Укмуштуудай Бишкек! Борбор шаар дизайнердин көзү менен

© Фото / Жетиген ТакеновРабота дизайнера Жетигена Такенова
Работа дизайнера Жетигена Такенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарына болгон сүйүүсүн жаш дизейнер башкача ыкма менен билдирген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Дизайнер Жетиген Такенов Бишкек шаарындагы кооз имараттардын сүрөтүн сонун кылып шөкөттөп, аны Instagram баракчасынан бөлүшкөн.

#Bishkek #mywork #illustration #rainydays #newproject #illustrator #walkingnight

Публикация от jet Graphic Design (@jetigen_takenov) Мар 20 2017 в 1:45 PDT

Такенов Бишкектеги тарыхый жана архитектуралык мааниси чоң болгон имараттарды иллюстрациялаган. Ал бир сүрөттү тартууга 2-3 жума кетерин кошумчалады.

Театр оперы и балета #illustration #Bishkek #Kyrgyzstan #adobeillustrator #mywork #newproject #nightcolor

Публикация от jet Graphic Design (@jetigen_takenov) Мар 26 2017 в 4:17 PDT

"Кечкисин Бишкекти аралай басып, анын кооздугун көргөндө мольбертти алып, сүрөт тарткың келет. Сулуулук бул түгөнбөгөн энергия, бирок аны биз күнүмдүк турмуш менен алпурушуп жүрүп байкабай калабыз", — деди дизайнер.

#mywork #winterlastday #Bishkek #future #illustration #newproject #nightwalker #adobeillustrator #vector

Публикация от jet Graphic Design (@jetigen_takenov) Мар 24 2017 в 2:49 PDT

Ал Мамлекеттик тарых музейин, Улуттук опера жана балет театрын, Кыргызстандын эл аралык университетинин имараттарын тарткан. Дизейнер өз эмгектеринде аталган жерлерди башкача өңүттөн көрсөтүп берген.

Bishkek #illustration #nightwalker #Bishkek #adobeillustrator

Публикация от jet Graphic Design (@jetigen_takenov) Мар 26 2017 в 3:56 PDT

Такенов бош убактысы боло калганда сүйүктүү иши менен алектенерин айтат. Социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөрдү ал төрт айдын ичинде тарткан.

Жаш дизайнер Жетиген Такенов Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган. Учурда дизейн компаниясында арт-директор болуп эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0