"Ты супер" долбооруна катышып жаткан Урмат 21 миңге жакын добуш алды

© Sputnik / Михаил ДудинРоссиянын НТВ каналындагы "Ты супер" шоусуна катышып жаткан кыргызстандык Урмат Мырсаканов. Архив
Россиянын НТВ каналындагы Ты супер шоусуна катышып жаткан кыргызстандык Урмат Мырсаканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Урмат Мырсаканов НТВ каналынын алдын ала жүргүзгөн кастингинде тандалып алынган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Россиянын НТВ каналындагы "Ты супер" шоусуна катышып жаткан кыргызстандык Урмат Мырсакановго 20-февралга карата 21 миңге жакын адам өз добушун берди.

Снимок с видеохостинга Youtube группы Голос країни. Певица Салтанат Аширова во время выступления в проекте Голос Украины - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" телешоусунун кийинки туруна өттү
11-февраль күнү кечинде НТВ каналында "Ты супер" аттуу эл аралык музыкалык сынагы өткөрүлдү. Шоуга ата-энесиз балдар катышып жатат. Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосу долбоордун өнөктөшү катары чыгып КМШ жана Балтика өлкөлөрү ичиндеги таланттарды издөөгө жардам берди.

Добуш ачык деп жарыялангандан 48 саат өткөндөн кийин балдар 120 "лайк" топтогон.

Ал эми тандоо турунун экинчи бөлүгү НТВ каналы аркылуу 18-февралда көрсөтүлдү.

12 жаштагы Урмат Мырсаканов — эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан чыгып жаткан жалгыз катышуучу. Урматка добуш берүүнү кааласаңыз төмөнкү шилтемеге кирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0