Элдияр Кененсаров: КВНге калыстык кылууга караганда ойногон жеңил экен

© Sputnik / Табылды КадырбековСоздатель и капитан команды КВН "Asia Микс" Эльдияр Кененсаров
Создатель и капитан команды КВН Asia Микс Эльдияр Кененсаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кененсаров КВН премьер лигасынын калыстар тобуна киргендиги КВНдин расмий сайтына 28-февралда жарыяланган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. КВНге калыстык кылуу оюнчу болгонго караганда алда канча жоопкерчиликтүү милдет экен. Бул тууралуу "Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин Кененсаров КВН премьер лигасынын калыстар тобуна киргендигин КВНдин расмий сайтына жарыяланган. Сайттагы маалыматка караганда, ата мекендик квнчи КВН премьер лигасынын 1/8 финалында калыстык милдетин аткарууга жетишкен.

"Калыстар тобуна мүчө болушум өзүм, үй-бүлөм, командам жана жалпы кыргыз эли үчүн чоң сыймык болду деп ойлойм. Мурда өзүм сахнада жүрсөм, эми "аркы" жээкке өттүм. Чынын айтканда, калыстык кылганга караганда сахнада ойноо жеңилирээк экен. Башкаларга баа берүү чоң талант экенин билем. Менде ал азырынча жок окшойт, анткени жюри катарында отурганда абдан толкундандым", —деди Кененсаров.

Ошондой эле ал жеке өзүнө жана кыргыз КВНине ушундай мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ата-бала Масляковдорго ыраазычылык билдирерин кошумчалады.

Эске салсак, жакында эле Элдияр Кененсаров "КВН для всех" сайты тарабынан жылдын мыкты оюнчусу деп табылган.

Жыл жыйынтыгы боюнча мыкты КВНчи деп табылган Элдияр Кененсаров менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0