Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам

© Sputnik / Табылды КадырбековЗвезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов
Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Эмгек сиңирген артисти, өнөрлүү кыргыз элин ыр менен баккандардын бири, эл аралык сынактардын жеңүүчүсү, тармал чачы менен айырмаланган ырчы Ырыскелди Осмонкулов 49 жашта.
Ырыскелди Осмонкулов Асанкалый Керимбаевдин "Муңдашым Мунар, кайдасың" ырын аткарып берди

"Өз мезгилинде эмгектенип, чыгармачылыкты терең баалаган адамдарды эстеп турбаса унулутуп калат " деген талантуу инсан менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

Туулган күн мен үчүн…

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
— Жыл өткөн сайын көз караш өзгөрөт экен. Окшош өткөн туулган күндөн да тажап кеттим. Бир күнү Нурдин деген досум чыгармачыл адамдарды топтоп бильярд боюнча турнир өткөрбөйлүбү деп калды. Ошондон бери салтты улап турнир өткөрүп келе жатканыбызга быйыл он бир жылдын жүзү болуптур. Бул ыкма мага жакты. Көптөн бери көрүшпөй жүргөн достордун, алыстап кеткен туугандардын, жолукпай жүргөн чыгармачыл адамдардын башы биригет экен дегендей.

Жашым өтүп баратат деп кейибейм. Сүйгөн музыкамдын, жаркылдаган үй-бүлөм, жакындарым, туугандарымдын курчоосундамын. Менимче ар бир адам сүйгөн кесибин тапканда гана жашы тууралуу ойлобой, тескерисинче, майын чыгара иштеп калайын деп тырышса керек.

Тост айтып жатса, мас болуп уктап калып…

— 2003-жылы Андрей Энгелман деген кыргыз жараны, талантуу сүрөтчү туулган күнүмдө бир тасмасын белекке берген. Жыл сайын ошону көрүп терең философиялык ойго сүңгүйм. Каалоо-тилектин да мазмунуна өтө терең маани берем, үйгө барып кечке ойлоном. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрыскелди Осмонкулов: жашым өтүп баратат деп кейибейм. Сүйгөн музыкамдын, жаркылдаган үй-бүлөм, жакындарым, туугандарымдын курчоосундамын
Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: жашым өтүп баратат деп кейибейм. Сүйгөн музыкамдын, жаркылдаган үй-бүлөм, жакындарым, туугандарымдын курчоосундамын

2012-жылы баягы видеофильмди көрүп, ар ким келип каалоо-тилегин айтып жатса бир куюмдан ичип жатып мас болуп диванга жатып калыптырмын. Кийин досторум видего тартып алып шылдыңдап жүрдү. Айтор, башыбыздан далай кызыктар өттү.

Асанкалый Керимбаев тер төгүп ырдаганда таң калгам

Эстрадная исполнительница Гульнара Тойгонбаева - Sputnik Кыргызстан
Гүлнара Тойгонбаева: кызым Күнай сырдашканга жарап калды
— Чыгармачылыкка болгон көз карашым абдан терең. Жан дүйнөмө жаккан ырды табуу оңой эмес. Өзгөчө элдин кулагына сиңген ырларды жаңыртуу бул абдан жоопкерчиликтүү иш. 2006-жылы атактуу обончу Асанкалый Керимбаев агабыздын "Сулууга" аттуу чыгармасын ырдап калам деген ой эч убакта болгон эмес. Илгери 6-классымда агамдын үлпөт тоюнда Асанкалый агай ушул ырды ырдаган. Элестетиңиз, 3-сентябрь, күн ысык, костюм-шымчан келип бериле бир ырдаганда адам баласы ушинтип да ырдайбы деп таң калгам. Ошол ырдын жакында эле клибин тарттык. Анан Аваз Чикеевдин "Ойлойсуңбу", Абдыкерим Ахмедовдун "Рыспайдын арманы" деген ырын ырдап, клибин жараттым. Буюрса, быйыл концерт берийин деген оюм бар. Чыгармачылыктын чеги жок, ушул чөйрө менен гана алпурушуп келе жатам.

Белгилүү ырчы Ырыскелди Осмонкулов Аваз Чикеевдин "Ойлойсуңбу" аттуу чыгармасын жаңыртты

Учурдагы кыргыз эстрадасы тууралуу

— Азыркы клиптерди үлпөт тоюна тарткан сүйүү окуясындай эле элестетем. Кооз жерлерди, жалтырак кийимдерди, укмуш машинелерди тартканга аракет кылышат. Ар бир ырдын мазмунун чагылдыруу керек деп ойлойм.

Таланттар абдан көп, чыгармаларын угуп жөрүбүз. Бирок жаш ырчыларга билим керек. Музыкалык билим бул — чыгармачылыкты кеңейтет, билим менен адам өсөт. Ырдын текстин жакшылап тандап, обонун издеп ыры менен айкалыштырганда гана мыкты чыгармалар жаралат. Керек болсо бир чыгарманын аркасы менен адамдын оюн өзгөртүп койсо болот. Жеңил ырлар менен кыргыз эстрадасынын деңгээлин көтөрүү кыйын. Түшүнөм, артисттер той менен жан багып жатышат, концерт койсо эмгек акталбайт. Бирок тойдо деле мазмундуу ырларды ырдаса эмнеге болбосун? 

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрыскелди Осмонкулов: азыркы клиптерди үлпөт тоюна тарткан сүйүү окуясындай эле элестетем. Кооз жерлерди, жалтырак кийимдерди, укмуш машинелерди тартканга аракет кылышат. Ар бир ырдын мазмунун чагылдыруу керек деп ойлойм
Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: азыркы клиптерди үлпөт тоюна тарткан сүйүү окуясындай эле элестетем. Кооз жерлерди, жалтырак кийимдерди, укмуш машинелерди тартканга аракет кылышат. Ар бир ырдын мазмунун чагылдыруу керек деп ойлойм

Үй-бүлө тууралуу

Кыргыз фольклордук ырчылардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Анара Шайымкулова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Анара Шайымкулова: кайнагам Айбек Карымовдон кеңеш сурагандан тартынам
— Балдарымдын улуусу 29, кызым Айсулуу 27, Айзана 18 жашта. Турмуш куруп, бала-чакалуу болушкан. Куда-кудагыйлар жакшы адамдар, көңүлүм тынч. Өзүм беш жылдан бери Улуттук консерваторияда мугалим болуп иштейм. Келинчегим куурчак театрында эмгектенет. Кичүү балдарым Айбар алтыда болсо, кызым Мыскал беш жашта. Талантуу адам болсун деп Мыскал Өмүрканованын атынан койгом. Бизде жуманын беш күнү бала-бакчага, жумушка бармай деп отуруп окшош өтсө, эс алуу күндөрү тоого барып, шаарга чыгууга аракет кылабыз. 1990-жылдары турмуш-шартка байланыштуу улуу балдарымды чыгармачылыкка аралаштыра албай калдым, буюрса, кичүүлөрүн музыка чөйрөсүнө тартайын деген ниетим бар.

9-май — атамдын туулган күнү, ал киши токсонго чыгып кайтыш болгон. Жыл сайын бул күнү атамдын үйүнө, тагыраагы мен жашаган үйдө туугандар чогулуп жакшы күндөрдү эстеп, майрамдайбыз.

Германия меники эмес экен

Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Өзүбеков: эл кол чаап койсо эле кыйратыпмын деп жүрө бериптирмин
— Вера эжем көп жылдан бери Германиядагы филармониялык оркестрде иштейт. Мен "бул жакка келбей эле музыкаңды жаратып жүрө бер, ошол сенин дүнүйөң" деп айтам. Эки жолу ал жакка барып концертке катышып келгем. Биздин музыканын түзүлүшү европаныкына окшош болгондуктан абдан жакшы кабыл алышты. Эндер аттуу музыкант биздин чыгарма тууралуу "бир башкача сезимде калат экенсиң, ошол эле учурда биздин музыкаларга үндөш" деп айткан. Германияда жыйырма күн жүрүп абдан кысылып кеттим. Эжем дагы сезип жатты окшойт. Акырында "кыйналып кеттим, качан кетебиз" дедим. Мен үчүн эс алып же иш сапары менен эле барган оң экен. Туугандарың, үй-бүлөң, туулган жериң бул жакта турганда жашап калуу тууралуу ойлонгон да жокмун. Болбосо жакшы мүмкүнчүлүктөр бар эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0