Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналган "Жүгүргөн туман" кечеси өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поэзия кечеси 20-январда саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында болот.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекованын чыгармачылыгына арналган "Жүгүргөн туман" деп аталган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты. 

Поэзия майрамын аталган фонд Жазуучулар союзу жана Улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелер сериясынын алкагында уюштуруп жатат. 

СССРдин эл артисти, атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленет
Ыр майрам 20-январда саат 17.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында өтөт. 

Акматбекова 1973-жылы Москвадагы Горький атындагы Адабият институтун аяктаган. Анын "Жамгыр" деген алгачкы ырлар жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн. Андан кийин "Алыскы талаалар", "Айлуу дөӊ", "Терезедеги жарык", "Өткөн жылдын жалбырагы", "Күз ырлары", "Күүгүмдөгү күү", "Жан дептер" жыйнактары басылып чыккан.

Акматбекова Басе, Исса, Ли Бо, Ду Фу, Тагор сыяктуу жапон, кытай, чыгыш поэзиясынын улуу классиктеринин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Акын КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамынын, КРдин Жаштар сыйлыгынын, Алыкул Осмонов жана Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктардын ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0