Ноорузга карата Бишкек менен Ошто ат оюндары өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые всемирные игры кочевников. День пятый. Скачки
Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Скачки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларында ат оюндарын өткөрүүгө 3 миллион 750 миң сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата Бишкек жана Ош шаарларында улуттук ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Майрам күнү "Ак кула" ат майданында түрдүү аралыкка аргымак чабуу, эр эңиш жана көк бөрү оюндары тартууланмакчы. Ушундай эле оюндар Ош шаарында да болот.

"Бишкек шаарындагы ат оюндарынын байге фондусу 1 миллион 135 миң сом болсо, Ош шаарындагы оюндардын байге фонду 820 миң сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.

15-марттан тарта көк бөрү жана эр эңиш боюнча оюндар башталып, алардын финалдык беттешүүсү 21-мартта өтөт.

Нооруз күнү боло турган оюндардын программасы

  • 9.00 — 10.00 — Эр эңиштин финалдык оюну
  • 10.00 — 11.30 — көк бөрү (жарым финал)
  • 11.30 – 12.30 – ат чабыштын үч түрү (финал)
  • 12.30 — 13.00 – "Тайманбас" федерациясы жигитовка боюнча өнөрлөрүн тартуулайт
  • 13.00 – 14.30 – ат чабыштын алты түрү (финал)
  • 14.30 – 16.00 — көк бөрү (финал).

Ош шаарында боло турган иш-чаранын планы:

16-мартта тарта көк бөрү, эр эңиш жана салбурун боюнча оюндар башталат

21-мартта саат 10:00дөн 17.00гө чейин көк бөрү, эр эңиш, салбурун жана ат оюндары өтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында ат оюндарын өткөрүүгө 3 миллион 750 миң сом бөлүнгөн.

Нооруз жөнүндө кызыктуу беш фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0