Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Революциянын каармандарына эстелиги. Архивдик сүрөт

24 жашында мууздалган Уркуя Салиева жөнүндө 15 факты

17767
(жаңыланган 22:15 08.04.2017)
Бишкектин чок ортосунда "Революциянын каармандарына" деген эстелик-монумент турат. Эл жөнөкөй тил менен "Уркуянын эстелиги" деп коюшат. Анын жанынан өтүп баратканда кызыгып, назар салгандар сейрек. Эстеликтеги аял ким болгон?

Sputnik Кыргызстан бул сапар окурмандарына Уркуя Салиева жөнүндөгү 15 фактыны сунуштайт.

Уркуя Салиева Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чы-гаан инсандардын сабында турат. Ал Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкы карлыгачы. Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген.

Жумабай кызы  (Салиева) Уркуя 1910-жылы (кээ бир маалыматтарда 1907-жылы) Ош облусунун азыркы Ноокат районунун Тактек (Беш Бурхан) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Энеси Бүбүкан жаркылдаган, кабагым-кашым дебеген, атасы Жумабай куулук-шумдугу жок, момун адам болгон дешет. 

Политический деятель, активистка общественных преобразований, борец за свободу Уркуя Салиева. Снимок из книги Уркуя Умутай Эралиевой
© Фото / предоставлено Умутай Эралиевой
Уркуя Салиева

Бешиктеги баланын бек болорун ким билет. Уркуянын балалык чагында эле эч нерседен тайманбаган, такылдаган, сөзгө чечен, өзүнө ишенген сапаттары байкалган. Айылдаштары ал жерден боорун көтөргөндөн баштап эле кышкысын башына калпак кийип, эркекче шымданып, атчан жарыштарга катышып жүргөнүн айткан жайы бар. Комсомолдун катарына биринчилерден болуп өтүп, жаңы замандын активдүү тарапкери боло баштаган.

Ата-эненин уйкусуз түндөрү. Кызынын жаңы замандын ишине аралаша баштаганына ата-энеси алгач, башкача караса, бара-бара көнүп беришкени Уркуяны шерденткен. Күн сайын болгон күрөштүн жүрүшү, коомдогу жаңылануу жаш кызды чыйралткан. Кимдин болсо көзүнө карабай бетке айтуусу күчөп, көпчүлүк аны менен аргасыздан эсептешүүгө туура келеген. Ал ишине баш-оту менен берилип, күн-түн дебей иш үстүндө жүрүп, кээде үйүнө түн ортосунда келчү болгон. Ата-эне ал келгиче кирпик какпай күтүп, укташпай турган. 

Муркуттүн раис келини. Уркуя Колдош Салиев аттуу жигитке турмушка чыгып, Меркит-Муркут (Төөлөс) айылына келин болот. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган. 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынып, 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн. Раис болуп жүргөн учурунда ага кастарын тиккен, кулакка тартылган мурдагы байлар жалган жалаа менен партиялык билетинен ажыратып, партиянын катарынан чыгартышат. Албетте, кан-жанын берип иштеген Уркуяга бул катуу сокку болуп, "чындык ийилип, бирок сынбай" кайрадан, бардыгы өз ордуна келет. Ошентип, Ферганадан чыккан алгачкы раис ишин уланта берет.

Үчүнчү жолку кол салуу өмүрүн алган. Акын Үмүтай Эралиеванын "Уркуя" деп аталган тарыхый, даректүү баянында ага кулактар, мурдагы бай-манаптар тарабынан үч жолу кол салуу болгондугу жазылган. Андай кол салууну алдын ала өзү деле сезип-билип, ошентсе да өз кызыкчылыгын ойлоп, жанын аяп качып, жашынган эмес. Өмүрү коркунучта экенин бир эмес, бир нече жолу уккан экен. Кулактар катуу даярданып үй-бүлөсү менен жок кылаары жөнүндө кабар жеткенден кийин, балдарын, энесин аяп, Караван айылына көчүп кетүү үчүн жакындары Ахмат аркылуу баш паанек караштыра баштаган. Ахматка кулактардан чочулаганын айтат. Үй бат эле табылат. Бирок, Уркуя ошол учурда төрөп калып, "…кыркым чыкканда көчөлү" деп баш тартып койгон дешет… 

Бешик Уркуи Салиевой. Отрывок из книги Уркуя Умутай Эралиевой
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Уркуя Салиеванын балдарын бөлөгөн бешиги. Үмүтай Эралиеванын “Уркуя” китеби

Каргашалуу февраль… 1934-жылдын 6-февралынын түнү. Үйдө Уркуя, энеси, күйөөсү Колдош, сегиз жашар кызы Аниса, үч жашар уулу Кеңеш, 21 күндүк ымыркайы уктап жаткан. Бетин жоолук менен таңган, канжар, союл менен куралданган басмачылар мыкаачылык менен Уркуя, Колдошту өлтүрүшөт. Ошол эле күнү жаңы көз жарган ымыркайы февралдын ызгаардуу суугуна тоңуп чарчап калат. Аниса ата-энесинин мууздалып жатканын өз көзү менен көрүп тургандыктан, тилден калып, узак жашабай каза болот. Балдарынын ичинен Кеңеш гана тирүү калат.

Уркуя мууздалганда 24 жашта болгон. Уркуя менен Колдоштун трагедиялуу өлүмү ошол кездеги "Кызыл Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинин 1943-жылдын 17-февралдагы №40 санына жарыяланган некролог аркылуу Кыргызстанга маалым болот. Албетте, кабар Москвага да жеткен. Эл каарман Уркуя менен анын жолдошун аздектеп акыркы жайга узатат.

Фергана өрөөнүнөн чыккан алгачкы аял башкарма. Ал бүтүндөй Фергана өрөөнү боюнча эң алгачкылардан болуп айылдык советтин төрайымдыгына шайланган жана биринчилерден болуп өзү уюштурган жамааттык чарбага, колхозго башчылык кылган. Колхоз башкармалыгынын төрагалык милдетин, тагыраагы раис кызматын кан-жаны менен аткарган. "Кан-жаны" деген сөз бул жерге дал бутадай тийип турганын бекемдеп кетүүнү эп көрдүк. Себеби, ушул кызмат бул каарман келиндин, жакындарынын өмүрүн жалмап кетти…

Уркуянын денесине жамалган башы. Бул тууралуу журналист Мамат Сабыров Салиеванын музейинин директору Зуура Нуркамилова менен маегинде жазган. 

Некролог из газеты Уркуи Салиевой. 1943-год, 17-февраля. Отрывок из книги Уркуя Умутай Эралиевой
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"Кызыл Кыргызстан" гезитине чыккан некролог “Тап үчүн, партиянын улуу жолу үчүн күрөш майданында курман болушту” деген тема менен чыккан. 1943-жыл, 17-февраль. Үмүтай Эралиеванын “Уркуя” китеби

Ал "Кызыл Кыргызстан" гезитинин 1943-жылдын 17-февралдагы №40 санына чыккан некрологундагы сүрөт туурасында айтып берген. "Сүрөт өлтүрүлгөндөн кийин тартылган. Мойнун тигип, көзүн керип, кызынын такыясын кийгизип анан тартышкан экен. Жани жок маалдагы сүрөт да. Эми жани барда кандай болгондугун элестете бергиле. Акыл Карачачтай акылдуу, Ак Мөөрдөй сулуу болгон экен да", — деп айтып берген Нуркамилова.

Насирдин Байтемиров "Уркуя" романын жазган. Салиева жөнүндө атактуу жазуучу Насирдин Байтемиров роман жараткан. Чыгарманы Байтемиров 12 жылга чукул жазган. Бул жылдары жазуучу архивдик материалдар менен таанышып, Ошко, Ноокатка тынымсыз каттаган экен. Анткен менен төбө чачты тик тургузган окуя туурасында жергиликтүү эл оңой менен айтып бербей, тайсалдап, машакаттуу учурлар көп болуптур. Архивдеги документтердин көчүрмөлөрүн таап, ошол убакта соттогон Жогорку соттун судьялары, ал гана эмес Москвадан келген соттор менен көзмө-көз сүйлөшкөн экен. Ошентип, тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасында 1966-жылы, "Тарых эстелиги" романы жарык көрөт. Жазуучунун байбичеси Мария Бейшеналиева акын Үмүтай Эралиевага ал роман Исхак Раззаковдун сунушу менен жазылгандыгын айтып берген.

"Отко таазим" тасмасы кантип жаралган? Байтемиров менен атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океев биргеликте "Отко таазим" көркөм тасмасынын сценарийин жазат. 1972-жылы 14-февралда фильмдин премьерасы болуп, элге тартууланган. Океев тасмага эки жыл даярданат. Ошол мезгилде кырк жыл болгон окуяны тартуу үчүн ошол маалдагы элдин жашоо образын, кийим-кечесинен тарта тамак-аштарын чагылдырган сүрөттөр, материалдарды издеген. Мамлекеттик архивден Уркуяны өлтүргөн басмачылардын кылмыш иштерин окуп чыккан. Уркуянын балдары боюнча документтерди жыйнаган. Ноокатка барып каралбай ташталып калган эски айыл-кыштактарды сүрөттөр аркылуу издеген. Алыскы Баткен районунун "Булак-Башы" кыштагынан эски, эч ким жашабай, кароосуз калган бай-манаптар маалынан бери бузулбай, заман өзгөрүлсө да баалуулугун жоготпой сакталып калган айылды тапкан. Ошентип, "Отко таазим" жаралган. Тасмадан кийин жакшы мааниде алганда, Уркуянын образы Таттыбүбү менен берилип, элдин эсинде ого бетер бекемделди.

Уркуянын ак боз аты. Уркуянын раис кезинде минип жүргөн ак боз аты "Толман" деп аталган экен. Бул туурасында акын Эралиева өзүнүн китебинде баяндаган.

Уркуя мууздалган бычактын тарыхы. Эралиеванын китебинде кызыктуу факты учурайт. Ошол кезде Фрунзеде жашаган Тайгин деген улуту татар юристтин Байтемировдун чыгарма жазууда тарыхты тактоого опол тоодой жардамы тийген экен.

Тайгин басмачылар Уркуяны сойгон канжардын тарыхын айтып берген.

"Бир жолу Наскем (Насирдин Байтемиров – ред.) экөөбүздү чакырып, Москва-Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан үйүнүн короосундагы бир жерди көрсөтүп, "Уркуя союлган канжарды ушул жерге көөмп койгонмун. Казып көрбөйлүбү?" — деди. Жер укмуш катуу экен. Ал күнү суу сээп коюп, кетип калдык. Эки күндөн кийин жумшап калган жерди казып, жер алдынан жанагы канжарды таптык. Канча мезгил алмашса да, эч нерсе болбогондой, мизинде адам каны катып, так бойдон турган экен. Биз коркуп кеттик. Тайгин "Коркпогула! Ушул канжарды силерге беремин, катып алгыла, керек болот", — деди. Наскем үйгө алып келип, жерге жашырып койду. Ал канжар дале жатса керек. Андан бери да бир топ мезгил өттү", — деп айтып берген Мария Бейшеналиева.

Африкалык аялдар ыйлаганда. 1982-жылы Кыргызстанга СССР аялдар комитети тарабынан Эфиопиянын аялдарынын чоң делегациясы келген. Меймандарга кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" аттуу көркөм фильми көрсөтүлөт. Эмоционалдуу, темпераменттүү африкалык аялдар картинанын каарманына чын көңүлдөн жана терең сүйүп, кунт коюп, экрандагы окуяларды ыйлап көрүп отурушту. Алар көргөн нерсеге абдан таң калышты. Балким экрандагы окуя аларга жакын жана тааныштыр. Фильм которууга муктаж эмес эле. Кино бүткөндөн кийин меймандар Уркуя Салиева жөнүндө кеңири айтып берүүнү суранышты. Бул тууралуу калемгер Күлбүбү Бектурганова эскерген.

Уркуянын урпактары – Сергей менен Рустам. Учурда Уркуя менен Колдоштун урпактары Сергей менен Рустам Ноокатта жашайт. Ата-энеси мууздалгандан кийин аман калган уулу Кеңеш кароосуз калып, кийин Ноокатта, андан соң Ташкентте балдар үйүндө тарбияланат. Тагдыр аны Өзбекстанда Владивостоктон келген аскер адамынын кызы Лида менен баш коштурат… Алар үч уул, бир кыздуу болгон.

Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы 2015-жылдын 15-октябрында Төөлөс айыл аймагында мамлекеттик деңгээлде белгиленген.

Фактыларды даярдоодо журналист Мамат Сабыровдун, акын Үмүтай Эралиеванын эмгектери колдонулду.

17767
Белгилер:
басмачы, тарых, факты, Мамат Сабыров, Үмүтай Эралиева, Уркуя Салиева
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (358)
Тема боюнча
Эл артисти Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу беш факты
"Кедейкан" эпосу жөнүндө алты факты. Кодуланып, кайра багы ачылган дастан
Улуттук кийим кийген кыз. Архивдик сүрөт

Мультфильм каарманына айланган ар улуттун кыздары. Суктанткан сүрөттөр

470
(жаңыланган 09:04 10.07.2020)
Сүрөтчү эмгектеринде мультфильм каармандары сыяктуу кылып ар улуттун кыздарын тарткан. Буга кошумча кыздарды улуттук кийимдери, буюмдары жана кооздуктары менен шөкөттөп койгон.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиянын Тула шаарынын тургуну, сүрөтчү Лера Кирякова түрдүү улуттарды кыздарынын образы менен көрсөткөн. Көз жоосун алган сүрөттөрүн ал Instagram баракчасына жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lera Kiryakova 🌟 Illustrator (@lera_kiryakova)

Сүрөтчү эмгектеринде мультфильм каармандары сыяктуу кылып ар улуттун кыздарын тарткан. Буга кошумча кыздарды улуттук кийимдери, буюмдары жана кооздуктары менен шөкөттөп койгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lera Kiryakova 🌟 Illustrator (@lera_kiryakova)

Анын эмгектеринин арасынан Россия, Индия, Япония, Монголия, Украина сыяктуу онго чукул улуттун кыздарынын сүрөтүн көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lera Kiryakova 🌟 Illustrator (@lera_kiryakova)

Көз жоосун алган сүрөттөрдүн арасында кыргыз же казак кызына окшогон образды да байкоого болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lera Kiryakova 🌟 Illustrator (@lera_kiryakova)

Сүрөттө чачы беш көкүл болуп өрүлүп, башына тебетей кийген кыз да бар. Ал колуна көөкөр кармап, артына улак учкаштырып алган. Сүрөткө айрымдары "бул кыргыз кызы го" деген комментарий калтырса, кээ бири "казакпы же кыргызбы?" деп суроо салган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lera Kiryakova 🌟 Illustrator (@lera_kiryakova)

Сүрөтчүнүн баракчасынан башка да мультфильмдин каармандарын табууга болот.

470
Белгилер:
образ, мультфильм, кыз, эмгек, улут, сүрөтчү
Тема боюнча
Кыргызды дүйнөгө тааныткан курбулар. Асыл адамдардын таберик сүрөтү
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт

411
(жаңыланган 15:57 09.07.2020)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков ар бир кыргыз эне тилинде сүйлөшү керектигин айтты.
Талантбеков: "Манас" эпосунда чачтарач, сулуулук салонду "сүзгөр" дейт

Манаста "сүзгөр" деген сөз бар. Ал чачтарач, сулуулук салону дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.

Анын айтымында, учурда мекеме, ишканалардын аты мамлекеттик тилде, анан расмий тилде, андан кийин чет тилдерде жазылат. Бирок кээ бир учурларда мамлекеттик тилде жазылганы толук кандуу кыргыз тилинде болбой жатат.

"Манас" эпосунда сулуулук тууралуу дагы кеңири баяндалган. Алсак, "сүзгөргө чачын таратып, сүзгөргө өзүн каратып" деген саптар кездешет. Бул саптардан сүзгөр дегенде чачтарач, же чач алуучу адам, ошол эле учурда сулуулук салону тууралуу кеп болуп жатканын аңдап биле алабыз. Ушундай сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонушубуз керек. Муну менен кыргыз тилине зор салым кошо алабыз", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал "Манас" эпосунда бир гана согуштук, баатырдык окуялар эмес, кыргыздын күнүмдүк жашоо-турмушу тууралуу кенен маалымат камтылгандыгын кошумчалады.

411
Белгилер:
сулуулук, Манас эпосу
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат
Кыргызстандык мугалим Бүбүйна Чолпонкулова окуучулары менен

Германиядагы мугалим Бүбүйна: Кыргызстандын алыскы мектебинде иштегим келип кетет

0
(жаңыланган 18:51 12.07.2020)
Кыргызстандык Бүбүйна Чолпонкулова учурда Германиянын Дортмунд шаарындагы Georgschule атайын ылайыкташтырылган мектебинде мугалим болуп иштеп, ал жакта 15 жылдан бери жашап келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет жактагы мекендешибиз менен мектептеги билим берүү жөнүндө маек курду.

— Кыргызстандык мугалимди германиялык кесиптештери кандай кабыл алды?

— Германияда он жылдан бери мугалим болуп эмгектенем, иштеген жеримде мен жалгыз чет элдикмин. Ага чейин Кыргызстанда немис тили боюнча жогорку билим алып, беш жылдай Бишкек архитектура жана курулуш колледжинде эмгектенгем. Өзүбүздүн билим берүү системасына ичим чыкчу эмес. Ошол маалда Вальдорф педагогикасы жөнүндө угуп калып, Бонн шаарындагы атайын мектепке бир жылдык программага барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бул жакка келгенде кесибиме байланыштуу боштуктар толду. Үч ай жергиликтүү мектепте мамлекеттик практикадан өтүп, 3-класстагы окуучуларды сахнага кыргызча ырдатып чыккам. Ошол иш-чарага менин бир окуучу кызымдын мектеп директору болуп иштеген жакыны келип, мени байкап калып жумушка чакырган. Германияда мыйзам боюнча жумушка биринчиден өзүнүн жарандарын алат. Эгер татыктуу талапкер табылбаса, башка Европа өлкөлөрүнөн алат. Такыр болбой калганда гана үчүнчү мамлекеттен келгендерди ишке тартат. Ага карабай мени жумушка кубануу менен чакырып, элчиликке кайрылып виза алуума жардам беришкен.

Азыр иштеген жерим атайын ылайыкташтырылган мектеп болуп саналат. Германияда андай билим берүү мекемелеринде тентек, бейбаш балдар же үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор, Даун синдрому, аутизмдин абдан оор формасы менен жабыркагандар окушат. Жалпылап айтканда, бул жакта балдарды окутуу методикасы билим берүү системасына ылайыкталбастан, эркин ойлонуп, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган. Чет жакта агартуучулукту аркалап жүрүп дем алыш күндөрү Вихтен шаарындагы педагогикалык институттун "Класс жетекчи" бөлүмүнө тапшыргам. Кийин дагы үч жыл атайын педагогиканы окуп, жалпы жети жылдай билим алдым. Себеби ден соолугунан жабыркаган түрдүү балдар менен иштешүүгө туура келет. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Окуучуларга канча предметтен сабак бересиз?

— Немис тили, математика, зоология, биология, география, физика, химиядан сабак берем. Андан сырткары, класс жетекчи болуп орус тили, кол эмгекти окутам. Булардын ичинен мен кол эмгекти жакшы көрөм. Кыргызстанда бул сабакты толук ачып берүүгө мүмкүнчүлүктөр көп экенине карабай, анын баркы жок. Мен Германияда 1-класстагы балдарды алгачкы сабагын өтүү үчүн аларды зоопаркка алып барып, үй жаныбарлары бөлүмүн кыдырабыз. Ошол жактан койлорду көрүп, аларды кармап өздөрүнүн эмоциясын айтышат. Анан ал жактан кыркылган койдун жүнүн кир боюнча эле сатып алып мектепке алып келебиз. Аны чогуу мектептин короосуна алып чыгып айна, ысык суу менен жууп, кайра чайкайбыз. Андан соң кийинки сабакта кичинекей балдар тыпыйып отуруп алып аны тытышат. Дагы бир күнү парктан куурап калган жыгачтарды чогултуп, анын кабыгын сыйрып ийик даярдап, жип ийрип, кичинекей килем токуп, оюнчук, кыздар мончокторду жасайт. Мунун баары баланын моторикасын өнүктүрүүгө жардам берип, акыл-эсинин калыптануусуна чоң түрткү болот. Ошонун баарын көрүп кыргызстандык мугалимдер муну эмне жасабайт деген ой пайда болот. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Германияда мугалимдерге кандай шарт түзүлгөн?

— Илимпоздор менен мугалимдердин талкууларына көп катышабыз. Кээде театрдан чакырылган актерлор менен иштешебиз. Чыгармачыл инсандар досканын жанында туруп бөлмөнүн аягында отурган балага кыйкырбай, бирок ага жеткиликтүү кылып сүйлөөнү үйрөтөт. Жомок, тамсил, тарыхый окуяларды айтуунун сырларын ачып берет. Түрдүү жыйын, илимий иш-чараларга катышуу үчүн жол кире, тамак-аш, жатакананын акчасын мектеп төлөп берет. Кыскасы, кесиптик жактан бир жерде тура бербей дайым кыймылдабыз.

Эмгеги медицина, авиация, машина курууда колдонулат. Окумуштуу Рыспаевдин маеги

— Дарыгерлер Гипократтын анттын берип, өз милдеттерин аткарат. Мугалимдер андай ант бербесе да, аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Ушул пикирге кошуласызбы?

— Ооба. Жолдошум тамаша-чынды аралаштырып Германияда мугалим болуу мектепте эле жашоо турбайбы деп калат. Мисалы, мен эртең өзүмдүн классыма сабак өтө турган болсом, бүгүн түштөн кийин же кечинде барып доскага өтө турчу темага жараша сүрөт тартып кетем. Эртеси класска кирген окуучулар ал сүрөттү көрүп фантазиясы иштеп, сабакка болгон кызыгуусу артат. Бул ыкма балдар менен биргеликте теманы толук ачууга жардам берет. Негизи жумушубуз абдан жоопкерчиликтүү, окуучулардын калыптануусу, ой жүгүртүүсү биздин колубузда. Ар бир кыймылым, айткан сөзүм балдардын коомго аралашуусуна сөзсүз таасир берип, келечеги курулат. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Окуучуларга баа койбойт экенсиздер, жетишкендиктерин кантип баалайсыздар?

— Ооба, мындай мамиле автоматтык түрдө мугалимдин бийлигин алып таштайт. Айрым учурда мугалим окуучунун ата-энеси менен тил табыша албай калганда, ал баа коюуну рычаг катары колдонушу мүмкүн. Мындан сырткары, окуучуларда коркуу сезими жаралып, ички жан дүйнөсүндө өксүктөр жаралат. Биздин мектепте баанын айынан окуучулар бири-биринен корунбайт, өзүн ээн-эркин алып жүрөт. Мен мугалим катары кайсы окуучум немис тилин жакшы билет, кайсы баланын ой жүгүртүүсү жакшы экенин билем. Ошол боюнча балдардын жооп берүүсүнө мүмкүнчүлүк берем. Менин сөзүмдү кабыл албаган айрым окуучулар өзү курактуулардын айтып бергендерин бат илип алышат. Класс жетекчи катары окуусунан артта калган балдарды билбейсиң деп урушпайм. Алар мектепке баа үчүн эмес, билим алуу үчүн келет. Тескерисинче, 1-2-класстагы окуучуларым мага бүгүн эмнени өтөбүз, эмнени үйрөнөбүз деп келишет.

Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги

Мектебибизде окуучуларды баалоо мугалимдер үчүн өтө оор, жөн эле баа коюп кое албайсың. Мен кичинекейлердин ар биринин жүрүм-турумуна, жетишкендигине анализ жүргүзүп, окуу жылынын соңунда ар бирине мүнөздөмө берем. Жадагалса, кайсы теманы өздөштүрүп, эмнени жакшы түшүнө албагандыгына чейин жазам. Соңунда кийинки жылы эмнеге басым жасоо керектиги жөнүндө сунуш берип, окуучуга ыр түрүндө мүнөздөмө беребиз. Эгер бала өзүмчүл болсо, ага түлкү жөнүндө ыр жаттатам. Дегеним муну менен биз анын кемчилигин ачык айтпай, кыйыр түрдө аң-сезимине таасир берип кулк-мүнөзүнүн оңолушуна түрткү беребиз. Бул ыкма кадимкидей жардам берет, кээде айрымдар бул ырды эмнеге жаттап жатканын кадимкидей сезишет. 

— Байкасам сиздер балдар менен психологдордой эле иштешет экенсиздер?

— Атайын педагогиканы окуганда медицина, физиологияны дагы өздөштүрөбүз. Баланын мээсинде айрым жөндөмдөр канча жашта өнүгө тургандыгы жөнүндө маалымат болушу керек. Эгерде 1-класстагы окуучу партаны көмкөрүп туруп сабактан чыгып кетсе, ага эмне түрткү болгондугун мен билишим абзел. Мүмкүн ал баланын физиологиялык жактан өзгөчөлүктөрү бардыр же үйүндө маселе жаралып жаткандыр. Мунун баарын билүү менин мойнумда. Албетте, мен врач эмесмин, бирок анын ата-энесине кайсы дарыгерге же адиске баруу керек экендигин айтып, жакындары менен чогуу иштешем.

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / Бубуйна Чолпонкулова
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Мугалим катары окуучуларыңызга эмнелерди билдирбегенге аракет кыласыз?

— Балдар жасалмалуулукту, калп айтканды дароо сезет. Мен күндө жумушта саат 07:30да болуп калам. Балдар келгенге чейин жарым саат ойду жумушка багыттап, жеке көйгөйлөрүмдөн арылып даярданып турам. Эгер маанайым жок болсо, балдарга түшүндүрүп айтып, менде ушундай көйгөй болуп жатат, силер бул тууралуу кандай ойлойсуңар деп баарлашам. Бул жакта балдар боюнда бар аялды көп кезиктире беришпейт. Мен иштеген тогуз жылда кош бойлуу болгон экинчи эле мугалим болдум. Эгер мага баскан, кыймылдаган оор болуп жатса, окуучуларыма айтам. Чарчаган жоксуңбу, массаж жасап берейинби деп да келип калышат.

— Окуучуларыңыз өзгөчө балдар экен, алар менен кантип жакындашасыз?

— Классымда талма менен ооруган окуучу болсо, анын ата-энеси врач менен сүйлөшүп, тиешелүү кагаздарын, дарысын мага алып келип берет. Эгер анысы жок болсо, мен ал балага бир дагы дары бере албайм. Психикалык жактан кыйналган балдарды да алып келишет. Бир жолу 3-класска бир кыз келди. Аны баккан энеси баңгизат колдонуп, энелик укуктан ажыратылган болчу. Айланасындагы адамдардан күмөн санап, коркуп, такыр жалтактап бүтүп калган экен. Кыз менен психологдор иштешти, мен ага жакшы мамиле жасап кыздар-балдар менен аралаштырууга аракет жасадым. Андай балдар мээримге, сүйүүгө өтө муктаж келет. Кээде ал мени кучактагысы келчү, мен ага уруксат берип, ыйын, сөзүн да көңүл буруп укчумун. Бир жылдын ичинде ал секелек ушунчалык жакшы окуган, күлүп-жайнаган, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга ишеничи арткан кыз болуп чыкты. Чынында зээндүү, дээринде бар кыз болчу, мен аны майда-барат нерселерге жумшап, коомдо орду бар экенин сездирчүмүн. Эч бир дары-дармек, түрдүү терапияларды албай ушундай жыйынтыкка келгенбиз. 

Учительница в школе в Дортмунде, кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова с учениками
© Фото / предоставлено Бубуйной Чолпонкуловой
Учительница в школе в Дортмунде кыргызстанка Бубуйна Чолпонкулова

— Чет жакта ата-энелер мектептеги окуу процесске канчалык деңгээлде активтүү катышат?

— Окуучулардын билим алуусуна ата-эненин катышуусу чоң роль ойнойт. Анткени мектеп муктаждыгынын 72 пайызын мамлекет каржыласа, калганы ата-энелердин мойнунда. Биз дагы алар педагогиканын максатын түшүнсө деп аракет кылабыз. Анткени жаңы технологиялар өнүгүп, баарлашуу жаңы деңгээлге өткөндүктөн, ата-энелердин да ички кооптонуусу бар. Балдардын жакындары кайсы сабак өтүлүп жатканы, эмне себептен ошол темалар зарыл болуп жатканын билип туруш керек. Ошондуктан бир айда бир жолу чогулуш болуп турат. Ата-энелер мектепте уюштурган иш-чаларга да активдүү катышат. Кээде окуучулар менен тоого чыгып калсак, бир-эки күн ата-энелер коштоп барат.

Америкалыктарга сабак берген Улан: глобалдык IT-компанияга айлансак дейбиз

— Чет жакта очор-бачар болуп, тажрыйба топтогон экенсиз. Кыргызстанга келип алган билимиңизди, тажрыйбаңызды колдонуу планыңызда барбы?

— Ал нерсе чет жакта жүргөн ар бир атуулдун жүрөгүндө болсо керек. Мен Германиядагы окуучуларымдын ийгилигин, өзүмдүн эмгегимдин жыйынтыгын көргөндө Кыргызстанга барып, алыскы бир айылда мугалим болуп иштегим келип кетет. Ошол эле маалда менин демилгем, тилегим канчалык деңгээлде жыйынтык берет деп ойлонуп калам. Себеби жашоодо калыптанган система өз таасирин бербей койбойт. Бирок ага карабай ичимде Вальдорф педагогикасы менен улуттук педагогиканы айкалыштырган мектепти мекенимде ачууну ичимде багып жүрөм. Себеби коомдун келечеги азыркы биз тарбиялап жаткан балдарга байланыштуу. Ал эми мектеп – коомду тарбиялоочу эң чоң платформа. Кыргызстанда буга анча көңүл бурулбай жатканы мени өкүндүрөт. Өзүмдүн да эки балам кыргыз чөйрөдө каада-салтты көрүп тарбияланса дейм.

0
Белгилер:
маек, билим берүү, Кыргызстан
Тема боюнча
Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек
Чек ара жабылып, үй-бүлөм башка өлкөдө калды. Сингапурдагы кыргызстандыктын маеги