Англиядагы боз үйдө өткөргөн жаштар. Архивдик сүрөт

Боз үй асман тиреген имараттардын ордун баса баштаганда

378
(жаңыланган 12:41 31.03.2017)
Чет өлкөлөрдө боз үйлөр конок жана туристтерди тосуу жагынан жакшы кызмат көрсөтүп, ишкердиктин бир түрүнө айланды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Көчмөн турмуштун ажырагыс бир бөлүгү болгон боз үйгө чет элдиктердин кызыгуусу арта баштады. Анын мобилдүүлүгү, жөнөкөйлүгү, табигый тазалыгы башка көчмө конструкциялардан бир топ айырмаланууда.

Азыр чет жерлерде боз үйлөр конок жана туристтерди тосуу жагынан жакшы кызмат көрсөтүп, ишкердиктин бир түрүнө айланды. 

Молодожены в юрте в Великобритании
© Фото / предоставлено Лиззи Джонс
Улуу Британияда боз үйдө өткөн үлпөт той

Мисалы, Улуу Британияда боз үйдө үлпөт тойлорду өткөрүү өтө популярдуу болуп кетти. 

Внутреннее убранство юрты для молодоженых
© Фото / предоставлено Лиззи Джонс
Улуу Британияда боз үйдө өткөн үлпөт той

Эки жашка көчмөндөр стилинде унутулгус бал айын өткөрүү үчүн мобилдик боз үйлөр дагы сунушталат.

Кадимки эле боз үй Нью-Йорктогу 17-кабаттуу мейманкананын чатырында тигилген. Ачык асман алдындагы үйдө бир түнөө үчүн кардар 2 миң доллар төлөшү керек. 

Кыргызская юрта установленная катарским шейхом Сани бин Абдулла Алсани в честь национального праздника республики Катар
© Фото / Азамат Кармышаков
Катарлык шейх улуттук майрамга карата үйүнө кыргыздын боз үйүн тиктирди

Ал эми Катардын шейхи Сани бин Абдулла Алсани Кыргызстандан атайын боз үй сатып алып, өзүнүн Дохадагы үйүнөн алдына конокторго көрсөтүү үчүн тиктирип койгон.

Боз үйдү кантип туура тигиш керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрө аласыз>>

378
Белгилер:
көчмөн, Боз үй
Тема боюнча
Катарлык шейх улуттук майрамга карата үйүнө кыргыздын боз үйүн тиктирди
Американын Юта штатынын туристтер эң көп келген жерине боз үй тигилди
Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырына боз үй "тигилди". Асмандан көрүнүшү
Оркестр спектакль учурунда. Архив

Оркестр коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды

24
Сынакта катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбай турганы айтылды.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата оркестр (эл аспаптар) коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, сынактын максаты — Кыргызстандын эл-жерин даңазалаган эл аспаптар оркестрлеринин жаңы чыгармаларын жаратып, аларды кеңири жайылтуу.

"Кароо-сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт. Биринчиси эл аспаптар оркестрлери (атуулдук чыгармалар), экинчиси аспапчылык багытта. Чыгармалар оригиналдуулугу, музыканын дал келиши, музыкалык формалардын даана жана так сакталышы, оркестрде иштеп чыгуу критерийлери менен бааланат", — деп айтылат маалыматта.

Сынакта катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбай турганы кошумчаланды.

"Катышуучулар чыгармаларын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборго "Эгемендүүлүккө 30 жыл" сынагына деп белгилеп жөнөтүүсү керек", — деп айтылат билдирмеде.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык каралган. 1-орун — 50 миң сом, 2-орун — 40 миң, ал эми 3-орунга 30 миң сом ыйгарылат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи лауреаттардын гала-концерти менен коштолуп, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турганы кошумчаланды.

24
Белгилер:
байге, маданият, чыгарма, оркестр, сынак
Тема боюнча
Байге фонду 345 миң сом. Эл-жер тууралуу ырлар сынагы жарыяланды
Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

230
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

230
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды
Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив

Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты

0
Бишкек мэриясында калаа жетекчисинин эки орун басары алмашты. Буга чейинки биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ордуна буга чейин тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген.

0
Белгилер:
вице-мэр, Жамалбек Ырсалиев, Алмаз Бакетаев, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш агенттигин жетектемей болду