Ак Илбирс улуттук кино сыйлыгынын статуэткалары. Архивдик сурот

"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталды

81
(жаңыланган 09:58 25.01.2017)
Конкурска өткөн жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгына эмгектерди кабыл алуу башталганын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Сүтак тасмасынын башкы каарманы Табылды Актанов Ак Илбирс улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи учурунда.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маалыматка ылайык, бул конкурска 2016-жылы тартылган бардык жанрдагы тасмалар катышып, эмгектерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланат. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде "Манас" кинотеатрында болот.

Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — "Борбор Азиядагы мыкты актер" жана "Борбор Азиядагы мыкты актриса" кошулган.

"Мыкты тасма" номинациясы үчүн "Асман алдында", "Биртууганчик" жана "Сүтак" фильмдери ат салышмай болду.

Номинациялардын тизмеси:

  • "Мыкты тасма"
  • "Мыкты режиссер"
  • "Мыкты сценарий"
  • "Мыкты оператор"
  • "Мыкты художник"
  • "Мыкты композитор"
  • "Мыкты үн режиссеру"
  • "Мыкты монтаж"
  • "Эркектин мыкты ролу"
  • "Аялдын мыкты ролу"
  • "Мыкты даректүү тасма"
  • "Мыкты кыска метраждуу тасма"
  • "Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма"
  • "Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн"
  • "Борбор Азиянын мыкты тасмасы"
  • "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн"
  • "Борбор Азиядагы мыкты актер"
  • "Борбор Азиядагы мыкты актриса"

81
Белгилер:
сынак, кино тасма, "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы
Тема боюнча
"Ата керээзи" тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине кире албай калды
Роналду жөнүндө тартылган "Эль Классико" тасмасы "Оскарга" көрсөтүлдү
Кыска метраждуу тасмалар фестивалында 26 фильм ат салышат