Кыргызстандын быйылкы сулуусу Бегимай Карыбекова болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова
Кыргызстан сулуусу — 2017 сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү 100 миң сом сыйлык менен "Дүйнө сулуусу — 2017" сынагына жолдомо алды.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Модель Бегимай Карыбекова "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин иш-чарага катышкан кабарчысы билдирди.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2017 - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова

Жыл сайын өтүүчү бул сынак кечээ шаршемби күнү Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. Калыстар тобунун сынынан бардыгы болуп 17 селки өттү.

Конкурс красоты Мисс Бишкек — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Айзирек Мыктыбекова "Бишкек сулуусу — 2016" наамынан баш тартты
Биринчи вице-мисс наамына Айчүрөк Маматемирова, экинчиге Гүлзада Исламбек кызы ээ болду. Көрүүчүлөрдүн арзуусуна Айпери Мелисбек кызы татыды.

Аталган сынактын жеңүүчүсү бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө сулуусу" сынагына катышуу укугуна ээ болду. Эми Карыбекова ушул жылдын декабрь айында дүйнө сулуулары менен ат салышууга кам көрүшү керек.

Карыбекова — моделдик чөйрөдө бир топ ийгиликтерди багынтып келет. Мисалы, былтыр Top Model Of The World — 2016 сынагында Кыргызстандын наамын коргоп, мыкты делген жети чүрөктүн катарына кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0