Азия MIX командасынын капитаны Элдияр Кененсаровдун архивдик сүрөтү

Элдияр Кененсаров КВН-2017 премьер лигасынын калыстар тобуна кирди

305
(жаңыланган 19:54 01.03.2017)
Жакында эле "Азия MIX" командасынын капитаны "жылдын мыкты квнчиси" наамына ээ болгон.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров КВН премьер лигасынын калыстар тобуна киргендигин КВНдин расмий сайтына жарыяланды. 

Ошондой эле "Азия MIX" командасынын Instagram баракчасында бул маалымат ырасталган.

Сайттагы маалыматка караганда, ата мекендик квнчи КВН премьер лигасынын 1/8 финалында калыстык милдетин аткарууга жетишкен.

КВНдин эрежелери боюнча премьер лигадагы калыстар тобунун курамына жогорку лигада ийгиликке жетишкен азыркы жана мурдагы оюнчулар чакырылат. Ал эми жогорку лиганын калыстар тобуна шоу бизнестин жылдыздары, алып баруучулар, КВНдин ардагерлери, продюсерлер, артисттер жана бизнесмендер чакырылат.

Кененсаровдон сырткары калыстар тобунун курамында "Лунный свет" командасынан Филипп Воронин, "Сборная города Мурманска" — Герман Иванов жана "Плохая компания" командасынан Валерий Равдин чакырылган.

Жакында эле Элдияр Кененсаров "КВН для всех" сайты тарабынан жылдын мыкты оюнчусу деп табылган. 

305
Белгилер:
КВН, калыстар тобу, Азия MIX, Элдияр Кененсаров
Тема боюнча
Элдияр Кененсаров 2016-жылдын КВНчиси болду
"Aзия MIX" КВН менен коштошкон видеосун Instagram баракчасына жарыялады