"Ажар" – 1916-жылга коюлган адабияттагы эстелик. Повесть туурасындагы жети факты

Жазылуу
Үркүн темасы кыргыз адабиятындагы жазып бүткүс темалардын катарында. Алардын бири мындан дээрлик 90 жыл илгери жазылган "Ажар" повести. Sputnik Кыргызстан бул сапар окурмандарга аталган повесть туурасында кызыктуу жети фактыны сунуштайт.

Ажар кыз аркылуу элдин азабы чагылдырылган. Касымалы Баялиновдун "Ажар" повести – өткөн кылымдын 20-жылдарында жазылган, улуттук профессионал адабиятынын тарыхында проза жанрынын төл башы жана тарыхый чыгармаларынын бири.

Повесттин башкы каарманы Ажар аттуу жаш кыргыз кызы. Чыгармада кыргыз элинин башына түшкөн 1916-жылдагы кайгылуу Үркүн жана анын курмандыгы болгон Ажардын окуясы сүрөттөлөт. Бул трагедиялуу образ менен кыргыз элинин ошол кездеги башынан өткөргөн апааты берилген. Повесттин финалында Ажар карышкырларга таланып, ай талаада каза табат…

Ат жетелеп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улут трагедиясын чагылдырган "Узак жол" романы жөнүндө жети факты
Мекенсиз көргөн күн курусун. Жазуучу тарабынан сүрөттөлгөн Ажардын тагдыры автор тарабынан берилген чоӊ идеяны – мекенсиз адамдын көргөн күнүн кийинки урпактарга эскертүү жүгүн көтөрүп турат. 1916-жылы Баялинов 15 жаштардын тегерегиндеги бала болгон. Эл менен бирге Кытай жергесине качкан учурдун ирмемдери анын эсине ташка тамга баскандай сакталып калган. Болочоктогу жазуучу бул алааматтан аман калып, Кытайдан Кыргызстанга аман-эсен кайрылып келген. Элди азапка салган Үркүн зирек баланы кайдыгер калтырбай, кайсы бир учурда бир чыгарма жаратып, анан жаны тынмак… Чынында эле ошондой болду. Жазуучунун өз башынан өткөн, өз көзү менен көргөн окуяларга анын "Ажар" повести аркылуу күбө болобуз. "Ушул көз караштан алып караганда, "Ажар" – 16-жылга коюлган адабияттагы эстелик", — деп таамай белгилеген адабиятчы Үмүт Култаева.

Повесть кантип жаралган? Маалыматтарда Касымалы Баялинов Кытайдан кайра мекенине келгенден кийин орус көпөстөрүнө малай болуп, тил үйрөнгөндүгү айтылат. 1918-жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1919-жылы Ташкенде алты айлык партиялык курстан өткөн. 1920-жылы Казак-кыргыз агартуу институтунун алдындагы жарым жылдык мугалимдер курсуна барып, казак адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири Иляс Жансүгүровдун аӊгеме жазып жатканын көрүп, жазуу шыгы ойгонуп, ал да чыгарма жаратууну кыялданат. Ошентип аталган курста окуп жатканда сочинение жазып, чыгарманын алгачкы саптары ошол дил баяндан башталат. Аны автор кийинчерээк "Кытай жеринде сатылган кыргыз кыздарынын турмушунан жазайын деп, Ажардын энесинин мүрзөсүнө барып, көз жашын көлдөтүп, ыйлаган жерин жаза кеттим", – деп эскерген.

Атчан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Эр Эшим" дастаны жөнүндө жети факты. Баатырды коштогон Сталин менен Гитлер
1928-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Ошентип чыгарма 90 жылга жакын мезгилден бери окулуп келе жатат.

Автор "Ажарды" 26 жашында жазган. Анткен менен бул чыгарма Баялинов калемгер катары калыптана электе, кыргыз жазма адабияты калыпка толугу менен салына элегинде жаралган чыгарма.

Алиге чейин адабий сынга жем таштаган повесть. "Ажар" – кыргыз адабиятындагы салмагы атан төөдөй тарыхый, трагедиялык чыгарма. Мындан дээрлик 90 жыл мурда жазылган чыгарманы адабиятчылар азыркыга чейин ар тараптан карап, талдап, аягына чыга албай келет. Ал эми адабиятчы Үмүт Култаева өзүнүн эмгектеринде повестти мектепте окутуу ыкмасын жаңылоо зарылдыгы туурасында белгилеген жайы бар.

Элдик болуп кеткен монолог. Кылымга тете убакыттан бери мектеп окуучулары Ажардын монологун жадыбалдай жаттап, жүрөк сыздата анын образына кирип, көркөм сөздүн сыйкырына арбалып келет.

" — Жаным апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыӊда калган жалгызыӊ келип, жалооруп жаныӊда олтурат. Жалгызыӊдын сөзүн ук, ая! Жалгызыӊ бүгүндөн баштап ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуӊа ал, ач койнуӊду!.. " — деген монолог Кыргызстандын ар мектептеринде жаңырганын айтсак, ашы чапкандык кылбайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0