Апамды издейм тасмасы тартуу процесси. Архивдик сүрөт

"Апамды издеп" тасмасы АКШнын ири шаарларында көрсөтүлөт

623
(жаңыланган 14:11 16.02.2017)
Кыргыз режиссеру Руслан Акундун АКШдан тарткан "Апамды издейм" тасмасы Кыргызстанда өткөн жумада көрсөтүлө баштаса, Казакстанда эртеңден баштап тартууланат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстан, Казакстан жана АКШ өлкөлөрү биргелешип тарткан "Апамды издеп" тасмасы эки айдан кийин Американын ири шаарларындагы кинотеатрларда көргөзүлө баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тасманын продюсерлери Майкл Арк жана Эдгар Певснер билдирди.

Комедия, драма жанры менен айкалышып тартылган тасма Кыргызстанда өткөн жумадан баштап көргөзүлүп баштаса, Казакстанда чоң экранга 16-февралдан тарта чыгат.

Продюсерлердин айтымында, казакстандыктар аталган тасманы көрүүгө абдан кызыгып жатышат.

"Азыр биз Америкада тасманы диаспораларга гана көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ал эми апрелдин аягында Лос-Анжелес, Чикаго, Нью-Йорктун тургундары күбө боло алышат", — деди Майкл Арк.

Мындан сырткары, продюсерлер тасма кийинчерээк АКШда кеңири аудиторияга көрсөтүлө турганын кошумчалады.

"Тасманын негизги бөлүктөрү Лос-Анжелес жана Лас-Вегас шаарларында тартылгандыктан, ал америкалыктарга да кызыктуу болуп жатат. Кийинки жылы аны америкалык аудиторияга гана ылайыкташтырганга аракет кылабыз. Толук метраждуу тасма кыргыз, орус жана англис тилдеринде тартылды. Азыр тасманы кыргызча сүйлөгөн жерлерден башкасын англис тилине толук которуу (дубляждоо) иштери жүрүп жатат", — деди дагы бир продюсер Эдгар Певснер.

Бул кино режиссер Руслан Акундун үчүнчү толук метраждуу тасмасы. Буга чейинки "Салам Нью-Йорк" фильми 2013-жылы Бишкек шаарында эң көп көрүүчү келген тасма болгон.

"Апамды издеп" тасмасы Азамат аттуу баланын апасын издеп Америкага чейин барганы тууралуу тартылган. Энесин элестете албай калган Азамат Лос-Анжелестен Данияр аттуу балага жолугуп калат да, тасманын сюжети андан ары уланат. Башкы ролдордо кыргыз актеру Азамат Уланов, Жеңиш Майрамбек уулу, Казакстандын алып баруучусу жана ырчысы Тауекел Мусилим жана америкалык Майкл Мапонго ойногон.

623
Белгилер:
Кыргызстан, АКШ, Казакстан, диаспора, кино тасма, актер
Тема боюнча
Тамашоучу "Акылай" — Самат Эркинбеков: кайрылгандарга ийне сайып да берем
12 кино тасма "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" конкурсуна катышат
Манастын уулу Семетей тасмасы тартуу учурунда

Мамлекеттик катчы "Манастын уулу Семетей" тасмасы тууралуу үн катты

51
(жаңыланган 14:39 02.08.2021)
Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев учурда тартылып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы жөнүндө Facebook баракчасы аркылуу үн катты.

Анын айтымында, тасма жаратуучуларынын фильмди тартып баштаар алдында президент Садыр Жапаровго барганы чын.

"Президент Садыр Нургожоевич Жапаров тасманы колдоп каржылап жатат" деген сөздүн канчалык чындыгы бар? Мен мамлекет башчы менен бул маселе боюнча тактап, сүйлөштүм. Тасманы тартам дегендер президентке кирип "Манастын уулу Семетей" деген тарыхый мыкты кино жаратканы жатышканын айтып, "тартуу иштерине Казакстан, Россия көмөктөшөт. Баары сүйлөшүлгөн" десе, мамлекет башчы "андай мыкты фильм тарта турган болсоңор мен каршы эмесмин. Тартсаңар тарткыла. Бирок начар тартылып, кийин жакпай калса чыгартпай коебуз" деген. Алар менен кошо кирген адам "мен тасманы жаратууга каржы жагынан жардам берейин" десе президент "мейлиңиз, мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдосоңуз колдоңуз" деп жооп берген. Болгону ушул гана сөз. Тасма тарткандар бардык жерде жарнамалап жүргөндөй, өлкө башчы катуу колдоп, каржылап жаткан жок. Президентке ким болбосун "жакшы иш жасаганы жатам" десе, "мейли, жасаңыз, жок дебейбиз" дегендей эле кеп", — деп жазган Абыкеев.

Мамлекеттик катчы тасманын сценарийинде саясий ката кетип калганын айтып, бул боюнча кинокартинанын жаратуучулары менен талаш-тартыш болгонун да белгилеген.

"Сценарийдин башында эле калмак, кангайлар кыргыздарга бийлик жүргүзүп, Көбөштү хан шайлап кыргыздардан салык алып турушкан. Этегине чейин ушундай. Негизи сценарий чийки. Семетейдин эли-жерин табышына өтө чоң роль ойногон Каныкейдин Тайторуну чапканы жок", — деген ал.

Мындан сырткары, Абыкеев аталган фильмди тартууга мамлекет каржы бөлбөгөнүн айтып, жеке менчик тарап тартып жаткандыктан ишти токтотууга мыйзам жол бербей турганын кошумчалаган. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып келгенде "Улуттук баалуулуктарды коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алуу керектигин сунуштаган.

Эске салсак, Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Фильмдин продюсеринин айтымында, кино Кыргыз эл жазуучусу Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" пьесасы жана "Семетей" эпосунун негизинде тартылууда.

51
Белгилер:
Чолпонбек Абыкеев, пикир, мамлекеттик катчы, 'Манастын уулу Семетей' тасмасы
Тема боюнча
Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартыла баштады. Сүрөт
Сахнадагы артисттер. Архив

Бишкекте кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт

69
Бишкек шаарында өтчү айтышка Кыргызстан менен Казакстандан сегизден акын катышат. Байге фонду 3 миллион сом.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 30-31-август күндөрү Бишкекте XIV Эл аралык айтыш - 2021 иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдиришти.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган акындар сынагын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Республикалык "Айтыш" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Эгемендүүлүк майрамынан тышкары, бул иш-чара аталган фонддун 20 жылдыгына, Көкө уулу Өтө (Жеңижок) акындын 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналат.

"Тандоо туру 20-августта "Манас" кинотеатрында өткөрүлөт. Казак тараптан сегиз, кыргыз тараптан сегиз акын катышары күтүлүп жатат", — деди уюштуруучулар.

Байге фонду 3 миллион сом.

69
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, айтыш, байге, акын, сынак
Тема боюнча
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата логотип тандалды. Сүрөт
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео