Студенттер кыздын салттуу кийимин тигүү боюнча таймашат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын негизги максаты — кыргыз улуттук кийимдерин жайылтуу. Ага республика боюнча жети окуу жайдан 43 студент катышканы жатат.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекте "Кыздын кийими" аттуу студенттер арасындагы сынак "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында өтө турганын "Миң кыял" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте "Кыздын кийими" аттуу студенттер арасындагы сынак "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында өтө турганын "Миң кыял" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев
Координатор конкурса Кийиз дүйнө — көчмөн руху Доолот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Кыздын кийими" аттуу студенттер арасындагы сынак "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун алкагында өтө турганын "Миң кыял" коомдук фондунун координатору Дөөлөт Рысбаев

Этностиль, көркөмдүк, көчмөндөр: Кырчында этномода боюнча сынак өттү - Sputnik Кыргызстан
Этностиль, көркөмдүк, көчмөндөр: Кырчында этномода боюнча сынак өттү
Анын айтымында, сынакка жалпы республика боюнча жети окуу жайдан 43 студент катышат.

"Кыздын кийими" сынагы Кыргызстанда биринчи ирет өтөт. Анын катышуучулары 7 жаштан 13 жашка чейинки кыздардын кийимдерин тигишет. Сынактын шарты боюнча колдонулган кездемелерде синтетика аралашпашы керек. Ошондой эле кийим тигүү техникасы XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы ыкмаларга дал келүүсү зарыл", — деди Рысбаев.

Ал белгилегендей, сынак 4-март күнү саат 10.00дө Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин залында өтөт.

"Каалоочулар келип сынакты көрүп кетишсе болот. Кирүү акысы бекер. Сынакта баш байгенин ээсине 20 миң сом жана жайлоодо сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Биринчи орунга 15 миң сом (жайлоодо сүрөткө түшүү), экинчи орунга 10 миң сом, үчүнчү орунга беш миң сом ыйгарылат", — деди Рысбаев.

Ал ошондой эле сынактын негизги максаты кыргыз улуттук кийимдерин жайылтуу экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0