Кыргызстандыктарга "Үмүт шооласы" аттуу жаңы тасма тартууланат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Үмүт шооласы" — бүгүнкү күндөгү дүйнө тааным менен адамдын жан дүйнөсүнүн татаал байланышын чагылдырган тасма.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясында "Үмүт шооласы" аттуу жаңы толук метраждуу тасма өндүрүшкө чыкканын аталган студиянын маалымат кызматы кабарлады.

Движение кылыш керек тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда оозго алынган 10 тасма
Билдирүүгө ылайык, тасмага КР эл артисти Марат Сарулу режиссерлук кылууда. Ал эми сценарийин Марат Сарулу менен Эмил Жумабаев жазган.

"Үмүт шооласы" — бүгүнкү күндөгү дүйнө тааным менен адамдын жан дүйнөсүнүн татаал байланышын чагылдырган тасма. Адамгерчилик сапат менен үмүттүн бүлбүл жанган шооласы гана жашоонун өйдө-ылдыйын жеңүүгө, кыйын күндөргө туруштук берүүгө жардам берери тасманын негизин түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0