Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын архивдик сүрөтү

Эл артисти Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу беш факты

6355
(жаңыланган 16:39 31.03.2017)
Бүгүн белгилүү сахна чебери, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу 5 фактыны сунуштайт.

Эгер тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Улуу актриса өзүнүн сахнада жараткан образдары, адамдык өзгөчө асыл сапаттары менен элдин эсинде түбөлүккө сакталып калган. 

1. Кудайдан берилген талант ээси. Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта азыркы Бишкек шаарындагы Төкөлдөш айылында туулган. Үй-бүлөдөгү жалгыз кыз мектепти аяктагандан соң, педагогикалык институттун даярдоо курсунда билим алып, мектепте мугалим болуп иштеген. Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык театрына 16 жашында келип, Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" драмасындагы Карачачтын ролун аткарган. Анын чыгармачылыгындагы эске сала кетчү жагдай, Күмүшалиева эч бир жерден актёрдук кесипке окуган эмес..

2. Эл арасындагы "Умай Эне". "Сабира апа, сиз кыргыздардын Умай Энесисиз. Ошондуктан сизден абдан суранам, жүзгө чыгыңыз, юбилейиңизди өткөрөлү", —деп президент Аскар Акаев куттуктоо жазган. Ошондон баштап эл ичинде Умай Эне аталып калган. Актриса аталган ысымды 1990-жылы тастыктаган. Ошто кыргыз-өзбек коогалаңы башталганда "Ала-Тоо" аянтында Ошко барабыз деп чогулган миңдеген жаштарды бийликтин суранычы менен барып токтотуп калган.

3. Элүү жашында 14 жашар баланын ролун аткарган. Күмүшалиева 70 жылдан ашык театр, кинодо эмгектенген. Бул мезгил аралыгында100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Алардын арасында кайгылуу, күлкүлүү оң жана терс образдар бар. Узак убакыт бою Бексултан Жакиевдин "Атынын тагдырындагы" Оңолкандын ролун ойногон. Андан сырткары, "Уркуя", " Ак кеме", "Бакайдын жайыты", "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" жана " Кызыл алма" өңдү көптөгөн фильмдерде тартылган. Эң кызыгы элүү жашында 14 жаштагы Кычан Жакыповду ойногон.

4. Ыйлаганын башкаларга көргөзчү эмес. Сабира Күмүшалиева эл алдында эч качан көз жашын төккөн эмес жана балдарын дагы ошого үйрөткөн. Актриса балдарына "адам көз жашын төгүп башка адамдын маанайын түшүрүп, кайгыртпашы керек" деп тарбиялаган. Ал жашоосунда күчтүү, токтоо болуп, эмоциясын кармаганга аракет кылчу экен. Жада калса, кийин эки уулу каза болуп калганда элдин көзүнчө ыйлабаганга аракет кылган. Кызы Нуржамалдын эскерүүсү боюнча баласы каза болгон учурда да, кайгысын эч кимге көргөзбөй бөлмөсүнө бекинип ыйлаганын учурлары болгон.

5. Балдардын көзүнчө урушпаган ата-энелер. Сабира Күмүшалиева менен Муратбек Рыкулов 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Өмүрлүк жарлар эч качан балдардын алдында урушчу эмес. Эгер кандайдыр бир тил табыша албай калган жагдайлар пайда болгондо балдарына көргөзбөөгө аракет кылышчу. Муну кийин балдары Муратбек Рыскуловдун айдоочусунан билип калган. Көрсө, жубайлар балдарына үлгү болуу үчүн авто унааны айдатып шаардын четине барып урушуп алып, эч нерсе болбогондой кайра үйүнө кирип келишчү экен.

Маалыматтар Сабира Күмүшалиеванын кызы Нуржамал Рыскуловадан алынды.

6355
Белгилер:
өмүр, факты, актриса, Сабира Күмүшалиева, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (370)
Тема боюнча
Кийинки муун: залкар талант Бакен Кыдыкееванын баркына жете албадык
Маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушу

Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат

59
Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Ал бир гана боордош элге эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө таасир берген инсан.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, маданият министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолуккан.

Анда тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашканы айтылат. Өз кезегинде Нурпеисов жакын арада Кыргызстанда Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, маданият министрине борбордун ачылыш аземин бирге уюштурууну сунуштаган.

Абай Кунанбаев — казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Бир гана боордош элдин эмес, жалпы Орто Азиянын чыгармачыл чөйрөсүнө өзгөчө таасир берген инсан 1845-жылы 10-августта туулган. Кунанбаевдин эң негизги чыгармасы — 45 философиялык ойдон жана кыска уламыштардан турган "Кара сөздөр" эмгеги.

Маданий борбор качан жана кайда ачылары тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

59
Белгилер:
маданий борбору, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын "Жөө күлүк" тасмасы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй!.. Шамшиевдин тасмасындагы таберик сүрөт

223
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулардын сүрөтү 1971-жылы Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайында тартылган.

Ал жылы "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган Болот Шамшиев "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кино картинасын тартып, анда кыргыз жана орус элинин бир топ актёрлору роль жараткан.

Ошол кезеңди тасмага катышып калган КРдин эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:

"Мен тасманын бир эпизодуна катышып калгам. Андан бери канча убакыт өттү, фильмде роль жараткандардын көпчүлүгү башка тармактарга өтүп кеткен. Тасма Ысык-Көл облусундагы Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылып, ишти жайында баштап кышында суукта бүткөнбүз. Оор жабдууларыбызды көтөрүп тоого чыгып, аскалардагы укмуштуудай мөңгүлөрдү көргөн элек. Сүрөттөгү Сүймөнкул байке менен кийин дагы көп иштештим. Ал кезде Чокморов оорудан оолак атак-даңкка бөлөнүп турган учуру болчу. Бою узун болгондуктан иш маалында эс алып калганда волейболду мыкты ойночу", — деди Думанаев.

Аталган тасма жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шань контрабандисттери" чыгармасынын негизинде тартылган. Ал эмгек өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын ишин, Кытайга апийим ташыган аткезчилердин турмушун чагылдырат. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каарман Карабалтанын образын жараткан.

Көзү тирүү кезинде таланттуу режиссёр, КРдин эл артисти Болот Шамшиев Чокморов ооруп калбаганда Голливудга чейин жетмек деп айткан жайы дагы бар.

"Сүймөнкулдун өмүрү жана чыгармачылыгына көз чаптырсак, айылда туулуп-өсүп, сүрөтчү болууну эңсеп көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп кийин кинематографияга келип калды. Мындайча айтканда, ал кинодон такыр эле алыс болчу. Анын артыкчылыгы бар эле, бир нерсени үйрөнсө өтө көңүл буруп угуп, бат кабыл алчу. Бир нече фильмде мыкты образ жараткан соң өзүн жөнөкөй ролдордон көрө алган жок. Анткени ал өзүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, башка режиссёрлор менен иштешүүгө даяр болуп калган. Бир гана оору токтотуп калды, эгер анын ден соолугу чың болгондо Европаны, Голливудду багындырып, балким, Оскар сыйлыгына чейин жетмек", — деген Шамшиев.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

223
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү
Эшек минген атактуу Видугирис жана Абдыкулов. Кыргыз киночуларынын таберик сүрөтү
Нарын облусундагы айыл. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
27-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-Ноя. — Sputnik. 27-ноябрь, жума күнү, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын темпетарутасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл ойдуңунда +3...+8, Нарын жергесинде -2...+3 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +8...+10 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү