Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Январдан тарта "Ата-энелер үчүн радио мектеп" программасы уктурула баштайт

Жазылуу
Программада айына эки ирет адистин балдарды эрте өнүктүрүү боюнча маеги сунушталат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Январдан тарта "Кыргыз радиосунун" эфиринде "Ата-энелер үчүн радио мектеп" программасы ишке кирип, бир жыл бою угармандарга тартууланат. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгелери коомдук фондусунун сайтында маалымдалды.

"Долбоор январдан тарта башталат. Анын алкагында күнүнө балдарга тарбия берүү жаатында эки ирет ата-энелер үчүн кеп-кеңештер берилип турмакчы", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, айына эки ирет адистин балдарды эрте өнүктүрүү боюнча маеги сунушталат. 

Максат — баланы кичинесинен тарта тарбиялоо боюнча ата-энелерди пайдалуу кеп-кеңештер менен камсыздап туруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0