Адилет Азимов: сумкага акча жетпей, баштык көтөргөн күндөр болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовПевец отечественной эстрады Адилет Азимов
Певец отечественной эстрады Адилет Азимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24 жаштагы коңур үндүү Адилет Азимов кыргыз-шоу бизнесинин жаш мууну. Ал Казакстанда өткөн эл аралык Шамши Калдаяков атындагы сынагынын, "Baltic Super Star", Хакасиядагы "От ыры-2015", "Мейкин Азия-2015", Уфа шаарында өткөн "Урал Моно-2016" сынактарынын жеңүүчүсү.

Баш айланткан ийгиликтин кандай жагымсыз жактары бар экенин Адилет Азимов журналист Гүлдана Талантбековага айтып берди.

— Салам, Адилет, кофеден ичип отуруңуз. Негизи ырчыларды эртең менен чакыргандан корком. Дайыма кечигип же уктап каласыңар. Анын үстүндө кече, той-топур деп отуруп чыгармачыл адамдардын иш убактысы кечинде башталат деп коет эмеспи.

— Рахмат. Кечээ кечинде адаттагыдай кызматта болсок, түн оокумда "Style mix" тобундагы досум Адилет экөөбүз студияда ыр жаздыруу менен алектендик. Мен мурун ырдын сөзүн, обонун жазчу эмесмин. Жакындан бери менде да буш шык-жөндөм ойгонуп баштады окшойт. Жазган тексттерибиз кыш кынагандай дебейм, албетте. Досум экөөбүз "Менин апам" деген ырды жаздырдык. Буюрса, жакынкы күндөрү күбө болосуздар.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАдилет Азимов: адамга эргүү убакыттын өтүшү менен келет экен. Музыкалык билимим бар болгону менен акындык дараметим күчтүү эмес
Певец отечественной эстрады Адилет Азимов - Sputnik Кыргызстан
Адилет Азимов: адамга эргүү убакыттын өтүшү менен келет экен. Музыкалык билимим бар болгону менен акындык дараметим күчтүү эмес

— Айрым ырчылар мурун ыр жаратыш үчүн акын-жазуучуларга кайрылчубуз, кийин өзүм жазып кеттим деп айтып калышат. Ырчылар деле бара-бара акын болот кетет окшойт?

— Адамга эргүү убакыттын өтүшү менен келет экен. Музыкалык билимим бар болгону менен акындык дараметим күчтүү эмес. Жаңы чыгармам тууралуу менеджерим ырыңдын деңгээли анча болбой калыптыр деп айткан. Албетте, оңдой турчу жерлери бар, бирок обону жакшы.

Адилет Азимов КР маданиятына эмгек сиңирген артист Жамиля Муратованын "Ардагым" аттуу ырын аткарып берди

— Сиз эл аралык сынактарга катышуу менен көпчүлүккө таанылдыңыз окшойт. Чыгармачылык жолуңуз тууралуу кеп кылсак.

— Кичине кезимен тарта түрдүү сынактарга катышуу менен алдыңкы орундарды багындырып, президенттик стипендияларды алып жүрдүм. Алгачкы ырымды 2012-жылы "Кадыр түн" конкурсунда Атайбек Бөдөшовдун обонуна, Надырбек Алымбаевдин сөзүнө жазылган "Кудай берсе" деген ырды аткарып, экинчи орунду алдым. Ошол ыл аркылуу чоң сахнага кадам таштап, чыгармачылык жолум башталды. Андан кийин Астанадагы сынакка барарда демөөрчү жок болуп ата-энем жол киремди карматып, "сен келгиче акча таап салып жиберебиз" деп жөнөтүшкөн. Кудайдын буйругу экен, ал жактагы сынактан беш миң доллар утуп алдым. Келип эле эски машинемди апама белекке берип, жаңысын сатып алдым.

Ырчы Мирбек Атабеков концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клипмейкерлер: ырчылар жарды болсо, сапаттуу клипти кантип тартабыз?
Мен үчүн 2014-жыл бир аз ийгиликсиз жылдардан болду. "Жаңы толкун" сынагына барып үчүнчү турга чейин жеткенде өтпөй калдым. Көрсө, ал жакта башында жупуну ырларды ырдап, финалга жеткенде талантыңды көрсөтүшүң керек экен. Болбосо кыйындарды байкап туруп "ыргытып" коюшат экен. Келип "Tyrk vizion" сынагына катыштым. Ал дагы таза өткөн жок. Катышуучулардан Кайрат Примбердиев, Айбек Бакытбековдор өтпөй калганбыз. Мени шоу-бизнестин 30 пайызы жактыра бербейт. Баарын бетке айтып салам.

2015-жыл мен үчүн жакшылыгын аяган жок. Алгач "Baltic Super Star" сынагынан биринчи, Хакасиядагы "От ыры-2015" сынагынан баш байгени алдым. Ысык- көлдөгү "Мейкин Азия" сынагына катышып экинчи орунду багындырдым. 2016-жылы Уфа шаарында өткөн "Урал Моно" сынагында биринчи орунду алдым. Сынактардын көбүнө КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева эжебиз жардам берди. Бөтөн жерде өзүнүн баласындай кылып алып жүрдү. Айчүрөк эжеге терең ыраазчылык билдирем. Менин чыгармачылыгыма кошкон салымы чоң.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАдилет Азимов: чыгармачылыктын аркасы менен нан таап жатам. Үй-бүлөм дагы чыгармачылыкка жакын адамдар. Көп ийгиликтерге жетүүнү самайм
Певец отечественной эстрады Адилет Азимов - Sputnik Кыргызстан
Адилет Азимов: чыгармачылыктын аркасы менен нан таап жатам. Үй-бүлөм дагы чыгармачылыкка жакын адамдар. Көп ийгиликтерге жетүүнү самайм

— Чыгармачылыкка болгон мамилеңиз кандай. Сиз үчүн чыгармачылык кесиппи же хоббиби?

— Кесип. Чыгармачылыктын аркасы менен нан таап жатам. Үй-бүлөм дагы чыгармачылыкка жакын адамдар. Көп ийгиликтерге жетүүнү самайм.

— Элге эмгек сиңириш үчүн гастролдорго чыгып, жети дубанды кыдырып концерт берейин деген ойлоруңуз барбы?

— Өзүм Сокулук районун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Токбай айылынан болом. Дос, туугандарым Кара-Балтада көбүрөөк. Ошондуктан май айында алгачкы концертимди ошол жактан берип, анан филармонияга, кийин башка жактарды кыдырганга аракет кылам.

— Азыр студент экениңизди билем. Чыгармачылык менен жүрүп окууга тийиштүү көңүл бура албай калган учурларыңыз болсо керек?

— Кичинекей кезимен тарта музыкалык мектепте окугам. Учурда консерваторияда бешинчи курста окуйм. Жалаң беш менен окуп келе жатканда "Түрксой" оркестри менен бир ай турнеде жүрүп, убактымдын көчү ошого кетти. Чыгармачыктын аркасы менен эл таанып, жер көрдүм десем болот. Командам менен бирге продюсерлик борбор ачалы деп жатабыз. Учурда клиптерди тартып, ырларды жаздыра баштадык. Менин ырларым конкурстук болгондуктан радиодон көп коюлбайт. Азыр эл көп тыңдап жаткан "Сүйүү күчү" аттуу ырымды атайын жеңил кылып жаздыргам.

Ырчы көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган "Сүйүү күчү" ырын жаңыртууда

— Сиздин аудиторияныз кимдер деп ойлойсуз?

— Кичинекей балдар атымды унутуп калганда "сүйүү күчү" деп айтышат. Көбүнчөсү кыздар, улуу муундагы байкелер. Ырларым аркылуу бардык муунга сиңгенге аракет жасайм. Негизи жүрөгүмө жаккан гана ырды ырдайм. Азыр эми менеджерим бир ырды ырда деп кыйнап жатат. Өзүмө көптөн бери Жолдошбек Мамажановдун "Көп гүлдөрдүн арасынан" ыры жагып жүрөт. Буюрса аранжировкасын даярдайлы деп жатабыз.

— Азыр шоу-бизнес чөйрөсүндөлөр деле өз ара топторго бөлүнүшөт экен. Сиз кайсыл класска кирем деп ойлойсуз?

— Бул жактан майдалап бөлсөм туура эмес болуп калат. Бирок фирмалык менен той ырчысынын ортосунда жүрөм.

— Ата-энеңиз кандай адамдар?

Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам
— Азыр дос балам менен батирде турам. Өзүмдүн үйүм анча деле алыс эмес. Апам Жалал-Абаддан, атам Сокулуктан болот. Апам кыргыз драма театрында иштеп жүрүп, кийин үй-бүлөнү тандап кетиптир. Мен жетпегенге сен жетесиң деп айтып калат. Эки эле бир тууганбыз. Жалгыз карындашым бар. Үй-бүлөм чыгармачылыкка жакын адамдар. Тойдо атам тамада болсо, апам жар-жар айтат. Ата-энемдин ден-соолугу чың болуп, ырдап жүргөнү мени бактылуу кылат.

Кичинекей кезимде апам операция болгондо көп деле көңүл бурбаптырмын. Жайында операция болгондо абдан жаман болдум. Чоңойгон сайын кичипейил болуп калат экенсиң. Ата-энени сыйлаган адам жашоодо бактылуу болот деп ойлойм. Азыр тапканымды төкпөй-чачпай үйгө алып барам. Ары-бери чачып иймей жок (күлүп).

— Жалгыз бала болсоңуз ата-энеңиз деле үйлөн деп жатабы?

— Мен эки жылча кыздар менен сүйлөшө албайт окшоймун. Учурда жүрөгүм бош. Сүйүүгө кабылган учурларым болду. Убагында карабай кетип, кийин ырчы болгондо чалгандар болгон. Жүрөгүмдү ооруткан адамды да кайтара албайм, алар бир күнү болбосо бир күнү сатып кетет. Аял акылдуу болсо, эркек көп нерсеге жетишет. Менин биринчи талабым — ата-энемди, карындашымды сыйлашы керек.

— Жаш, бойдок болсоңуз, күйөрмандар сизде болбогондо кимде болмок эле, алар менен мамилеңиз кандай?

— Социалдык тармактан ден-соолугумду, номеримди сурап жазгандар көп. Үйүмдү кайдан билип алышканын билбейм. Бир жолу батирге кирип баратсам күйөрман кызым экөөбүздүн сүрөтүбүз жабыштырылып, ортосуна жүрөк коюлган картинаны берди. Баштыктын ичине салып алыптыр. Азыркы заманда коркот экесиң, ичин ачып карап туруп, анан алдым. Сүрөт менен кошо жумшак оюнчугу бар экен. Сүрөттүн артын карасам кат бар экен. Катта сүйүүсүн арнап, этегине номерин жазып коюптур. Адамды кыйнап сүйдүрө албайт экенсиң. Белегин ыргыткан жокмун, бирок ошол эле учурда үйгө дагы кое албайт экесиң.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАдилет Азимов: үй-бүлө жаатында эки эркек, эки кыздын атасы болгум келет. Балдарым кыйналбай чоңоюш үчүн бизнес ачууну пландап жатам. Ата-энемди дагы көп жерге жибергим келет. Абдан кыялкечмин
Певец отечественной эстрады Адилет Азимов - Sputnik Кыргызстан
Адилет Азимов: үй-бүлө жаатында эки эркек, эки кыздын атасы болгум келет. Балдарым кыйналбай чоңоюш үчүн бизнес ачууну пландап жатам. Ата-энемди дагы көп жерге жибергим келет. Абдан кыялкечмин

— Жолугалы дегендер дагы көп болсо керек?

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
— Мен Астанадагы сынактан келгенде элге жакшы эле таанылгам. Бир жолу бейтааныш кыз социалдык тармактан жазганынан "кандай, жакшы" деп эле жооп бергем. Бир күнү дүкөнгө кирсем гезитте сүрөтүм турат. Анан мен тууралуу жазышыптыр деп сүйүнүп карай калсам, "Адилет Азимов жакында эле Астана шаарынан утуп келген конкурстук наамын кыздарга карата иштетет экен" деп жазылып туруптур. Көп өтпөй тааныштарым, апамдар "сен ушундай болуп кеттиңби" деп чала башташты. Ал кыздын айтуусу боюнча мен түнкү он экиде ага келип, биз жеке мамиледе болуптурбуз. Гезиттин ээсине чалып, "бул эмнеңер, материал жазаарда мага чалбайт белеңер, ишиңер үчүн жоопко тартыласыңар" десем, кийинкисинде кечирим сурап жазышты. Тигил кызга жазсам, жооп берген жок. Анан социалдык тармактан кара тизмеге киргизип салдым. Болгондо дагы тигил кыздын сүрөтүн кошуп туруп чыгарышыптыр. Азыр ойлосом, мен номеримди бербей же жооп бербей койсом өчөшүп ушундай кадамга барган окшойт деп ойлоп калам.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар? Өзүңүздү он жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Он жылдан кийин деле чыгармачылыктын үстүндө болсом керек. Чыгармачылык жактан кесиптештерим Нияз Касымов, Нурболот Деңизбеков үчөөбүз "Тамшана" аттуу ыр жаздырганбыз. Жакынкы күндөрү формаларды тиктирип, ырды радиолорго берип, жазында масштабдуу клип тарталы деп жатабыз.

Үй-бүлө жаатында эки эркек, эки кыздын атасы болгум келет. Балдарым кыйналбай чоңоюш үчүн бизнес ачууну пландап жатам. Ата-энемди дагы көп жерге жибергим келет. Абдан кыялкечмин. Тилектер орундаларына ишенем. Эсимде, Бишкекке келгенде эч нерсем жок эле. Сумка алганга акчам жок, баштык көтөрүп калган учурлар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0