Интернетти багындырган кыргыз бийчилеринин бийин бир жарым күндө 6 млн. адам көрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАмерикалык People Are Awesome аттуу популярдуу көңүл ачуучу порталы өзүнүн Facebook баракчасына кыргызстандык "Тумар КР" менен "Адем" топторунун биргеликте аткарган бийи
Америкалык People Are Awesome аттуу популярдуу көңүл ачуучу порталы өзүнүн Facebook баракчасына кыргызстандык Тумар КР менен Адем топторунун биргеликте аткарган бийи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео шаршемби күнү 01.00дө жүктөлгөн. Роликти 118 миң адам жактырып, 68 жолу бөлүшүлгөн. Ал эми комментарийлердин саны 14 миңден ашып кеткен.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Америкалык People Are Awesome аттуу популярдуу көңүл ачуучу порталы өзүнүн Facebook баракчасына кыргызстандык "Тумар КР" менен "Адем" топторунун биргеликте аткарган бийин жүктөдү. "Мутант" бийи социалдык тармактарды багындырууда. 

Видео шаршемби күнү 01.00дө жүктөлгөн болсо бир жарым күндүн ичинде 6,3 миллион колдонуучу көргөн. Роликти 118 миң адам жактырып, 68 жолу бөлүшүлгөн. Ал эми комментарийлердин саны 14 миңден ашып кеткен. 

"Сөөгү жок балдар. Денеси менен колдорун бурап жатканы абдан таң калычтуу", — деп тармактын колдонуучулары жазышкан. 

Аталган видео "Тумар КР" тобунун мурдагы солисти Солто Эсенгулов тарабынан жүктөлгөн. Ал учурда Лос-Анджелесте жашап, La Breakers брейк бийчилер тобунун мүчөсү болуп саналат. 

People Are Awesome популярдуу порталы өзгөчө талантка ээ болгон адамдардын видеосун жарыялап келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0