Урмат Мырсаканов "Ты супер" сынагынын кийинки этабына өттү. Сынактагы кадрлар

© Фото / НТВШоу "Ты супер!" на телеканале НТВ
Шоу Ты супер! на телеканале НТВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 жаштагы Урмат Мырсаканов — эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан чыгып жаткан жалгыз катышуучу.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Урмат Мырсаканов НТВ телеканалындагы "Ты супер" сынагынын кийинки этабына өттү.

Ага калыстар тобунун үч мүчөсү добуш берди. Сынак Урмат үчүн ийгиликтүү болгону менен ал өзүнө көп канааттанган жок. 

"Мен толкунданып, кээде нотага түшпөй калып жаттым. Аткаруудан кийин ыйлагым келди", — деди Мырсаканов.

Урматтуу окурмандар Урматтын "Ты супер" долбоорундагы мындан аркы катышуусу сиздердин добуш берүүңүздөрдөн көз каранды. Мекендешибизге төмөндөгү сүрөткө "жакты" дегенди басып добуш берсеңиздер болот.

"Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан, Кыргызстан жана Эстония бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0