America's Got Talent: "Тумар" кастингдин жыйынтыктарын февралда угат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников "Тумар" в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Пресс-конференция в поддержку танцевального коллектива колясочников Тумар в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Йоркто өткөн таланттарды тандоо сынагы дем алыш күндөрү өттү. Катышуучулар арасында кыргызстандыктар да болгон.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жигиттер менен бир кыздан турган "Тумар" бий тобу America's Got Talent аттуу Нью-Йоркто өткөн сынакта өнөрлөрүн тартуулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына коомдук ишкер Ассоль Молдокматова билдирди.

"Тумар тобу өздөрүн татыктуу көрсөтө алышты. Эми кастингдин жыйынтыктары февраль айында белгилүү болот. Бийчилер дүйшөмбү күнү мекенге кайтышат", — деди Молдокматова.

Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Бийчи Атай: ушунча жыл сахнада жүрөм, бирок, мен таланттуу эмес экенмин
Сынак узаган дем алыш күндөрү Нью-Йоркто өттү. Буга чейин бий тобу Американын таланттар сынагына бир нече ирет чакырылган. Бирок каражаттын жоктугунан бара алышкан эмес. Бул сапар сынакка баруу чыгымдарын меценат Нургалы Асаналиев каржылап берген.

Молдокматова бий топтун мүчөлөрү Адина менен Эрдик Кыргызстанга келгенден кийин спорттук чемпионаттарга катышууну пландап жатышканын билдирди. Бирок ал үчүн атайын жасалган 4500 долларлык коляска керек экенин кошумчалап, каражат чогултуу кампаниясы өткөрүлөрүн айтты.

"Тумар" тобу эл аралык сынактарга биринчи ирет катышып жаткан жок. Өткөн жылдын ноябрь айында Česko Slovensko má talent (Чехия жана Словакия) сынагында үчүнчү орунду ээлеген. 2015-жылы Түркияда өткөн таланттар сынагына катышып бирок жарым финалга чыкпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0