Болливуд жылдызы: кыргызстандыктардын жанга жагымдуулугуна баа бердим

© Sputnik / Жоомарт УраимовБолливуддун белгилүү продюсери, режиссеру, кино-маркетологу Амит Ар Агарвал маек учурунда
Болливуддун белгилүү продюсери, режиссеру, кино-маркетологу Амит Ар Агарвал маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-январь күнү борбор калаага Болливуддун кино ишмерлери келишти. Чыгармачыл топту мекенибиз менен тааныштыруу милдети режиссер Сүйүн Откеевге жүктөлгөн. Мындай демилге Кыргызстандагы Индия элчилиги тарабынан көтөрүлгөн.
Сүйүн Откеев: мүмкүн болушунча Болливудду кызыктырып калышыбыз керек

Сүйүн мырза кино ишмерлери беш күнгө келгенин белгилеп, бул убакытта өлкөнүн кооз жерлерин анын ичинде кыргыз каскадерлорунун өнөрүн аларга көргөзүп калуу максатын койгонун айтып берди.

Ал эми болливуддун белгилүү продюсери, режиссеру, кино-маркетологу Амит Ар Агарвал журналист Гүлдана Талантбековага эмне үчүн Индия тасмасында ыр-бий көп болоору, саны көп тасманын сапаты жана эмне себептен каармандар мушташкан жерлери чындыктан алыстап кетээри тууралуу айтып берди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАмит Ар Агарвал: Кыргызстанга келгенде эң биринчи адамдардын жанга жагымдуулугунан таасирленгендим. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, позитивдүү адамдарды көп көрдүм
Режиссер, продюсер, кино-маркетолог из Болливуда Амит Ар Агарвал и Кыргсзстанский режиссер Суйун Откеев - Sputnik Кыргызстан
Амит Ар Агарвал: Кыргызстанга келгенде эң биринчи адамдардын жанга жагымдуулугунан таасирленгендим. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, позитивдүү адамдарды көп көрдүм

— Сүйүн мырза, сөздү алгач сизден баштайлы. Меймандарды кандай тосуп алдыңыздар, жакшылап коноктоп жатасыздарбы?

Сүйүн: — Буюрса баары жакшы, меймандостугубузга баа берип отурушат. Уйдун этинен башкасын даамдашты. Этибизди жеп, шорпобузду ичишти. Беш бармак оор сезилди окшойт, көп жешкен жок.

Издиялык Chald Film Banaye компаниясы Кыргызстанда клип тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Болливуд актерлору Кыргызстанда клип тартууда
Кыргызстандагы Индия элчилиги тарабынан Болливудда иштеп жаткан ийгиликтүү кино жаратуучулар менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн экен. Алар Бишкектеги Жаш ишкерлер ассоциациясына (ЖИА) айтып, ошолор аркылуу беш киши жиберилген. Бул жакка келгенде бизге тапшырышты. Арасында сценарист, продюсер, режиссер жана актер бар. Программаларды уюштуруп өлкөнү болушунча жакшы жагынан көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз. Азыр экскурсияга келишип, мастер-класстарды өтүп жаткан убактары. Буюрса кийинкисинде иш сапары менен келебиз деп ниеттенип жатышат.

— Амит мырза, кош келиптирсиз. Бизге келгендеги алгачкы сезимдериңиз кандай болду?

Амит: — Рахмат! Эң биринчи таасирленгеним бул адамдардын жанга жагымдуулугу болду. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, позитивдүү адамдарды көп көрдүм.

— Эми тасмалар тууралуу сүйлөшсөк. Индия эмне үчүн кино тартканга көбүрөөк ашыгат?

— Индияда 50-70-жылдары кинонун алтын доору аталган. Ал убакта жүз кино тартылса жетимиш беши дүйнө жүзү боюнча популярдуу болгон. Көп тартканыбыздын себеби, бизде кино тармагы элдин эс алуусуна арналган тармак болуп саналат. Өзүбүз да тасмага жакын келебиз. Бизде "кинодо жаша, кинону ойлон, кинону жаса, кинону үйрөт" деген принцип бар. Маселен менин кино мектебимде эле эки миңге чукул адам тарбияланат.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАмит Ар Агарвал: Кыргызстанда бардык жанрлардагы кинолорду тартса болот экен. Бирок мен өзүм романтикалык комедияга жакынмын, жашоодо күлүп жүргөндү жактырам. Ошондуктан ушул жанрда кино тартмакмын
Режиссер, продюсер, кино-маркетолог из Болливуда Амит Ар Агарвал - Sputnik Кыргызстан
Амит Ар Агарвал: Кыргызстанда бардык жанрлардагы кинолорду тартса болот экен. Бирок мен өзүм романтикалык комедияга жакынмын, жашоодо күлүп жүргөндү жактырам. Ошондуктан ушул жанрда кино тартмакмын

— Жыл сайын сиздерде 2-3 миңге чукул тасма тартылаарын угабыз. Канчасы элдин купулуна толот?

— Ошол 3 миң тасманын 33 пайызы гана элге жетет. Мындайча айтканда миңге чукулу сатыкка чыгып, ийгиликтүү тасмалардын катарын толуктайт.

— Ыңгайы келгенде бизден кандай кино тартмаксыз?

— Кыргызстанда бардык жанрлардагы кинолорду тартса болот экен. Бирок мен өзүм романтикалык комедияга жакынмын, жашоодо күлүп жүргөндү жактырам. Ошондуктан ушул жанрда кино тартмакмын.

— Сүйүн мырза, ушул жерден сизге суроо бергим келип турат. Байкап жатсаңыз керек биздин кино жаратуучулар дагы комедиялык жанрга басым жасап жатышкандай?

Кыргыз Эл артисти Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Болот Шамшиев: кыргыз киносунун кайра жаралуу доору башталды деп айтууга эрте
Сүйүн: — Туура айтасыз, мындай жанрдагы кинолорго күбө болуп жүрөбүз. Бизде ансыз деле көйгөй көп. Ошондуктан кайгынын үстүнө тыйын берип кайгы кошкондон көрө аз да болсо позитив кошкон туура деп ойлойм. Маселен мен драма, мелодрама дагы тартып көрдүм. Анан "Мега той" аттуу комедиялык тасмам тартылды. Салыштырып көрсөм, бизде комедиялык жанр өтүмдүү экен.

— Бул суроо экөөңүздөргө тең багытталат. Амит мырза, эмне себептен Индия тасмаларында ыр менен бий сөзсүз болушу керек? Ансыз болбойбу? Анан Сүйүн мырза айтсаңыз, биздин кыргыз кинолорунун да өзгөчөлүгү ушунда деп эмнени айта аласыз?

Амит: — Индияда ыр менен бий ар бир тасманын өзөгү жана тасмалардын өзгөчөлүгү деп дагы айтсам болот. Биз ички сезимдерди, ойлорду ыр аркылуу билдиребиз. Эки каарман жолугуп ырдап калганы ошондон. Акыркы убактарда ырларды азайтып реалдуулукка өтүп баштадык.

Сүйүн: — Жакшы суроо экен. Тасмаларымда атайын кыргыздын өңүн берүү үчүн комузду же калпакты көрсөтүп калайын деген оюм жок. Окуя кандай болсо ошондой эле берип жүрөм. Тасманын жазылбаган мыйзамы боюнча оң каарман менен терс каармандын ортосунда конфликт, көйгөй, сүйүү болушу керек. Мен ушундай нерселерди эске алам.

© Sputnik / Жоомарт УраимовСүйүн Откеев: бизде кооз жерлерибиз болгону менен чындыгында техника жагынан аксап келебиз. Азыр мүмкүн болушунча байланышты бекемдеп, тажрыйбаларынан үйрөнүп калалы деп жатабыз
Кинорежиссер, основатель студии Медиастар Продакшн Суйун Откеев - Sputnik Кыргызстан
Сүйүн Откеев: бизде кооз жерлерибиз болгону менен чындыгында техника жагынан аксап келебиз. Азыр мүмкүн болушунча байланышты бекемдеп, тажрыйбаларынан үйрөнүп калалы деп жатабыз

— Амит мырза, сиздердин тасмада мушташкан, жулмалашкан жерлерде каармандардын буту-колу тие электе эле кулап, жыгылып кетет. Бул ашыкча эмеспи?

— Мурун чындыгында мындай тасмалар абдан көп болчу. Себеби элди көп ойлонтпой эле, кандай гана нерсе болбосун ашыгы менен көрсөтүп салчубуз. Мындайча айтканда көрөрмандын оозуна тамакты салып берчүбүз. Бирок азыр кино сүйүүчүлөрдүн табити башка. Соңку тасмаларыбыз реалдуулукка жакын.

— Сүйүн мырза, жеке өзүңүз меймандардан кино жагынан кандай тажрыйба ала алдыңыз?

Каскадерлор Викинг тасмасынын тартылышы учурунда - Sputnik Кыргызстан
"Викинг" тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлор: чакыруулар көбөйдү
— Абдан көп нерсе алдым. Булар кантсе да Болливуд, бизден алда канча алдыда турат. Колдонгон техникаларын айтпай эле коёюн. Кино тартып калсак, техникаңар барбы деп сурашкан. Бизде кооз жерлерибиз болгону менен чындыгында техника жагынан аксап келебиз. Азыр мүмкүн болушунча байланышты бекемдеп, тажрыйбаларынан үйрөнүп калалы деп жатабыз. Дагы бир маскат кино тартканга кооз жерлерибизде жана каскадёрлорубузду көрсөтүп калалы деп аракет кылып жатабыз. Азыр биздин каскадёрлордун чеберчилигин дүйнө эли баалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0