбум, композитор Райкан Бейшеналиева экөөбүз "У женщины красивая любовь, у женшины красивые глаза" деген саптарын угуп жактырып калганбыз. Асылзат Райкан экөөбүздүн ортобуздан жаралган ыр. Акын Кыялбек Урманбетовго сөзүн жаздырдым. Негизи асылзат деген жерин аялзат деп ырдамакмын. Анан агай "асылзат деп ырдасаң кандай болот" дегенинен макул болдум. Аранжировкасын Райкан Бейшеналиеванын жолдошу Эрик Кадырбаев жасап берген. Ырды эл жакшы кабыл алды, клип кылып тарттырсам андан да жакшы болду. 
Гүлнара Тойгонбаева Уитни Хьюстондун "I will always love you" ырын аткарып берди

— Чет элдик ырларды кайсыл жылдары аткара баштадыңыз?

— Политехникалык окуу жайда студенттик учурумда ырдап баштадым. Биздин институтта Кубадан келген студенттер да бар болчу. Алар менен бизди бириктирип Рафаель Сарлыков агайыбыз "Аммистант" ансамблин түзгөн. Испан тилинен которгондо "ынтымак" дегенди билдирет. Ал кезде испан тилинде ырдоо мода болчу. Ал жактагы революциянерлер Фидель Кастро, Эрнесто Че Геварого арналган ырларды ырдачубуз. Негизи музыкалык угуу жөндөмү бар адамдар тилди да тез өздөштүрүп кетишет. Азыр англис тилин жакшы сүйлөй алам деп айта албайм, ыр жаздырып калсам англисче жакшы билген досторума сөзсүз каратам. 

Эстрадная исполнительница, общественный деятель и директор общественного фонда Арт Булак Гульнара Тойгонбаева во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Гүлнара Тойгонбаева: KGтай долбоорундагы группалар менен дагы көп жактарга барсам деген оюм бар. Негизи чет жакка чыгып келүү ар бир адамга өзүнчө бир ырахат тартуулайт.

— Социалдык тармактардан дагы чет мамлекеттерде жүргөн сүрөттөрүңүздү көбүрөөк жүктөп каласыз?

— Чет жактарга эс алып, кээде жумуштап деле чыгып кетем. Он чакты мамлекетте болдум. Кыялымда Японияга, Кытайга баргым келет. Кытайдын кооз райондоруна ашыгып жүрөм. Австралияда жашаган бир курбум бар. Ал конок болуп кет деп чакырып жатат. Эми ал жакка да барыш керек. KGтай долбоорундагы группалар менен дагы көп жактарга барсам деген оюм бар. Негизи чет жакка чыгып келүү ар бир адамга өзүнчө бир ырахат тартуулайт. Түйшүктөн убактылуу болсо дагы алыстай түшөт экенсиң. Замандаштырама дагы ошону каалап кеңеш берем.

— Стилиңиз тууралуу суроо бергим келип турат. Акыркы жылдары узун көйнөктөрдү көп кийип калдыңыз. Анан дайыма чачыңызды кыска кылып алып жүрөсүз? 

— Узун көйнөктөрдү кийгениме төрт жыл болуп калды. Оригиналдуу, жакшынакай кийинип жүргөндү жактырам. Негизи кийим боюнча жолум жакшы. Биз кичинекей чакта кийим деген дефицит болчу. Апам Гүлнарага өтүк сатып беришим керек эле деп ойлоп жатса, сатуучу кызыңызга ылайыктуу бут кийимдер келди деп сунуштап калчу экен. Айтор апам дагы кийимден жолдуусуң деп айтчу. Азыр деле каалаган кийимимди кыйналбай таап кете берем.

Бала кезимде чачым узун эле болчу. Студенттик кезден баштап кыркып баштадым. Азыркы алып жүргөн чач жасалганы "сенин образыңды ачып турат" деп адистер сунушташкан. 

 Детская фотография Гульнары Тойгонбаевой
из личного архива Гульнары Тойгонбаевой
Жылдыздар да бала болгон...

— Азыр айылыңызга барып турасызбы?

— Балалыгым Кербенде өттү. Ал жактан орус мектепти бүтүргөм. Чындыгында ошол кезде мугалимдер абдан күчтүү болчу. Азыр ойлоп көрсөм өмүрүмдүн көп бөлүгүн шаарда өткөрүп жатыптырмын. Ата-энем каза болуп калган. Жаткан жерлери жайлуу болсун. Ата-энемдин үйүндө кичүү иним жашайт. Алар тирүү кезде жылына эки-үч жолудан барып турчумун. Азыр той, жакшылыктарда эле барып калам.

— Алдыдагы пландарырыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— "KGтай" долбоорун өнүктүрүп, дагы да балдарды тарбияласам дейм. Мага буга чейин устат болуп бериңиз деп жаштар көп кайрылчу. Керек болсо үйгө чейин келишчү. Мен ошолордун каалоосун аткарып жатам деп айта алам. Аны менен бирге чыгармачылыгымды дагы унутта калтыргым келбейт. Кайрадан иштеп чыгып, клип тарттыра турчу ырларым бар. Буюрса келе жаткан жылы концерт берсемби деген ой-максатым бар.

1481
Белгилер:
ыр кесе, ырчы, Гүлнара Тойгонбаева
Тема боюнча
Мерген Турган: жакында кайната болом деп толкунданып жүрөм
Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалап калам

Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт

78
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Документальный фильм Манасчи — одна из первых картин Шамшиева. Рабочий момент съемок
© Sputnik / Александр Федоров

Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү 1964-жылы Ысык-Көл облусунда "Манасчы" тасмасын жаратууда тартылган.

Ал жылы болочоктогу атактуу режиссёр манасчылык өнөр жана Саякбай Каралаев жөнүндө алгачкы тасмасын тартууга киришкен. Эмгек анын Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун бүтүп жаткандагы дипломдук иши эле.

СССРдин эл артисти Болот Шамшиев көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын сценарийин 22 жашымда жазгам, дипломдук ишим болчу. Башында тасма тартуу сунушум менен кайрылсам Саякбай Каралаев каршы болгон эмес. Ошентип жанында эки жылдай жүрдүм. Ал жылдары манасчы башынан оор күндөрдү өткөрүп жүргөн. Уулу Чубак бир баланы бычак менен сайып алып, 14 жылга эркинен ажыратылган эле. Ага карабай өзгөчө өнөр ээси сунушту түшүнүү менен кабыл алган. Анда жарым миллиондон ашык сапты жатка билген манасчы 70 жашта болчу", — деген ал.

Жаш режиссёрдун сценарийине Улуттук илимдер академиясынын академиги, искусство таануучу Азиз Салиев жардамдашкан. Кинофильмди жаратууда операторлук кызматты Нуртай Борбиев менен Александр Петров аткарган.

Болот Шамшиев өмүрүнүн аягына чейин "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууну эңсеп, узак убакыт каржы булактарын издеп, мыкты кинокартинаны көрүүчүлөргө сунуштоого далалат кылган. Анын уулу Чыңгыз Шамшиев атасынын дүйнөдөгү эң ири эпосту экрандаштырууга аракет кылып жүрүп дүйнөдөн өтүп кеткенин айтты.

"Атам кесиби боюнча кинорежиссёр жана документалист, архивдик материал, сүрөт, видео менен иштөөнү мыкты билчү. Ошондуктан ал жараткан эмгектер сөзсүз ийгиликтерди багындырчу. Тартуу иштерине дыкаттык менен даярданып маалымат чогултуп, тарыхчылар менен иштеп, каармандарынын кийим-кечесин, жашоо-турмушун ошол учурдагыга окшоштурууга аракеттенчү. Азыр биздеги көптөгөн режиссёрлорго ошондой аракет, жөндөм жетишпей жатат. Мындан улам фильмдерде бир топ дал келбестиктер, так эмес маалыматтар кетип калууда. Ал эми "Манас" жөнүндө сөз кылсам, атам жазуучунун үй-бүлөсүндө өскөн. Чоң атам Төлөн Шамшиевдин үйүнө Темиркул Үмөталиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Кубанычбек Маликов көп келчү. Алардан элдик оозеки чыгармаларды, эпостор жөнүндө баяндарды угуп чоңойгон. Кийин эгемендүүлүк жылдары ал жөнүндө тасма тартууга аракет кылып акча издеп жүрдү. Көзү тирүү кезинде "Манасты" эң мыкты инсан гана тартыш керек. Бул вазийпаны тарыхты, эпосту билбеген бирөөгө табыштап, элди уят кылбаш керек дечү. Себеби "Манас" ал үчүн ыйык нерсе эле", — деди Чыңгыз Шамшиев.

"Манасчы" даректүү тасмасы Ысык-Көл облусунун Бостери, Ак-Өлөң, Темир айылдарында бир жылда тартылып бүтүп, 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, ошол эле жылы Германиянын Оберхаузен шаарындагы эл аралык сынакта баш байгеге татыган. Кийинки жылы Киевдеги Бүткүл союздук кинофестивалда илимий-популярдуу тасмалар арасында да сыйлыкка ээ болгон.

78
Белгилер:
таберик сүрөт, Болот Шамшиев, режиссер, Саякбай Каралаев, манасчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Москва сахнасында кыргызды даңазалаган залкарлар. Таберик сүрөт
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат

83
(жаңыланган 12:31 02.12.2020)
Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 4-декабрдагы "Манас күнүнө" карата Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде бир сутка бою манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Иш-чара Кыргызстандын бардык аймагынан келген жаш жана белгилүү манасчылардын катышуусу менен өтөт. Манас айтуу 4-декабрь күнү саат 11:00дө башталып, 5-декабрь күнү 11:00дө токтотулат.

Майрамдык салтанатты өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча сарпталбайт. Азем демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен уюштурулат.

Ачылыш аземи атайын театрлаштырылган программа менен коштолуп, "Маданият. Тарых. Тил" каналы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

83
Белгилер:
"Манас Ордо" комплекси, Манас айтуу, Талас
Тема боюнча
Адистер манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдөө үчүн канынан анализ алды
Күүлөнгөн манасчы, күткөн эл. Гиннес китебине кирүүгө ташталган кадамдын сүрөттөрү

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды