Кайрат Примбердиев “Голос” долбоорунда жеңишке эки кадам жетпей токтоп калды

© Sputnik / Жоомарт УраимовYoutube видехостингинен Голос / The Voice Russia аттуу тобунан тартылып алынган кадр. Ырчы Кайрат Примбердиев
Youtube видехостингинен Голос / The Voice Russia аттуу тобунан тартылып алынган кадр. Ырчы Кайрат Примбердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Примбердиев үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта Россиянын Биринчи каналындагы "Голос" долбооруна катышып келген.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Голос" долбоорунун финалында атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү аталды.

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Голос долбоорунда. Youtube сайтынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак: Кайрат Примбердиевге үй берилсин!
Эскерте кетсек, долбоор түз эфирде өтүп, MannequinChallenge ("Убакытты токтот") флешмобу менен башталды. Алгач финалга чыккан төрт катышуучу — Кайрат Примбердиев, Дарья Антонюк, Александр Панайотов менен Сардор Милано Умберто Тоццинин “Ti Amo” аттуу чыгармасынын атайын аталган долбоор үчүн орусчаланган вариантын тартуулашты.

Шарт боюнча финалга чыккандар насаатчылары менен бирден ыр ырдап, андан соң өзүнчө бирден чыгарма тартуулашты. Өнөрпоздордун мыктысын Россиянын жашоочулары добуш берүү менен аныктап жатышты.

Сахнага биринчи болуп Сардор Милано менен Полина Гагарина чыгып, россиялык ырчынын “Навек” аттуу ырын аткарып беришти.

Андан кийин эл алдына чыккан Примбердиев бу жолу насаатчысы Дима Билан менен анын “Trouble” аттуу ырын аткарып берди. Чыгарма “Грэмми” сыйлыгынын үч жолку ээси Шейфер Чимер Смитке таандык.

Кыргызстандык ырчынын артынан Григорий Лепс менен Александр Панайотов чыгып, “Я слушал дождь” ырын ырдашты. Андан кийин Леонид Агутин менен Дарья Антонюк насаатчынын калеминен чыккан “Твой голос” ырын ырдап өнөрүн тартуулашты. 

Экинчи айлампада Кайрат Примбердиев Александра Пахмутова менен Николай Добронравовго таандык ”Как молоды мы были” чыгармасын аткарды.

Соло сынагынан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сардор Милано конкурстан четтетилип, Примбердиев эки атаандашы менен кийиинки этапка өттү. Андан соң акырында калган үч ырчы бирден ыр аткарып беришти. Үчүнчү бөлүктө Примбердиев “Unchain My Heart” ырын аткарып, тилекке каршы, сынактан четтеп калды.

Натыйжада Леонид Агутиндин командасындагы Дарья Антонюк биринчи орунду ээлеп, бир миллион сом менен сыйланды. Ал эми экинчиге Лепстин командасындагы Александр Панайотов чыкты.

Кыргызстандык ырчы сентябрь айынан бери Биринчи каналдын "Голос" аттуу музыкалык долбоорго катышууда. 24-декабрда ал Дженнифер Хадсондун версиясындагы белгилүү "And I am telling you" ырын аткарып финалга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0