Сүлүктүдө кыштын акыркы күнү майрамдалды

© Фото / Зульфия ТургуноваПровод зимы в Сулюкте
Провод зимы в Сулюкте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын негизги максаты көп улуттуу шаар жашоочуларынын ынтымагын бекемдөө менен жаштарды спортко үндөө болуп эсептелет.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Сүлүктү шаарында кыштын акыркы күнүнө карата "Ак кар" аттуу майрамдык иш-чара уюштурулганын Кош-Булак аймактык башкармалыгынын жетекчиси Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, кыштын акыркы күндөрү уюштурулуп келген "Ак кар" майрамы көп жылдар бою өткөрүлбөй калган.

"Майрамдык салтанатка 18 улуттун өкүлдөрү катышып мамыга чыгуу, аркан тартыш, чана тебүү, бута атуу сыяктуу мелдештер уюштурулду. Ал эми элдик таланттар ыр-бийлерин тартуулашты", — деди Сапаркулов.

Ал белгилегендей иш-чаранын негизги максаты көп улуттуу шаар жашоочуларынын ынтымагын бекемдөө менен жаштарды спортко үндөө болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0