КР көз боемочусунун өнөрү Европа музейинин 30 мыкты эмгегинин катарына кирди

© Фото / Каныкей СултановаКыргызстандык көз боемочу Радислав Сафин
Кыргызстандык көз боемочу Радислав Сафин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмени түзүү үчүн 62 өлкөдөн келген 2 600 эмгек каралган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандык көз боемочу Радислав Сафиндин видеосу Амстердамдагы Рейксмузеумдун (Rijksmuseum) 30 мыкты чыгармасынын катарына кирди. Бул тууралуу Сафиндин маалымат катчысы Каныкей Султанова билдирди. 

Анын айтымында, тизмени түзүү үчүн 62 өлкөдөн келген 2 600 эмгек каралган.

"Европадагы эл көп кирген Рейксмузеум мыкты 30 чыгарманы аныктап, алардын катарына Сафиндин видеосу кирди", — деди Султанова.

Ал жакынкы күндөрү Сафин өз өнөрүн европалыктарга тартуулай турганын кошумчалады.

Голландиядагы Рейксмузеум Амстердам шаарында жайгашкан. Ал дүйнөдөгү эл көп кирген 20 музейдин катарында.

Жаңылыктар түрмөгү
0