Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" телешоусунун кийинки туруна өттү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видеохостинга Youtube группы Голос країни. Певица Салтанат Аширова во время выступления в проекте "Голос Украины"
Снимок с видеохостинга Youtube группы Голос країни. Певица Салтанат Аширова во время выступления в проекте Голос Украины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык ырчы телешоунун жетинчи сезонуна катышууда.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова Украинада өтүп жаткан "Өлкө үнү" ("Голос країни") телешоусуна катышып кийинки турга өттү. 

Ырчы Мирбек Атабеков концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клипмейкерлер: ырчылар жарды болсо, сапаттуу клипти кантип тартабыз?
Аширова Алиша Киздин (Alicia Keys) Fallin аттуу ырын аткарды. Ал ырдап бүтүп калганда гана Потап менен Жамала бурулган. Бирок Жамала аталган ырдын бир жерин созуп ырдап берүүсүн суранганда Аширова анын купулуна толгондой кылып аткарып бере алган жок. Нааразы болгон Жамала кыргызстандык ырчыны командасына кабыл алуудан баш тарткан. Жыйынтыгында Аширова Потаптын командасына алынды.

"Голос" телешоусуна Тина Кароль, рэп аткаруучу Потап, Сергей Бабкин жана Жамала калыстык кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0