Азия MIX КВН командасынын оюнчулары. Архив

Өкмөт "Азия MIX" командасына 300 миң сом берди

93
(жаңыланган 10:35 25.02.2017)
Аппарат жетекчиси команданын көргөзгөн эрдиги жаштардын ишенимин арттырганын кошумчалады.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Азия MIX командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
    Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Эскерте кетсек, кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен.
    Эскерте кетсек, кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Шайырлар жана тапкычтар оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында "Азия MIX" командасына 300 миң сом бөлө турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Эскерте кетсек, кыргызстандык команда 2016-жылдын жыйынтыгы менен КВН оюнунун Жогорку лигасында жеңишке жетишкен

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев "КВНдин Ала-Тоо расмий лигасы" коомдук бирикмеси менен жолугушуу учурунда улуу муун кыргызстандык команданын аталган оюнга катышуусун кыялданып келгенин белгиледи.

"Бирок эч ким Жогорку лигага чыгып, жеңишке жетишерин ойлогон эмес. Силердин күч-кубатыңар, өзгөчө тамашаңар көптүн оюн ишке ашырды. Абдан татыктуу атаандаш болдуңар", — деди Осмоналиев.

Аппарат жетекчиси команданын көргөзгөн эрдиги жаштардын ишенимин арттырганын кошумчалады.

"Азия MIX" командасынын оюнчулары менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

93
Белгилер:
КВН, өкмөт, Азия MIX
Тема боюнча
"Aзия MIX" КВН менен коштошкон видеосун Instagram баракчасына жарыялады
Күйөрмандардын сынагында "Азия MIX" мыктылардын катарында