Премьерасы Берлинде өткөн "Кентавр" тасмасына суктангандар көп болду

© Фото / Эркин Болжуров"Кентавр" тасмасынан кадр. Архив
Кентавр тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьерага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев баштаган кыргызстандыктар келишти

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы дүйнө коомчулугуна тартууланып, жакшы кабыл алынганын продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Торжественная церемония закрытия 23 Международного кинофестиваля Листопад в Минске - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасы Бангалордогу фестивалда баш байге утуп алды
Берлин эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы 9-февралда, ал эми Кыргызстандан барган тасманын дүйнөлүк премьерасы 10-февраль күнү болуп өттү. Актан Арым Кубатка таандык фильм бул фестивалга Борбор Азиядан келген жападан жалгыз тасма болду.

"Кентавр" фильминин премьерасы фестивалдын "Панорама" программасында сунушталып, ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев баштаган кыргызстандыктар күбө болду. Көрсөтүү соңунда сахнага чыккан режиссер тасманы тартууга катышкан Кыргызстан, Франция, Германия, Нидерланд жана япониялык продюсерлер башында турган чыгармачыл топту тааныштырды.

Тасманын улуттук премьерасы Бишкек шаарында 26-март күнү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0