Бишкекте 40 казанга кайнатылган сүмөлөк фестивалы өтөт

© пресс-служба мэрии города ОшМайрамдык сүмөлөк даярдоо. Архив
Майрамдык сүмөлөк даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара "Супара" этнокомплексинде өтүп, майрамдык оюн-зоок менен коштолот.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкекте Нооруз майрамына карата сүмөлөк фестивалы өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.

Анын айтымында, 20-март күнү 40 казанга сүмөлөк кайнатылып, 21-март күнү шаар тургундарына таратылат.

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Fashunity exhibition 2017 аттуу эл аралык фестивалдын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Арабдардын мекенинде сары май менен курут элди тамшандырууда
"Нооруз майрамында жаңы жашоо башталды деген жакшы тилек менен сөзсүз түрдө сүмөлөк кайнатылат. Былтыркы жылы уюштурулган фестивалда жети облусту символдоштуруп жети казанга сүмөлөк бышырылса, быйыл кырк уруудан турган элди ынтымак, биримдикке чакыруу максатында сүмөлөк 40 казанга жасалат. Ошондой эле кыргыздын бай мурасын көрсөтүү максатында иш-чарага Кыргызстандагы элчиликтердин да өкүлдөрү чакырылып жатат", — деди Кулуева.

Фестиваль "Супара" этнокомплексинде өтүп, ал майрамдык оюн-зоок менен коштолору кошумчаланды.

Сүмөлөк жана даярдалышы тууралуу инфографиканы Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрсөңүз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0