"МузАман": президенттик аппарат ажонун "Кыргызстаным" ырын бизге сунуштады

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстаным" деп аталган ыры сентябрдын ортосунда коомчулукка сунушталган.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президенттин аппараты "МузАман" тобуна ажонун "Кыргызстаным" ырын жаңы жылда ырдоого сунуштаганын топтун мүчөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган топ аларга мындай сунуш кандайча түшкөнүн айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев жөнүндө 10 факты. Саясаттан энелердин азабына чейин өздөштүргөн ажо
"Буюрса, жакшы жаңылыгыбыз бар. Бир ай мурун президенттик аппараттан жана коомдук биринчи каналдан түзүлгөн коммисия тарабынан ажобуз Алмазбек Атамбаевдин "Кыргызстаным" аттуу ырын аткарып чыккыла деген сунуш түшкөн. Алгач ойлонуп анан, жообун бердик. Анткени бизге чейин ажонун башка ырларын ырдагандарга автордук укукту сакташкан жок деген сөздөрдү айтканын укканбыз. Ошолордун баарын тактап, комиссия силерди тандады дегенден кийин макулдугубузду бердик. Анан ырды жаздырып коммисияга жөнөтсөк ал жактан жактырышыптыр. Бизге чейин ушул эле "Кыргызстанымды" башка ырчылар дагы ырдап көргөндө президент "мен минтип ырдаган эмесмин" дептир. Ошол себептен бизге башында "үтүрүнө дагы тийбей, эч жерин бузбай ырдагыла" деген талап болгон", — деди "МузАман" тобу. 

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстаным" деп аталган ыры сентябрдын ортосунда коомчулукка сунушталган

Атамбаев "Кыргызстанымды" да гитаранын коштоосунда аткарган. 3 мүнөт 40 секундага созулган обондуу ырды өлкөнүн кооз жерлери, Ысык-Көл, Сулайман-Тоо жана карагай черлүү табият тартылган видео коштойт.

Андан сырткары, клипке Төлөмүш Океевдин "Ак илбирстин тукуму" жана Мелис Убукеевдин "Манастын ааламы" тасмаларынын фрагменттери колдонулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0