Баткенде эл "Өрүк гүлүн" майрамдады

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү.
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта Өрүк гүлү — 2017 фестивалы өттү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара быйыл биринчи жолу уюштурулган.

БАТКЕН, 8-апр. — Sputnik. Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү.
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта Өрүк гүлү — 2017 фестивалы өттү. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү.
© Фото / Улан МаккамбаевАзыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен.
Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен Өрүк гүлү — 2017 фестивалын өткөрүүнү чечкен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен.
1/2
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы өрүк бакта "Өрүк гүлү — 2017" фестивалы өттү.
2/2
Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен.

Азыр өрүкзарлар гүлдөгөндүктөн учурдан пайдаланып жергиликтүү бийлик эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Өрүк гүлү — 2017" фестивалын өткөрүүнү чечкен. Фестивалга коңшу Тажикстандан да өкүлдөр чакырылган.

Маданий иш-чарага район аймагындагы бардык айыл өкмөттөр катышып, ар бир айыл аймак өрүк кошулган тамак-аштын түрүн конокторго көрсөтүштү. 

Баткенде өрүк үшүп кетүү коркунучунда. Багбандардын сактап калуу аракети - Sputnik Кыргызстан
Баткенде өрүк үшүп кетүү коркунучунда. Багбандардын сактап калуу аракети
Баткен районунун тургуну Саида Садырбекова фестивалга өрүк кошулган таттуу нан жана каттама даярдаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахманов дүйнө жүзүндө өрүктөн 50дөй сорту болсо анын 20га жакыны Кыргызстанда өсөөрүн айтты.

"Өрүк гүлү — 2017" фестивалы Баткендин өрүгүн гана даңазалоо менен чектелбестен чек ара аймактардагы кошуна өлкөнүн эли менен достукту, ынтымакты бекемдөө максатын да көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0