Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" телешоусунан четтеп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКонцерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Концерт мировых звезд на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезек тандоого келгенде насаатчысы Потап Катя Еременкого добушун берип, Салтанат Аширова долбоордон чыгып калды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Салтанат Аширова Украинада өтүп жаткан "Өлкө үнү" ("Голос країни") телешоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Бул туурасында сынактын расмий сайтына жарыяланды.

Кечээ 12-мартта сынактын экинчи айлмапасы өтүп, анда Аширова насаатчысы Потаптын командасындагы Катя Еременко менен "Время и стекло" группасынын "Наверно потому что" деген ырын башка стилге салып аткарышкан. Бул номер залда отурган калыстар тобу менен көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусуна татыды. Ырдап бүткөндөн кийин аталаган группанан солисттери чыгып алкыш сөздөрүн айтып гүлдесте тапшырышты.

Ты супер! аттуу музыкалык телешоусун катышуучусу Урмат Мырсаканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ты супер!": кыргызстандык Урмат 26 миң добуш топтоду
Кезек тандоого келгенде Потап Катя Еременкого добушун берип, Аширова долбоордон чыгып калды. Бирок калыстарга катышуучуну сактап калуу үчүн 10 секунд убакыт берилгенде Жамала өз укугунан пайдаланып кыргызстандык аткаруучуга добуш берип, бирок кайра ал оюнан баш тарткан.

Белгилей кетсек, Жамала биринчи турда Аширова анын купулуна толгондой кылып аткарып бере албаганына нааразы болуп командасына кабыл алуудан баш тарткан болчу.

"Голос" телешоусуна Тина Кароль, рэп аткаруучу Потап, Сергей Бабкин жана Жамала калыстык кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0