"Болбойт" рубрикасынын кезектеги санында илгертен ата-бабадан сакталып калган кийим-кечеге карата айтылган тыюулар белгиленип, алардын мааниси түшүндүрүлдү.
Баш кийимди башка бирөөгө белекке бербейт. Эгерде баш кийим эскирип баратса, жаш балага жыртылганча кийгизип, андан соң өрттөп салышкан.Баш кийимди сатпайт, тебелебейт, ыргытпайт, теппейт жана жоготпойт. Кыргыздарда баш кийимди жоготуу жаман жышаан катары эсептелген.
Бут кийимди көмкөрөсүнөн таштабайт. Көмкөрөсүнөн коюлуп калса ээсине жаман иш түшөт деп айтылып калган.
Бут кийимди төргө же жогору жакка койбойт. Душманың көтөрүлөт деген ишеним болгон.
Шымды башына коюп жатпайт. Кечинде жатарда баш кийимди, үстүңкү кийимди төшөгүнүн баш жагына, байпак, шымдарын ылдый жакка коюй керектелет.
Баш кийимди тетири каратып кийбейт. Ишиң жүрүшпөй калат деп саналган.
Эркек баш кийими менен үй-бүлө мүчөлөрүн (аялын, балдарын) чаппайт. Баш кийимдин анты болот деген түшүнүк жашаган.
Эркек адамдын үстүнөн, кийиминен аттабайт, тебелебейт. Эркек кыргызда үйдүн ээси катары улук адам болуп саналган. Анын кийген кийиминен, колдонгон буюмуна чейин аяр мамиле жасалат.Камыр ачытканда үстүн үй ээсинин кийими менен жаппайт. Камыр ачытканда анын үстүн төшөк же атайын жапкычтар менен жабуу керек.
Кыз киши белдемчи тагынбайт. Ал — турмушка чыккан аял затынын кийими болгон. Белдемчи — аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими. Ал жазда, күздө, айрыкча, кышта тагылат.
Бирөөнүн кийимин жуумайынча кийбейт. Аны сөзсүз жууп кийиш керек, алган адамдын илешкен жаман нерселери жугат деген ишеним болгон.
Кийимди кийип турган учурда топчу кадабайт, айрылган жерин тикпейт. Бул биринчиден, ыңгайсыз болсо, экинчиден, өз бактысын бууп коет деп саналган.
Актёрлор Марат Алышпаев жана Назым Мендебаиров роль жараткан роликтин режиссёру Руслан Акун.
Сценарий боюнча Жусуп Баласагынды хандын алдына чакырышат. Ал жерде чогулгандардын бардыгы ханга перс тилинде сүйлөп, кылыч белек кылып жаткан болот.
Баласагындын хан алдында жалтанбай туруп кыргыз тилинде сүйлөгөнү ал жердегилерге жакпайт.
Ошондо ойчул башчыга кайрылып, “Элим өз тилинде жазып, билимин өркүндөтсө дейм” деп жооп берет. Аны мындай сөздөрүнөн кийин хан башкы кеңешчиси кылып шайлап коёт.
Улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатындагы Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору — Баласагын шаарында туулган.1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган.
Азыркы учурда Жусуптун "Кутадгу билиг" поэмасынын үч нускасы сакталып турат. Бир нускасы Вена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.
Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат.
Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев менен Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1995-жылы Бишкек шаарында тартылган.
Ал жылы Океевдин 60 жылдыгы белгиленип, кинематографисттин жакындары, кесиптештери Опера жана балет театрына чогулган эле.
Ошол кезеңди сценарист Мар Байжиев мындайча эскерди.
"Төлөмүш менен Бексултан бир айылда чогуу окушкан, үчөөбүз тең согуштан кийинки балдарбыз. Жакиев экөөбүз филология факультетинде бирге билим алдык. Мен орус, ал кыргыз бөлүмүндө студент болчу. Кийин Океев Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинин үн режиссёр адистигин бүтүрүп келгенде мен "Кыргызфильмде" редактор болчумун. Ал жылдары бирге иштешип, кеңешип иш кылып жүрдүк. Анткени ал жылдары бизде көпчүлүк кыргыз кинолорун еврейлер, орустар тартышчу. Нуртай Борбиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиевдер жаңыдан жогорку окуу жайды бүтүп келе башташкан. Жаштар кыргыз эли кандай таланттуу, акылман эл экенин көрсөткүбүз келип бири-бирибиз менен тыгыз иштешип, ата мекендик кинематографияны дүйнөлүк деңгээлге чыгаруунун көздөчүбүз", — деди драматург.
Байжиев чыгармачылыгында Океевдин "Ак илбирстин тукуму", "Алтын күз" кинофильминин, Бексултан Жакиев "Мурасынын" сценарийин жазган.
1995-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп турган.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 272 кишиден коронавирус табылып, 163 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 717 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан үч кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 573кө жетти.