Ноорузга карата шахмат боюнча турнир өткөрүлөт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТоржественный вечер, посвященный открытию турнира претендентов на титул чемпиона мира по шахматам
Торжественный вечер, посвященный открытию турнира претендентов на титул чемпиона мира по шахматам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — адамды интеллектуалдык жактан өнүктүргөн спорттун түрүн жайылтуу.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Борбор калаада "NOORUZ CUP-2017" деп аталган шахмат боюнча турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөржай палатасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда иш-чара 26-мартта Нооруз майрамына карата Соода өнөр-жай палатасынын жыйындар залында уюштурулат.

"Турнирди өткөрүүнүн максаты адамды интеллектуалдык жактан өнүктүргөн спорттун түрүн жайылтып, досторго жана өнөктөштөргө жолугушуу аянтын түзүү, алардын андан аркы алакасын чыңдоо", — деп жазылат маалыматта.

Мелдештин жеңүүчүлөрү баалуу белектер жана ардак грамоталар менен сыйланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0