Малаховдун "Пусть говорят" программасына катышкан MC_Doncha элдин боорун эзди

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с сайта Первого канала программы "Пусть говорят". Кыргызстанский вайнер Данияр Токтомаметов и певец Тимати
Снимок с сайта Первого канала программы Пусть говорят. Кыргызстанский вайнер Данияр Токтомаметов и певец Тимати - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теле берүүнүн кезектеги чыгарылышы интернет жылдыздарына арналып, шаршемби күнү кечинде эфирден көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандык вайнер Данияр Токтомаметов (MC_Doncha) Андрей Малаховдун "Пусть говорят" программасына катышты.

Теле берүүнүн кезектеги чыгарылышы интернет жылдыздарына арналып, шаршемби күнү кечинде эфирден көрсөтүлдү. Конок катары атактуу рэперлер Тимати, Доминик Жокер, ырчы Олег Газманов, актриса Анна Семенович жана шоумен Александр Ревва катышты.

"Көз жаш өйдө көздөй ага турганы менин оюма да келген эмес. Ушул өзгөчөлүк үчүн видеону өз баракчама бөлүштүм", — деди Тимати суроого жооп берип жатып.

MC_Doncha лакап аты менен белгилүү Токтомаметовдун "Слезы тикли вверх" аттуу ыры россиялыктарды да кайдыгер калтырган эмес. Тимати, Jah Khalib, "А-Студио" тобунун аткаруучусу Кэти Топурия видеону өздөрүнүн Instagram баракчасынан бөлүшкөн. Андан сырткары, Михаил Галустян дагы жылуу пикирин билдирген.

MC_doncha менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистинин маегин төмөнкү шилтемеден окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0