Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын архивдик сүрөтү
СССРдин эл артисти, атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт бийчинин атын алып жүргөн Маданият жана искусство университетинин 50 жылдык юбилейине карата дагы уюштурулууда.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда СССРдин эл артисти, атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата концерт өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди. 

Маалыматка ылайык, концерт бийчининин атын алып жүргөн Маданият жана искусство университетинин 50 жылдык юбилейине карата дагы уюштурулууда. 

Маданий иш-чара бүгүн, саат 17:00дө башталат. Кирүү акысыз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0