"Азия Mix" жеке концертин берет

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники команды КВН "Азия MIX" в Бишкеке
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган концерт Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Россия КВНинин жогорку лигасынын чемпиону, Голосящий КиВиН 2016 фестивалында "Алтын чоң КиВиН" утуп алган "Азия MIX" командасы жеке концерт берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулардын бири Данил Гандалиппи билдирди.

Анын айтымында маданий иш-чара 16-17-апрель күндөрү болот.

"Концертте команданын толук курамы катышат. Башка коноктор чакырылган эмес. Концертти жогорку деңгээлде өткөрүү пландалууда", — деди Гандалаппи.

Аталган концерт Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0