Кыргыз радиосу поэзия сүйүүчүлөрүн эфирге чакырат

Жазылуу
Саамалык акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргыз радиосу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата "Поэзия" күнүн өткөрөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган радионун кызматкери Адилет Артыкбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, саат 9.00дөн кечки саат 21.00гө чейин Кыргыз радиосунун түз эфиринде Алыкул Осмонов менен кошо бардык акындардын ыр саптары окулат.

"Каалоочуларга эшигибиз ачык. Келип, өзүңүздөргө жаккан акындардын ырларын көркөм окуп, жан дүйнөңүздү байытып кетиңиздер", — деди Артыкбеков.

Ал ошондой эле эфирге келе албагандар (0312) 65-66-10, 65-67-04 номурлары аркылуу байланышка чыкса болоорун белгилеп, мындай саамалык быйыл үчүнчү ирет өтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0