"Кентавр" тасмасы Франциядагы беш континенттин фестивалына чакырылды

© Фото / Эркин БолжуровКыргызский фильм "Кентавр" режиссера Актана Арым Кубата
Кыргызский фильм Кентавр режиссера Актана Арым Кубата - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалда кыргыз фильмин кошкондо жалпы 45 тасма ат салышат.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Франциядагы "Беш континенттин фестивалына" чакырылды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо уюму билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Франциянын Ферне-Вольтер, Жекс, Швейцариянын Женева, Версуа жана Сербиянын Белград шаарларында уюштурулат.

"Аталган фестиваль 12 жыл мурун Франциянын "Маданият жана кино" ассоциациясы тарабынан түзүлүп, быйыл 17-майдан 28-майга чейин өткөрүлө турган болду. Фестивалда "Кентавр" кыргыз фильмин кошкондо жалпы 45 тасма ат салышат", — деп жазылат маалыматта.

Пресс-конференция на тему Фильм Кентавр — о современном герое кыргызского народа - Sputnik Кыргызстан
Радио
Актан Арым Кубат: "Кентавр" тасмасынын өзөгү болгон окуядан алынган
Фильмде Актан Арым Кубат башкы ролду ойнойт. Мындан тышкары, тасмага Болот Тентимишов, Таалайкан Абасова, Зарема Асаналиева, Илим Калмуратов тартылган.

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.

Учурда бул тасма Бишкек шаарында көрүүчүлөрдүн назарына сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0