Көчмөн коомдук фондусун жетекчиси Улан Үсөйүн маек учурунда

Коомдук активист Улан Үсөйүн: кайсы жерден экенимди көп киши билбейт

3331
(жаңыланган 15:33 24.03.2017)
23 жаштагы Улан Үсөйүн "Көчмөн" коомдук фондусун жетектеп, бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет. Улан мырзанын максаты — кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жаңы форматта, жаштардын көз карашына тууралап элге жеткирүү.

Улан Үсөйүн менен журналист Гүлдана Талантбекова студиянын ичинен эле айылга барып кайра келишти.

— Улан мырза, алгач элге тартууланган долбоорлоруңуз тууралуу айта кетсеңиз?

— Беш жыл мурун "Көчмөн" коомдук фондун юридикалык жактан каттатканбыз. Ага чейин мындай иштеп жүргөнбүз. Кыргыз элинин салттуу маданиятын, каада-салтын жаңы форматта, жаштардын көз карашына тууралап жеткирүү максатында бир катар иштерди алып барып келебиз. Алардын арасына Ак калпак күнүн беш жылдан бери уюштуруп келебиз, кара жорго бийин 3500 кишинин коштоосунда алып чыкканбыз, "Жалын бий" долбоорун тартканбыз, байыркы Орхон-Енисей жазууларын эл алдына алып чыгып түрк тилдүү эл менен иштешип жатабыз. Соңку иштерибиздин бири "Айылдык сүйлөйт" долбоору. Айылдагы ийгиликтүү адамдарды бренд кылып, айылда деле мыкты жашоо бар, айылда деле жашаса болот, жаңы шарттарды түзүшүбүз керек деген түшүнүктү бериш үчүн аракет кылып жатабыз. Бул жерде айылдан чыккан мыкты эл өкүлдөрү, айылды гүлдөткөндөр, Европада окуп келип айылга эле ишкана кургандар TEDx форматында өзүнүн ийгиликтери менен айыл жергесине барып бөлүшөт.

Биз ар тармактуу иш алып барабыз. Кыргызстан боюнча филиалдарыбыз бар. Италияда да ачылып, иштеп жатат. Биздин ишмердүүлүктө үч нерсеге тыюу салынган. Дин тууралуу талкуулабайбыз, саясат жөнүндө сүйлөбөйбүз жана кайрымдуулук менен алектенбейбиз.

Руководитель общественного фонда Кочмон Улан Усойун во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коомдук активист Улан Үсөйүн: баары Бишкекке, анан Москвага качат. Кайда барбайлы — Мамайдын көрү. Европа айылдарын шаар тибине өткөрүп салган. Биз дагы ошондой аруу тилекке жетели деп иш кылып жүрөбүз

— Жайдын күнү шаардыктарды айылдын жашоосу менен тааныштырып "Мурас" аттуу долбоор менен иш алып барып жүрдүңүз эле?

— Шаардык жаштарды Кыргызстандын аймактарын кыдыртып, айыл жерине алып барып балдарга кой сойдуруп, кыздарга ичеги-карын арттырып, боз үй тигип 3000 метр бийиктикке чыгарганбыз. Айылга барса эле сөзсүз уй саайбыз, кара жумуш кылабыз дебей, жаштарга шаарда жок үйлөр айылда курулуп жатат, жаңы шарттар бар деген ойду көрсөтүүүнү максат кылганбыз. Баары Бишкекке, анан Москвага качат. Кайда барбайлы — Мамайдын көрү. Европа айылдарын шаар тибине өткөрүп салган. Биз дагы ошондой аруу тилекке жетели деп иш кылып жүрөбүз.

— Ал учурда кызыктуу окуялар да болбой койбосо керек?

— "Мурас" долбоору менен баратканда кыздар "айылга жашабайбыз, айылдык жигитке турмушка чыкпайбыз" дешкен. Азыр менде видеолору сакталуу. Акырында Жылдызай аттуу кыз "Улан, все, мен чечтим, айылдык балага турмушка чыгам" деп жатпайбы (күлүп). Себеби, алар элден калыптанган пикирлерди угуп алып айылдын жашоосун башкача элестетишиптир. Айылдык балдарда бир башкача эрк, мамиле бар экен деген сезим менен кетишти. Он бала, он кыз барган. Ошонун тогузу азыр ооз комузда ойнойт, бирөө дагы кыргызча сүйлөчү эмес. Азыр, кудайга шүгүр. Салбуурун учурунда балдар жаа атып, жебеси жакшы тийбей жатканда бир кызыбыз тамашалап "азыр ким бутага тийгизсе, мен ошого турмушка чыгам" десе, айтаары менен бир бала ат чаап баратып үч жебени бутасына тийгизе атканда, тигил кыз "кийин жолугабыз" деп колундагы билеригин таштап кеткен. Биз барган убакта жаан жаап, күндүн көзү ачылбай койду. Суу болуп, ичеги-карын артып, мал союп, айтор, кызык окуялар өттү. Айылга мындай барганда сый конок катары барып, жер көрбөй келе беришет эмеспи.

— Сиз "Көчмөн" коомдук фондусун жетектегенде канча жашта элеңиз, башында кыйынчылыктар болдубу? Баса, бул ишти аркалоого эмне түрткү болду?

— Бишкекке жаңы келгенде көп кыйынчылыктар болду. Анда мен 18 жашта элем. Борбордо туугандарыбыз да жок, жатаканада жашап, токмок жеп, алыс чыгып көрбөгөн жаным кысылып үйдөгүлөрдү сагынып жүрдүм. Ошондо патриот болгум келип, ак калпак кийип алып жүрчүмүн. Ал кезде Жаштар министрлиги жаңы ачылып, мен иш-чара өткөрөт элем деп эшигин каккылай берчүмүн. Аракет кылсаң берекет дейт. Жакшы адамдарга жолугуп отуруп өз жолумду таптым. Эл аралык долбоорлор менен иштешип, ал жакта төрт жыл ыктыярчы болуп жүрүп өзүбүздүн долбоорду түздүк. Башында оорчулуктар болду. Бирок жакындарымдын, досторумдун колдоосу дем-күч берди.

— Жети дубандын айылын кыдырып эле жүрөсүз. Өзүңүз каяктан болосуз?

— Мен ал жакты көп айтпайм. Себеби өзүм 11-класска чейин бир жерде төрөлүп өсүп, кийин башка аймакта иштеп, дагы башка аймакта жумуштар менен жүрдүм. Кээ бирлерге Алайдан, айрымдарга Көлдөн, Нарынданмын деп айтам. Мен Кыргызстандын кулунумун. Ар бир жерди сыйлайм.

— Жеке өзүңүздүн кандай билимиңиз бар?

— Мектепти бүткөндөн кийин Манас-Түрк университетине өтүп, окуган эмесмин. Бишкек гуманитардык университетинде дагы окуп жүрүп жеке иштериме, чет өлкөгө көп чыккандыгым үчүн аягына чыккан жокмун. Кийин формалдуу эмес окуулардан окуп алдым. Азыр Европага окууга тапшырып, сырттан билим алып келем деп даярданып жатам.

— Сиз кийип жүргөн калпак, бетиңиздин кызылы, баскан-турганыңыз нак эле айылдык жигитти элестетет. Бул атайын фонддун ишине байланыштуу иштелип чыккан бренд болуп саналабы?

— Бир жолу дос, туугандар мага образ сунуштаганда көңүлдөрүн калтырбайын деп түзө калып, өзүмө жакпай калды. Кичинекей кезимде айылда өсүп, азыр деле айылда жашайм. Бишкектен 400 чакырым алыстыкта турам, айылымда азыр кыш, жаз май айында келет. Бетимдин кызылы деле ошондон. Калпак болсо өзүмө жагат. Калпагы жок өзүмдү башкача сезем. Бир убакта патриот болуп ак калпакты баса кийип, нукура кыргызча сүйлөшүбүз керек деп көчөгө чыгып жүрчүмүн. Азыр баштан аяк кыргызча болуш керек дегенден алысмын. Улуттук кийимдердин заманбап стилдегисин жактырам.

Руководитель общественного фонда Кочмон Улан Усойун во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коомдук активист Улан Үсөйүн: жүрөгүмө айыл жакын. Ал жакта өзүмдү эркин куштай сезем. Таза аба, таза тамак, эмнени кааласаң ошону кыла аласың. Шарттар деле мурдагыдай эмес. Бардык нерсе үйдүн ичинде, каалашыңча иштейсиң

— Айылда жашасаңыз борборго барып-келип жумуштарды бүтүрүү кыйынчылык жаратпайбы?

— Борбордо бир айда бир жума иштейм. Калган убакта айылда фермабызды иштетебиз. Жүрөгүмө айыл жакын. Ал жакта өзүмдү эркин куштай сезем. Таза аба, таза тамак, эмнени кааласаң ошону кыла аласың. Шарттар деле мурдагыдай эмес. Бардык нерсе үйдүн ичинде, каалашыңча иштейсиң. Айылда көп идеяларымды бышырам. Жол маселе деле жаратпайт.

— Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

— Азыр "Айылдык сүйлөйт"долбоору ишке ашып жатат. Буюрса Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып бүтмөйүнчө бул долбоор менен эки-үч жыл алектенебиз. Экинчи маскатым — жеке ишкерчилигимди өнүктүрүү. Туризм тармагында, жаштар менен иштешүү жаатында чоң пландар бар. Кийинки учурда узакка созулган долбоорлорго кызыгып жүрөм.

Адам негизи жашоосун жарык кылууга умтулушу керек. Аракет кылсак жараткан кудай адилеттүү зат. Кыргыздын каада-салтын заманбап технологиялар менен колдонуу менен жакшы иштерди айкалыштырып замандын алдына чыгып, камчы салдырбаган адамдардан бололу. Кыргызстандын келечеги жаштарда дей беришет. Бирок өзүбүздү сөз менен эмес, иш менен көрсөткөн адам болушубуз керек. "Эл үчүн" деген нерсени көп айтпаш керек. Ар бир адам бир нерсени өзү үчүн кылуусу керек. Өзүңөргө кылган нерсе, сөзсүз бирөөгө пайда алып келет. Силерге тийген нур башкаларга да жетет.

3331
Белгилер:
көчмөн, каада-салт, Улан Үсөйүн, Кыргызстан
Тема боюнча
Уй кыз, депутат бала, узун бут аке. Кайын журтун "оригиналдуу" тергеген келиндер
Өкүл ата, өкүл эне эмне себептен, качан, кантип тандалат
Оркестр спектакль учурунда. Архив

Оркестр коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды