Клипмейкерлер: ырчылар жарды болсо, сапаттуу клипти кантип тартабыз?

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Мирбек Атабеков концерт учурунда. Архив
Ырчы Мирбек Атабеков концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эң кымбат клип 50 миң доллар болсо, арзаны 1000 доллардын тегерегин түзөт. Журналист Гүлдана Талантбекова клипмейкерлер менен ырчылардын кызматташуусу, клиптердин сапаты тууралуу кеп кылды.

Клипмейкерлердин ою боюнча сапаттуу клип каражатка барып такалат. Айрым ырчылар идея клипмейкерлер тарабынан сунушталарын айтып, плагиаттан алыс болушса дейт.

"СинемАрт" продакшн компаниясы клип тартуу менен жети жылдан бери алектенип келет. Команда реклама, пиар, маркетинг, видео, аудио, фото, дизайн продакш менен иш алып барат. Жетекчиси Арсен Мендебаев клип — ырчынын жарнамасы, ал аркылуу элге өзүн тартуулоо деп эсептейт.

© Фото / Эрсен Аманат уулуКлипмейкер Арсен Мендебаев
Клипмейкер Арсен Мендебаев - Sputnik Кыргызстан
Клипмейкер Арсен Мендебаев

Арсен Мендебаев: — Биз жети жылдан бери ар түрдүү жанрдагы эки жүздөн ашык клиптин үстүнөн иштедик. Түшкөн буйрутмалардын ар бирин өзүнчө карайбыз. Мүмкүн болушунча жакшы клиптерди чыгарганга аракет кылабыз. Бирок бул нерсенин баары каражатка барып такалат. Чет мамлекеттин деңгээлиндеги клип тартыш үчүн 5-7 миң доллар талап кылынат. Биздин ырчылар орто эсеп менен 1,5-2 миң долларга тарттырышат. Мындайда жаңы декорация менен эмес, даяр фон менен берүүгө туура келет. Башкача айтканда, ырчылар бренд болгусу келбейт. Быйыл алдыга койгон максаттарыбыздын бири — өзүбүз ырчылар аркылуу бренд чыгаралы деп турабыз.

Журналист Тынчтык Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
Тынчтыкбек Кожобеков: акчаң жокпу, кечирип кой, ырчы боло албайсың!
Клип бул — ырчынын рекламасы, ал аркылуу өзүн тартуулоо. Бизде ыр чыкса, аркасынан сөзсүз түрдө клиби чыгышы керек деген түшүнүк бар. Ар бир клипмейкердин артыкчылыгы болот. Мен клиптерге философиялык ойлорду көбүрөөк бергенге аракет кылам. Көбүнчө идеялар клипмейкерлерден чыгат. Ырчылар болжолдуу түрдө эле оюн айтат. Плагиат деген нерседен алыспыз. Андан көрө өзүңдүн оюңду берүү алда канча натыйжалуу.

— Кыргызстандагы клипмейкерлердин ана башы Эрнист Сыдыков беш жылдан бери ушул тармакта эмгектенет. Башкаларга салыштырмалуу ал тасма, реклама, жада калса той дагы тартпайт экен. Ошол себептен беш жылда 500 чукул клиптин үстүндө иштегенге жетишсе керек.

Сыдыков күн сайын ырчы аттуунун баарынан "мага өзгөчө, элде жок клип тартып бер" деген сөздү угат. Анан да инстаграмдагы кыздардан оозу күйгөн жайы бар.

© SputnikКлипмейкер Эрнист Сыдыков
Клипмейкер Эрнист Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Клипмейкер Эрнист Сыдыков

Эрнист Сыдыков: — Азыр үч жардамчы бала менен клип тартып иштейбиз. Клипмейкерлер идеяга бай болушубуз керек деп ойлойм. Сценарийлерин өзүм жазам, айрым учурда байкем жардам берет. Плагиат деген дүйнө жүзүндө бар нерсе. Аны жокко чыгарууга болбойт. Ачыгын айтсам, мен тарткан клиптин эки-үчөө көчүрүлгөн. Бирок плагиат десе эле түп нускасы деп түшүнүп албашыбыз керек. Айрым учурда тажрыйба катары караса болот.

Беш жүзгө чукул клип тарттык. Элдин табитине туураланган аракет кылабыз. Маселен, биздин элге европаныкындай клиптер өөн учурайт. Жөнөкөй сюжет менен тартсаң жеткиликтүү болот.

Мурда клиптерди телеге бергенде студиянын аты менен кошо кетчү. Азыр жазылбасын деген эреже киргизилген. Бирок Youtube каналыма ырчылар каалайбы, каалабайбы студиянын атын жазып туруп чыгарам. Анкени ал менин продукциям. Чыгармачыл адамдар өтө назик келишет. Алар менен иштешүү пикир келишпестикти жаратпай койбойт.

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
Ырчылар мага келгенде "элде жок, өзгөчө клип тартып бер" деп айтышат. Биздин ырчылар чындыгында, жарды. Клип тартыш деле үй салган сыяктуу. Жакшы каражат жумшасаң жакшы оокат  болот дегендей. Мен клиптерди миң долларга чейин тартып жүрөм. Казакстандан боордоштор 15 миң долларлык клипти мага келип төрт миң долларга тартып кетишкен.

Клипке тарта турчу кыздарды интернеттен тандап алабыз. Инстаграмдагы кыздарга ишенбей калдым (күлүп). Алданып калган учурларыбыз көп болду. Азыр биринчи өзүңдү видеого тартып жөнөтчү, анан көрөйүн деп калдым.

Өзүмдүн жеке талаптарым дагы бар. Клипке саясатты кошпогоно аракет жасайм. Негизи чыгармачылык менен саясатты аралаштырбай эле койгон туура деп ойлойм.

Кыргызстанда эң кымбаты болуп Султан Садыралиевдин аткаруусундагы "Кыргыз бийи" ырына тартылган клип саналат. Биз режиссеру Сүйүн Откеевди кепке тартып көрдүк.

© Sputnik / Жоомарт УраимовРежиссер Сүйүн Откеев
Кинорежиссер, основатель студии Медиастар Продакшн Суйун Откеев - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Сүйүн Откеев

Сүйүн Откеев: — Клип тартуу негизги жумушум эмес. Эгер жакшы чыгарма болсо, каражат жагы туура келсе тартып жүрөбүз. Көбүнчө кино жана жарнамалык роликтерди тартуу менен алектенем. Жалпысынан отуздан ашуун клип тарттым. Эң кымбат клибим Султан Садыралиевдин "Кыргыз бийи" болду. Жалпы долбоорго 50 миң доллар сарпталып, 300гө жакын киши тартылып, иш үч айга созулган.

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
Кооз жерлер, келишимдүү кыз-жигиттер булар клиптердин табигый талабы. Клип тартууда арткы фондогу сюжетти курч чагылдырып бергенге аракет жасайм. Клип тартуу, дегеле ырчылар менен иштешүү сабырдуулукту талап кылат.

Ар бир клипмейкердин өзүнүн талабы бар. Мен ачык кадрларды тарткандан баш тартам. Себеби биздин менталитетке туура келбейт. Алкышка караганда, көбүрөөк сөгүү жейсиң.

— Биз ырчылардын дагы оюн угуп көрүүнү туура көрдүк. Кыргыз эстрадасынын жаш мууну Нурмат Садыров ырды жеткириш үчүн клип тартуу зарыл десе, улуу муундун өкүлү Сыймык Бейшекеев болсо көңүлүнө төп келген ырга клип тартып коерун айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Нурмат Садыров
Кыргызский эстрадный певец Нурмат Садыров - Sputnik Кыргызстан
Эстрада ырчысы Нурмат Садыров

Эстрада ырчысы Нурмат Садыров: — Ырчынын карьерасында клиптин чоң мааниси бар. Клип ырды элге жеткирүү максатында тартылат. Клибин көрбөй эле ырды уга бергенде угарман үчүн түшүнүксүз болуп калат.

Азыр окшош клиптер көбөйдү деп айтып келишет. Ар бир режиссердун өзүнүн кол тамгасы болот. Ошол себептен ырчылар бир нече клипмейкерлер менен иштешкени оң. Клиптерди орточо эсеп менен бир жарым миң доллардан баштап тартабыз. Клипмейкерлердин ичинен Эрнист Сыдыков менен көбүрөөк кызматташам.

© SputnikКРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев
Заслуженный артист Кыргызской Республики Сыймык Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев

КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев:— Азыркы клипмейкерлер кудайга шүгүр, жакшы иштеп жатышат. Мен акыркы учурда "Тасма" студиясы менен тыгыз иштешип келем. Ар бир ырга клип тартууга мүмкүнчүлүк, убакыт деле жетишпейт. Көңүлүмө төп келген ырга клип тартканга аракет кылам. Кээде клипмейкерлер өздөрү сунуштап калат. Маселен, "Жакшы сөз айтчы мага" ырыма клиби туура келбесе дагы тартканга макулдук бергем. Милициянын кадырын көтөрүү максатында 2005-жылы тартылган. Ырдын мааниси өтө кайгылуу эмес, жөн гана сүйүү жөнүндө. Клип тартуучулар клиптин ичине маани-маңызын кошо камтып, башкалардан уурдабай тартышса дейм. Чет элдик клиптин көчүрмөсү болсо деле ал бирөөнүн эмгеги да.

Жаңылыктар түрмөгү
0