Оюнчук боз үй: төргө өтүп, боорсоктон алыңыз

© Фото / Атыргул ЖумашеваКийизден жасалган оюнчук боз үй
Кийизден жасалган оюнчук боз үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этно композиция менен жасалган боз үйлөр бала бакчаларга таратылып, дүкөндөргө сатыкка коюлду.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Балдардын аң-сезимин өнүктүрүү максатында ичинде бардык керектүү буюмдары менен кошо жасалган жаңы оюнчук боз үй чыкты. Бул тууралуу кол өнөрчү Атыргүл Жумашева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

© Фото / Атыргул ЖумашеваБоз үйдүн үстүн сыдырып ачып, ичиндеги оюнчуктар менен ойноого болот
Игрушечная юрта сделанная ремесленником Атыргул Жумашевой - Sputnik Кыргызстан
Боз үйдүн үстүн сыдырып ачып, ичиндеги оюнчуктар менен ойноого болот

Анын айтымында, этно композиция түрүндө жасалган боз үйлөр бала бакчаларга таратылып, дүкөндөргө сатыкка коюлду.

"Үй-бүлөбүз менен ушундай улуттук атрибуттарды кийизден жасап алектенебиз. Негизи оюнчук боз үйлөр көп эле. Бирок биздики алардан өзгөчөлөнүп, үстү сыдырылып ачылат. Ичинде болсо сандыктан тарта бешиктеги бала, аял, эркек оюнчуктарга чейин бар. Алардын колу-бутун кыймылдатып ойносо болот. Боз үйлөрдүн ар бирин кыздарым менен жасап чыкканга бир жумадай убакыт кетти. Ошондуктан баалары 100 доллардын тегерегинде", — деди Жумашева.

© Фото / Атыргул ЖумашеваОюнчуктардын баары кийизден жасалган
Игрушечная юрта сделанная ремесленником Атыргул Жумашевой - Sputnik Кыргызстан
Оюнчуктардын баары кийизден жасалган

Анын айтымында, мындай жасалга оюнчуктар менен кошо 50дөн ашык боз үй тигилген. Аларды көбүнчө туристтер сатып алат.

"Боз үйдү таза кийизден жасаганбыз. Ичиндеги жууркан төшөктөр да нукура кездемеден тигилген. Балдар фантазияларына жараша өздөрү жасаган буюмдарды боз үй ичине койсун деп, кээ бир жерлерин бош калтырып койгонбуз", — деди Жумашева.

Ал белгилегендей, мындай улуттук колориттеги оюнчуктар бир гана туристтер тарабынан эмес, Кыргызстандын ичинде да бир топ суроо-талапка ээ.

Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0