Рэп ырчысы Баястан: Аяна экөөбүздүн мамилебиз сыр бойдон калсынчы…

© Sputnik / Жоомарт УраимовРэп ырчысы Баястан маек учурунда
Рэп ырчысы Баястан маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баястан рэп менен алектенүү ар кандай комплекстен арылууга жардам берерин айтат. Ал рэп деген жөн гана "ие-е" эмес экендиги, рэп аткаруучулар арасында өткөрүлүп келген баттлдын максаты, күйөрмандары жана Аяна Касымова менен болгон мамилеси тууралуу айтып берди.

Бир мезгилде бет кап менен таанылган Тата Улан менен кепканы кыйшайта кийген Добрдын ырларынан кыргыз рэп жанрынын жанданганын көрүп баштаганбыз. Эми алардын ордун Бегиш, Баястан, Каспер өңдүү рэп аткаруучулар басты. Жакынкы убакта "Ага-ини", "Жетиген" аттуу рэп топтору пайда боло баштады. Кыргыз эстрадасынын ырчылары дагы чыгармасына рептин ыргактарын аралаштыра коюп жатышат. Бул көрүнүштөр ата мекендик рептин өнүгүшү эмей эмне?

Рэп ырчысы Баястан жаңы "Теке зыңк" чыгармасын окуп берди

Кыргыз рэп жанрынын тандаган багыты, учурдагы абалы, келечеги тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова рэп ырчысы Баястандан сураштырып көрдү. 

— Азыр жаштардын көбү эстрада жанрына ыктап жатканын билебиз. Сиз эмне себептен рэпти тандап алдыңыз?

Участники музыкальной группы Музаман - Sputnik Кыргызстан
МузАман тобу: бизди бир топко барып калган кишилер деп ойлошот экен
— Рэп адамды өзү тандайт. Негизи мен Балыкчыда төрөлүп, 9-класска чейин ошол жакта окуп, анан шаарга келгем. Бир тууган агам, клипмейкер Мирлан Саткымбаев рэп менен алектенчү. Аганы көрүп ини өсөт деп, 2-3-классымдан баштап мен дагы рэп окуй баштадым. Көчөгө чыгып балдарга окуп берсем алар "оо, сен жакшы окуйт турбайсыңбы" деп отуруп "Көчө" деген каймана ат менен чыга баштадым. Кийинчерээк эле Баястан болдум. 

Рэпти тандап алганымдын дагы бир себеби чет элдик рэп ырчылар 50 cent менен Эминемди көрүп таасирлендим. Балыкчыда шөлбүрөгөн кийим кийип, кепканы кыйшайта башка кондурган мен эле болчумун. Жердештерим таарынбасын, бирок Балыкчы мурун айыл эле болчу. Элдин баары көзүнүн кыйыгы менен "эмне деп кийинип алган" деп карашчу. 

— Анан ата-энеңиз бул кадамыңызды кандай кабыл алды?

— Айылда компьютердик клуб ачылганда апам мени үйрөнсүн деп жиберип турчу. Мен ал жактан чет элдик хип-хоп жылдыздарынын ырларын угуп, видеолорун көрүп отура берчүмүн. Үйдөгүлөр мени эркин кармашчу. Бул өнөрүмдү деле колдоп, жылуу сөздөрүн айтып турушат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБаястан: айылда компьютердик клуб ачылганда апам мени үйрөнсүн деп жиберип турчу. Мен ал жактан чет элдик хип-хоп жылдыздарынын ырларын угуп, видеолорун көрүп отура берчүмүн
Юный рэпер Ботоканов Баястан - Sputnik Кыргызстан
Баястан: айылда компьютердик клуб ачылганда апам мени үйрөнсүн деп жиберип турчу. Мен ал жактан чет элдик хип-хоп жылдыздарынын ырларын угуп, видеолорун көрүп отура берчүмүн

— 2005-жылдан тарта Тата Уландын, кийин Добрдын, анан Бегиш экөөңөрдүн ырларыңарды тыңдап калдык. Азыр силерди көрүп таасирленген жаштар да бар экен. Ошондо рэп жанры өнүгүү жолуна түштү деп айтсак туура эле болобу?

— Рэптин чеги жок деп айтылат. Бегиш, Каспер үчөөбүз "Ага-ини", "Жетиген", "Заманбап" топторун түзгөнбүз. Биз кыргыз тилинде гана окуйбуз. Добрдын стили такыр башкача. Аныкы кыпкыргызча вариант. Биздики амарикалык рэптин стилине үндөш. Биз бир ыргакка көп сөздөрдү кошобуз. Бул жерде тактика, техника деген башка. Жакында эле Жалал-Абадга барып кыргыз рэперлеринин "Курултай" аталышындагы концертин коюп келдик. Ал жакта жети жаштагы Имангазы деген бала бар экен. Талантына баа бердик, биздин ар бир ырды жатка билет экен. Буюрса, Имангазыга окшогон жаштардын келечеги алдыда деп ишенем.

— Биздин рэперлердин арасында дагы баттл болот деп угабыз. Анын эрежеси кандай?

— Эки жыл мурун "45 сек" деген баттл бар болчу. Тема берилет ошого жараша 45 секунддун ичинде сөздү уйкаштыра рэп окушуң керек. Акындар музыканын ыргагы жок эле өнөрүн тартуулашы мүмкүн, биз болсо ыргакка келиштирип сөз менен беребиз. 

Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кененсаров: Жогорку лигага чейинки жол тозокту жети жолу айланып чыккандай
Башкы эрежеси — сөгүнбөйсүң. Теманы ачып кийинки деңгээлге өтөсүң. Баттл үч жанрда жүргүзүлөт. Азыр "Трое разных" деген рэперлер бар. Мурда "No comment" деген аталышта узун бойлуу эки орус улутундагы рэпер чыгып жүрчү. Азыр ошолор таймаш өткөрүшөт. Мында өзүңдүн трегиңди жазып биздин почтага жибересиң. Отуруп алып тандап баттлга чукул жолдомо беребиз. Баттл көбүнчө клубдарда өткөрүлөт. Төрт рэп аткаруучу өтүп, экиден трек ырдаганда алып баруучу элдин сынына коет. Аягында эркин баттлга өтүп, финалга чыгышат. Азыр бир айда бир өткөрүлөт. Баттлга группа менен же жалгыз катышса болот. 

— Ал баттлдын максаты эмне? Көңүл ачуубу же өнөр сынашуубу?

— Биринчиден, өлкөдө хип-хоп маданиятын өнүктүрүү. Маселен америкалык рэперлер тректерди сөгүнүп-сагынып таштай берет. Биз болсо маанисин түшүнбөй жыргап уга беришибиз мүмкүн. Бирок тексттерин которуп окуп көрсөң биздин менталитетке туура келбеген көп нерселер бар. Ошондуктан рэпти кыргыздын менталитетине тууралап тартуулап келебиз. 

Максаты — бул жанрды элге таанытуу. Рэп менен адам өзүнүн комплекстеринен арылса болот. Маселен мен кичинекей кезимде абдан тартынчаак болчумун. Рэп окуп баштаганда ичимдеги мени кысып турган нерселерден бошоно баштагам. Биз кыргыздар бир аз түнт, тартынчаак келебиз. Бул адамды артка тартат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБаястан: рэп — олутуу нерсе. Ал жөн гана биз түшүнгөндөй "ие-е" эмес. Америкада азыр хип-хоп жанры биринчи орунда турат. Рэпте үн маанилүү деле эмес. Бул жерде сөздүн жазылышы, өзгөчө стиль менен кулакка жагымдуу жеткирүү болуп саналат
Юный рэпер Ботоканов Баястан - Sputnik Кыргызстан
Баястан: рэп — олутуу нерсе. Ал жөн гана биз түшүнгөндөй "ие-е" эмес. Америкада азыр хип-хоп жанры биринчи орунда турат. Рэпте үн маанилүү деле эмес. Бул жерде сөздүн жазылышы, өзгөчө стиль менен кулакка жагымдуу жеткирүү болуп саналат

— Ошондо рэп жанрын өздөштүрөм дегендер үчүн эмне маанилүү?

— Рэп — олутуу нерсе. Ал жөн гана биз түшүнгөндөй "ие-е" эмес. Америкада азыр хип-хоп жанры биринчи орунда турат. Рэпте үн маанилүү деле эмес. Бул жерде сөздүн жазылышы, өзгөчө стиль менен кулакка жагымдуу жеткирүү болуп саналат. Көбү музыкага көз каранды. 

— Рэп аткаруучуларга биздин элдин талабы кандай? Силерди дагы той-кечелерге чакырышабы?

— Азыр чакырып калышты. Көбүнчө жаштар чыгып бийлеп, сүрөткө түшкөнгө ашыгышат. Ал эми улуу муундагылар кечке тиктеп карап калышат. Бир жолу рэп окуп жатсак бир "аташка" келип колго бешти чаап, чөнтөккө колду салып акча берген. Биз мындай учурда абдан кубанычта болобуз. Рэп менен каражат табуу азыр кыйын болуп жатат. Ошентсе да эмгектене берсек, кийин үзүрүн көрөбүз деп ойлойм. Канча кыйналсак дагы өтөсүнө чыгабыз. 

— Рэп менен каражат табуу кыйын болсо сизге материалдык жактан ким жардам берет?

Эстрада ырчысы Нурмат Садыров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Нурмат Садыров: жашоодогу "торгоюмду" таба элекмин
— Акыркы эки жылдан бери Бегиш экөөбүздүн каражатыбыз жакшы боло баштады. Биринчиден биз той ырчысы эмеспиз. Ар бир ырыбыз үчүн 200 доллардан чогулта албайт экенбиз. Сыр эмес, каражат жагынан ата-энем жардам берип турат. Өзүм кыргыз-орус славян университетинин медицина факультетинин педиатр бөлүмүндө окуйм. Быйыл бешинчи курс болмокмун, былтыр жеке концертибизге байланыштуу академия алгам. 

— Анан кесибиңиз боюнча иштейин деген оюңуз барбы?

— Медициналык факультетте окуу кыйын. Шумдук окуйм дебейм, аракет кылам. Азырынча билбейм. Келечекте дарыкана ачсамбы деген планым бар. Кичинекей балдарды абдан жакшы көрөм. Инстаграмда бөбөктөр менен түшкөн сүрөттөрүм абдан көп. Балдарга жакынмын, алар дагы мага тартылып турат. Кээде бекеринен педиатрлыкты тандабаптырмын деп ойлоп калам. 

— Сиз тандем болуп жүргөн Бегиш экөөңөрдүн чыгармаларыңар абдан көп. Бегиш менен кантип таанышып калгансыздар? Достуктан сырткары чыгармачылыкта атаандашуулар, пикир келишпестиктер болобу?

— Биз биринчи доспуз, андан кийин кесиптешпиз. Сөздөрдү Бегиш жазат, мен бүтүрөм же тескерисинче болуп калат. Бегиш менин күзгүм, ал жок кезде айтып алайынчы (күлүп). Биз бири-бирибизди толуктап турабыз. Мен интервьюларга бара албай калсам, ал барат. Урушуп кетип сүйлөшпөй да калган учурлар болгон. Көбүнчө жазылган чыгармаларга байланыштуу кер-мур айтыша кетебиз. Кээде бир ойду айталы деп ойлонуп жатып бир убакта чогуу айтып калабыз. Окумуштуулар 25 жыл бир адамдын жанында жүрсөң сөз менен эмес, ой менен бири-бириңди түшүнүп каласың деп айтканы чын окшойт. 

— Бегиш экөөңөрдүн күйөрманыңар көп экендиги маалым. Алар көбүнчө силерди жактырабы же чыгармаңардыбы?

— Бегиштин үнү абдан жагымдуу, чыныгы талант десем болот. Мен тырышып жатып эле ушул деңгээлге жетип алгам. Бегиштин биринчи ырын угуп, өзүнө көңүл бурушат. Мени көбүнчө кыздар инстаграмдан көрүп анан ырларымды угушат. Ошондуктан Бегиш экөөбүз бири-бирибизди толуктап турабыз. Менин күйөрмандарым кыздар болсо, Бегиштики эркектер болуп кетет (күлүп). 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБаястан: Бегиштин биринчи ырын угуп, өзүнө көңүл бурушат. Мени көбүнчө кыздар инстаграмдан көрүп анан ырларымды угушат. Ошондуктан Бегиш экөөбүз бири-бирибизди толуктап турабыз
Юный рэпер Ботоканов Баястан - Sputnik Кыргызстан
Баястан: Бегиштин биринчи ырын угуп, өзүнө көңүл бурушат. Мени көбүнчө кыздар инстаграмдан көрүп анан ырларымды угушат. Ошондуктан Бегиш экөөбүз бири-бирибизди толуктап турабыз

Эсиңерде болсо керек "sexy sexy" ыры менен таанылган Арман биздин менеджер болгон. Ага социалдык тармактардан биздин номерлерди, ырларды сурап тажатышат экен. Бул нерсе үчүн кубанычтабыз, бизге жагат, дайыма күйөрмандарды таарынтпагана аракет жасайбыз. 

— Жеке жашооңуз тууралуу суроо узаткым келип турат. Эл оозундагы "Баястан менен Аяна Касымова кыз-жигит" деген сөздөр көптөн бери айтылып жүрөт. Атүгүл жанаша түшкөн дагы сүрөттөрүңүз социалдык барактарга тарап кеткен. Сиздин оюңуз?

— Ортобуздагы мамиле… эми жакшы эле. Көп жерден чогуу жүрүп калабыз. Мен Аянаны карындашым катары карайм, жакшы көрөм. Дайыма жардам бергенге аракет жасайм. 

— Мамилеңиздер достуктан өйдө турат десем жаңылышпаймбы?

— Балким. Бул сыр бойдон эле калсынчы. 

— Рэпте канча жашка чейин болоюн деген оюңуз бар?

— Карыганга чейин эле окуй берсем керек. Снуп Догг менен Эминемдер 45 жаштан өтүп калды. Бек Борбиев деле ырдап жүрбөйбү, мен деле рэпти окуй берем. Ал кезде рэптин башка деңгээлине көтөрүлүп калсак керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0