Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова ТҮРКСОЙ уюмунун ардак ордени менен сыйланды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын архивдик сүрөтү
Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган буйрукка Түрк маданияты эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов 10-мартта кол койгон.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жалпы Түрк дүйнөсүнүн алкагында жараткан өзгөчө чыгармачылык ийгиликтери үчүн Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова ТҮРКСОЙ уюмунун ардак ордени менен сыйланды. Бул туурасындагы маалыматты эл артист Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктап берди.

Аталган буйрукка Түрк маданияты эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов 10-мартта кол койгон.

"Бул боюнча мага кечээ уюмдун Кыргызстандагы өкүлдөрү кабарлап, сыйлык 26-мартта Бишкекте тапшырыларын айтышты", — деди Садыкова.

Белгилей кетсек, өткөн жылы СССРдин Эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевге түрк элдеринин кино тармагына кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙ уюму тарабынан алтын медаль ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0